Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Ирандын Йемендеги “жаңы” изи


Ирандын Йеменден табылган "Сайяд-2" ракетасы көргөзүлгөн учур. Вашингтон, 29-ноябрь, 2018-жыл.
Ирандын Йеменден табылган "Сайяд-2" ракетасы көргөзүлгөн учур. Вашингтон, 29-ноябрь, 2018-жыл.

АКШ Ирандын Йемендеги жарандык согушка аралашканынын "жаңы далилдерин" жарыялады.

Ирандык өндүрүштөгү ракеталар менен башка курал-жарактын Йеменден, Бахрейнден жана Ооганстандан табылган сыныктары менен үлгүлөрү Вашингтондогу атайын жыйында көргөзүлдү.

АКШ муну менен Иран БУУнун анын курал сатышына тыюу салган резолюциясын бузуп, ага катар өзүнүн ракеталык программасын улантууда деп эсептейт. "Йемендеги жоочуларга курал берет" деген айыптоолорду Тегеран буга чейин четке каккан.

АКШ Иран Йемендеги хусит согушкерлерине берди деп эсептеген курал-жарактын башка түрлөрү. Вашингтон, 29-ноябрь, 2018-жыл.
АКШ Иран Йемендеги хусит согушкерлерине берди деп эсептеген курал-жарактын башка түрлөрү. Вашингтон, 29-ноябрь, 2018-жыл.

Ирандын Жакынкы Чыгыштагы “зыяндуу ишмердигинин” далили катары ракеталардын сыныктарын, башка курал-жарактын үлгүлөрүн бул ирет Мамлекеттик департаменттин атайын өкүлү Брайан Хук кабарчыларга көргөздү.

Тегеран Йемендеги хусит, Бахрейндеги шиит согушкерлерине, Ооганстандагы “Талибан” кыймылына берген деген “жер-аба” тибиндеги “Сайяд-2” ракетасын АКШнын өнөктөшү - Саудия быйыл Йеменден тапкан.

Брайан Хук
Брайан Хук

- Бүгүн Кошмо Штаттар Иран ракеталарды жайылтып жатканынын жаңы далилдерин жарыялап жатат. Иран жараткан коркунуч өсүүдө, эгер биз чара көрө албасак, аймакта эскалация тобокелдиги күчөйт. Ирандын Йеменде хуситтерди колдогону тереңдеди, бүткүл дүйнөдө террористтик ишмердикке жардам бергени, аймактык стабилдүүлүккө шек келтиргени күчөдү. Силер менин артымдан көрүп жаткан Ирандын “Сайяд-2” ракетасы. Ал Иранда жасалган. Бетиндеги жазуу фарс тилинен “Аңчынын ракетасы” деп которулат. Иран эми "Улуттар Уюмунун резолюциясын бузган жокпуз" деп айта албайт, - деди Брайан Хук 29-ноябрда.

“Жарандык согуш жүрүп жаткан Йемендеги шиит тайпасы - хусит козголоңчуларын Тегеран курал менен жабдып жатканынын далилдерин" Кошмо Штаттар ушуну менен экинчи ирет көргөздү.

Йеменден Саудияга атылган ирандык баллистикалык ракеталардын сыныктарын АКШ былтыр декабрда да шардана кылган.

Бирок Тегеран анда АКШ “айныксыз” деген далилдерди четке кагып, Вашингтондун аракетин “жоопкерчиликсиз, чагымчыл, деструктивдүү кадам” деп мүнөздөгөн.

Анткен менен жыл башында Улуттар Уюмунун атайын комиссиясы "Иран БУУнун курал эмбаргосун бузуп, Йемендеги шиит топторун ракета жана дрондор менен камсыз кылган" деген АКШнын дооматтарын колдогон.

Ирандын "Кайам" баллистикалык ракетасынын сыныктары көргөзүлгөн учур. Вашингтон, 29-ноябрь, 2018-жыл.
Ирандын "Кайам" баллистикалык ракетасынын сыныктары көргөзүлгөн учур. Вашингтон, 29-ноябрь, 2018-жыл.

БУУнун резолюциясына ылайык, Иран Коопсуздук кеңеши макулдук бермейинче, четке курал сата да, чыгара да албайт.

Резолюция Йемендеги хуситтерди курал менен камсыздоого да тыюу салган.

Вашингтон бул өлкөдөгү козголоңчулардын кубаты Ирандын жардамынан улам артты деп эсептейт:

- Ирандын Йемендеги ролу массалык маалымат каражаттарында төмөндөтүлгөнү менен мындагы кыйроону күчөтүп, жаңжалды узартканында эч шек жок. Хуситтерди Иран каржылап, машыктырып, курал менен жабдыган. Мына ушул нерсе аларга күрөштү узакка улантышына мүмкүндүк берди, - деди АКШнын Иран боюнча өкүлү Брайан Хук.

Ал арада Йеменде согуш менен бирге ачарчылык да өкүм сүргөн кырдаалды “эң оор гуманитардык кризис” деп атаган Улуттар Уюму тынчтык сүйлөшүүлөр жыл аягына чейин башталып калабы деп үмүттөнүп келет.

Антонио Гутерреш
Антонио Гутерреш

- Мен күтүлгөн ишти абдан көтөрмөлөп айткым келбейт. Бирок маңыздуу тынчтык сүйлөшүүлөр быйыл башталып калышы үчүн колдон келген аракеттин баарын көрүп жатабыз, - деди баш катчы Антониу Гутерреш Аргентинадан "Чоң жыйырманын" саммити башталар алдында.

Йемендеги азыркы жарандык согуш 2014-жылдын соңунда тутанган. Жергиликтүү шиит жамааты жана "Иран колдойт" деген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы 2015-жылдан бери ээлеп турат.

Сунни араб мамлекеттеринин Сауд Арабиясы баштаган коалициясы Йемендин президенти Абд-Раббу Мансур Хадинин өкмөтүнүн бийлигин калыбына келтирүү үчүн хуситтерге каршы аскердик өнөктүктү 2015-жылдын март айында баштаган. Бирок алар көздөгөн максатына жете элек.

Буга чейин Йемендеги аба соккулары менен уруштардан 10 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылганы айтылып келген.

Бирок аскердик жаңжалдарга байкоо салган ACLED (Armed Conflict Location & Event Data Project) уюму 10-ноябрда Йеменде 2016-жылдан бери эле жайкын тургундар менен жоочуларды кошо эсептегенде 57 миң 538 кишинин өмүрү кыйылганын, ал эми согуштун 2015-жылдагы алгачкы тогуз айынын курмандыктарын кошкондо бул сан 70-80 миңге жетиши мүмкүн экенин жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG