Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:51

Илипов: Байыркы кыргыздарды тартканды жактырам


Замир Илиповдун "Ырыскы" аттуу эмгегинен.
Замир Илиповдун "Ырыскы" аттуу эмгегинен.

Сүрөтчү, керамист, дизайнер Замир Илипов «Манас» эпосу «Сүрөттүү Манас» деген аталышта комикс вариантында чыккан китептин сүрөттөрүн, «Беш берен», “Манастын келиши”, «Сейтек» аттуу композицияларын жараткан.

Ал балдар адабияты жана жомоктор үчүн байма-бай сүрөттөрдү тартып келет. 2020-жылдын 24-декабрында «Элдик казына тарбиянын башаты» аттуу китеп чыкты. Кыргыздын элдик мурастарын даңктаган китептеги сүрөттөр Замир Илиповго таандык.

- Сүрөт искусствосуна кантип тандап калдыңыз? Сизге кандай жанрдагы сүрөттөрдү тартуу жагат?

Сүрөттөрүм аркылуу адамдар жан дүйнөсүн азыктандырып, жакшы ойлор менен жашашын каалайм.

- Сүрөттү кичине чагымда тарта баштагам. Ырыскелдиев Карыпбек деген агайым ийрим ачып, ошол жерге баргам алгач. 8-класска көчкөнүмдө Бишкек шаарындагы атайын көркөм сүрөт мектебине келип окудум. Андан соң көркөм сүрөт академиясына келип, беш жыл билим алдым. Атайын билим алган соң көркөм керамика факультетин бүтүргөм. Бизде окутуу элдик кол өнөрчүлүк керамика багытында болгондуктан стилизацияга алынган, өз элибиздин тарыхый мурастарын, көркөм өнөрүн, колдонмо өнөрүн көп изилдеп окугандыктан мага тарыхый темалар жагат.

Кийин графика жагына ооп кеттим. Көркөм сүрөт аспирантурасынын графика бөлүмүн аяктадым. Дипломумду Кыргызстандын тарыхый архитектуралык чыгармалары боюнча жактадым. Мен сүрөттөрүмдү жөн эле тартып коюу үчүн эмес, илимий чыгармага окшоштургум келет. Сүрөттөрүм аркылуу адамдар жан дүйнөсүн азыктандырып, жакшы ойлор менен жашашын каалайм.

- Сүрөтчүлөр менен маектешип калганымда тынчтыкты сүйүшөрүн, жалгыздыкта жакшы чыгарма жаратышарын айтышат. Сизге кайсы учурда жакшы идея, ой келет? Деги эле бир картинаны кантип жаратасыз?

- Сүрөттү карап туруп көп нерсеге шыктанып, жаман ойлордон арылса болот. Сүрөт - жан дүйнөнүн ачкычы. Анын көзгө көрүнбөгөн энергетикасы болот. Мен ошондой жакшы энергия, өткөндү эстетип турган чыгармаларды жаратканды жактырам. Кандай чыгарма жаратканыма тарых, эл баа берет.

Мен байыркы кыргыздардын доорун, тарыхын азыркы доорго кичине болсо да жетелегенге аракет кылам. Фантазия менен болсо да ошол доорду көргөзүп бергим келет. Барсбек, Манаска кайрылганымдын себеби ошол. Жакшы эмгек жаратуу үчүн түпөйүл кылган ойлор болбошу керек. Чечиле элек көйгөйүң турганда жакшы сүрөт тарта албайсың.

- Өзүңүздөн башка сүрөтчүлөрдүн сүрөт көргөзмөлөрүнө барасызбы?

- Өзүм жаш сүрөтчүлөр бирлигин жетектейм. Көргөзмөлөргө барып, уюштуруп турабыз. Сүрөтчү үчүн сүрөт көргөзмөлөрү отчёттой. Иштеп чыккан чыгармасына кесиптештеринин, башка сүрөтчүлөрдүн оюн, пикирин угуу өтө маанилүү. Көргөзмө сүрөтчүлөр үчүн бири-биринин иштери менен жакындан таанышып, баарлашууга жол ачкан жакшы иш.

"Таң нуру".
"Таң нуру".

- Сүрөттөн башка эмне менен алектенесиз? Китеп окуйсузбу?

- Азыр көбүнчө китептерге сүрөт тартуу буюртмалары чыгып жатканына байланыштуу буюртма түшкөн китепти кайра-кайра окуп чыккан соң гана сүрөт тарта баштайм. Анткени, окурман китепти ачканда менин тарткан сүрөтүм аркылуу китепке сүңгүп кирип окугандай болушу керек. Азыр «Манаска» байланыштуу буюртмалар көп түшүүдө. Ошондуктан «Манастагы» эпизоддорду кайра-кайра окуп чыгууга туура келет. Жүрөгүм менен, көкүрөгүм менен сезем. Чыңгыз Айтматовдун, Төлөгөн Касымбековдун, Түгөлбай Сыдыкбековдун китептерин жактырам. «Кыргыздар», «Көк асаба», «Сынган кылыч» чыгармаларын окуганда кадимкидей шыктанамын. Тарыхый китептерди окуганымда, ошол китептердеги окуяларды элестетип кагаз бетине түшүрөм.

- Жаңы эмгек жаратып жатканда сизди кандай ойлор бушайманга салат? Сыйлык алуу, көрүүчүлөрдүн купулуна толуу же кантип сатам деген ойлор келеби?

- Чыгарма жаратып жатканда ар кандай ой келет. «Кантип сатылат, эл кандай кабыл алат, жакшы сөз же жаман сөз угамбы» дейм. Сүрөтчү үчүн чыгарма жаратуу өтө оор, абдан кыжалат болуп, жапа чегесиң. Эмгекти жаратып, элге чыгарган соң сен ал чыгарма үчүн жооп бересиң. Ошондуктан өтө кылдат мамиле жасоо керек. Сыйлык алуу оюмда деле жок. Тартканды жакшы көрөм, тартып эле отура бергим келет. Сүйгөн кесибим да. Чыгарма жаратып жатканда сатууну пландабайм. Бүткөн чыгармага алуучу өзү эле табылат. Анын үстүнө учурда жалаң буюртма менен иштегендиктен сатуу жагын пландабайм.

- Мистикалык сезимдерге дуушар болосузбу?

- «Менден тааныштарым сүрөттөрүмдү көргөндө «аян» аласыңбы?», - деп көп сурашат. Манасчы досторум «сен аян аласың, бирок айтпайсың» дешет. Ар бир тарткан эмгегим алгач мээмде жаралат, андан соң элестетип кагаз бетине түшүрө баштайм. Көбүнчө мээңде жаралган эмгек, ойлогон ой кагазга түшүргөндө такыр башкача чыгып калат. Мен «аян» албайм, эргүү келгенде тартамын. Мисалы, башка жакта жүргөндө, колуңда кагаз калем жок болгондо эргүү келип калса, үйгө шашып барып сүрөт тарткың келип, үйгө жеткиче ошол мээңдеги ой менен гана алаксып, башка нерселерди ойлонбой деле каласың.

- Сиз кайсы учурда өзүңүздү бактылуу сезесиз? Картинанын акыркы жыйынтыгындабы же тартып жаткан учурдабы?

- Бул тууралуу эч ойлонбопмун. Байкап көрүшүм керек экен…

- Бир эмгекке канча убакыт сарпталат?

- Сүрөттөрүмө ар түрдүү убакыт кетет. «Беш берен» деген чыгармамды 1,5 жылдан ашык убакытта тартып бүткөм. Кээде бир күндө тартып койгон чыгармалар да болот.

- Сүрөтчүдө кандай сапаттар болушу керек?

- Сүрөтчүлүк кесипти тандаган адам абдан күжүрмөн жана чыдамкай болушу керек. Анткени, сүрөтчүнүн чыгармасы көп жылга чейин эч кимге кереги жок болуп калышы мүмкүн. Ал тургай сен дагы эч кимге керегиң жок болуп калган учурлар болот. Саат сайын сүрөт тартып, өсүп туруу керек. Ар бир кесиптин ийгилик жаратчу курагы болот. Мисалы, фигуристтер 18 жашында ийгиликке жетсе, боксёрлордуку 35 жашка чейин барат.

Сүрөтчүлүк жемишин өтө кеч берчү кесип. Сүрөт окуу жайынан тамга таанып чыгасың, андан соң көп эмгектенсең, жеңишке жетип, иштеп кете аласың. Он жылдан ашык сүрөт тартып бир дагы сүрөтүн сата албаган сүрөтчүлөр бар. Мен деле кийин эле чыктым, эми гана эл баалай баштады. Кээ бирлер чийип койсо эле сүрөт чыгып калат деп ойлошот. Анын үстүнө кыргыздарда сүрөтчүлүк анча бааланбайт. Мен ушул күнгө жетүү үчүн канча жыл окуп, канча жыл эмгектенип, канча жыл ушул учурду күткөм. Кээде канча чийсең да, канча аракет кылсаң да сүрөтүң окшошпой калышы толук мүмкүн. Ал учурда «сен сүрөт тарта албайт турбайсыңбы» деген сөздөрдү да угууга туура келет.

- Жакын арада кандайдыр бир арт жаңылыгыңыз барбы?

- Жакында жаш сүрөтчүлөр бирикмеси менен кыргыз патенттин уюштурган сүрөт каталогун чыгаруу алдында турабыз. «Карападан» деген керамика сүрөтчүлөр тобун түздүк. Жаңы багыттагы керамисттерди чогултуп, иш-чара өткөрүү планыбыз бар. Бир топ сүрөттөрүм элге чыга электе эле сатылып кеткен, ошол сүрөттөрүмдү кайра башынан тартып, рамкага салып коюу оюмда бар.

- Сиз үчүн бакыт деген эмне?

- Бакытты адам сезе билиши керек. Анткени бир минутада, бир көз ирмемде бир канча бакыт болот. Ал кайра кайталанбай калышы да мүмкүн. Биз адамдар, ал учурду сезе билишибиз гана керек.

- Сиздин артыңыздан келе жаткан, сүрөтчүлүккө кызыккан жаштарга кандай кеңеш бересиз?

Сүрөт тартып коюп, башка жерде шалпактап жүргөн жарабайт. Сүрөтчүнүн жүргөн туруму, адеби, сүйлөгөн сөзү чыгармасынан көрүнүп турушу зарыл.

- Сүрөткө кызыккан жаштар талыкпашы керек. Сүрөт тартат деген жөн эле бир нерсени тартуу эмес, сүрөтчү адам бардык жерде адамдарга сулуулук тартуулай алышы шарт. Сүрөт тартып коюп, башка жерде шалпактап жүргөн жарабайт. Сүрөтчүнүн жүргөн туруму, адеби, сүйлөгөн сөзү чыгармасынан көрүнүп турушу зарыл. Сүрөтчү канчалык эмгектенгени ар бир чийген кистиден билинет. Начар, кайдыгер чийилген эмгек дароо эле көрүнөт. Эки сүрөт тартып алып, кекирейип калгандар көп, бул жарабайт. Жөнөкөй болуп, тарткан сайын тартып эмгектене бергенде гана чоң эмгек жаралат.

- Сүрөттү кандай адамдар сатып алат?

- Сүрөттү жөн эле адамдар сатып ала бербейт. Сүрөттү түшүнгөн, жан дүйнөсүнө жакын адам алат. Алар балалыгын же жашоосундагы кандайдыр бир урунтуу учурун эске салып турган сүрөттү алышат. Сүрөттү сатып алгысы келгендер кайра-кайра музейге барып, сүрөтчүгө жолугуп, өзгөрткүсү келген жерин кайра башынан тарттырышып, анан алышат. Сүрөттү баалагандар арасында кышкы кийими жоктугуна, акыркы акчасы калганына карабай картина сатып алгандар бар. Азыр көбүнчө соодалашуу жолу менен сүрөт алышат. Мен кээде тамашалап «Силер канчалык сүрөттүн баасын түшүргөн сайын, тартылган сүрөттүн сапаты да ошончо түшө берет» деп айтам. Чынында ошондой эле. Жан дүйнөдөн чыккан нерсени соодалашуу туура эмес деген ойдомун.

- Кайсы эмгегиңизди ийгиликтүү болду деп айта аласыз?

«Манастын келиши» деген композициям бар. Бул чыгарманын артынан Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын алдым, китептерге басылып чыкты. Европаны кыдырып келди. Коомчулук тааный баштады.

- Ийгиликтүү чыгарма катары көп адамдар суктанган, баалаган чыгарманы айтмакмын. «Манастын келиши» деген композициям бар. Бул чыгарманын артынан Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын алдым, китептерге басылып чыкты. Европаны кыдырып келди. Коомчулук тааный баштады. Андан соң «Беш берен» деген чыгармамды жакшы көрөм. Ушул чыгармаларым жаралган соң башкалардан кайчы пикир уккан жокмун. Ушул чыгармаларым чабыттап, канат байлаганга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түздү.

Замир Илипов элдик казынабыздагы эпос, дастан, жомоктордогу каармандарды чагылдырган «Таң нуру», «Сейтек», «Ырыскы», «Кулчоро», «Замандаштар», «Азан» аттуу жаңы композицияларын жараткан.

XS
SM
MD
LG