Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:26

АКШ Кремлди Түндүк Корея үчүн айыптады


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кездешкен учур. Пхеньян, 31-май, 2018-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен кездешкен учур. Пхеньян, 31-май, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар Орусияны Улуттар Уюмунун Түндүк Корея боюнча көз карандысыз баяндамасына өзгөртүү киргизгени үчүн айыптады.

Вашингтондун көз карашында, Москва мындай кадамга Пхеньяндын Улуттар Уюмунун санкцияларын бузганын жашыруу үчүн барган. БУУнун Түндүк Корея боюнча санкцияларынын аткарылышын Коопсуздук кеңеши АКШнын өтүнүчү менен 17- сентябрга белгиленген отурумунда караганы жатат.

"Орусия Түндүк Корея боюнча көз карандысыз баяндаманы өзгөрттү" деген айыптоо Пхеньяндын өзөктүк куралдан арылуу убадасы буга чейин күтүлгөндөй ишке ашпай жаткан тушта айтылды.

Кошмо Штаттардын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейлинин ырастоосунда, Орусия БУУнун санкция боюнча көз карандысыз байкоочуларына Коопсуздук кеңешинин санкциялык комитетине жолдонгон баяндамасын өзгөртүүнү талап кылып, басым жасаган.

Никки Хейли
Никки Хейли

“Орусияга Улуттар Уюмунун көз карандысыз баяндамасын аларга жакпаганы үчүн эле редакциялап, оңдошуна жол берилбеши керек. Бул коркунучтуу өнөкөт. Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын толук аткарууга мүчө мамлекеттердин баары, анын ичинде Орусия да милдеттүү”, - деди Хейли 13-сентябрдагы билдирүүсүндө.

Улуттар Уюмунан АКШ элчисинен бөлөк дипломаттардын да Батыш маалымат агенттиктерине айтканына караганда, баяндамадан Түндүк Кореянын санкцияларды бузганы, Москванын Түндүк Корея менен мунай соодасы тууралуу жазылган жерлер алынган.

Орусиянын дарегине мындай дооматтар август айынын соңунда Москва БУУнун санкциялар боюнча байкоочуларынын баяндамасынын жарыяланышына тосмо койгондон кийин айтыла баштады.

Анда Орусия Түндүк Корея быйыл мунай импорту боюнча БУУнун 2017-жылкы резолюциясында уруксат берилген чектен ашты деген бүтүмгө макул болгон эмес. Ал баяндамада Пхеньян өзөктүк жана ракеталык программаларын токтотпогону, товар экспорттоодо БУУнун санкцияларын бузуп жатканы да жазылган.

Орус президенти Владимир Путин болсо эки күн мурда Түндүк Кореяны колдоп сүйлөгөн:

- Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу боюнча айрым бир кадамдарды жасады. Өзөктүк сыноо полигонун жардырып, талкалады. Балким, ал азыр жок дегенде кандайдыр бир жооп белгилерди күтүп жатат. Мага мисалы Түндүк Кореядан бардык нерсени аткарууну талап кылып, ошол эле учурда каршы тараптын эч нерсе кылбаганы натыйжа бербегендей көрүнүп жатат. Түндүк Корея мындан ага жакшы болот деген сөзгө гана ишениши керекпи?, - деген Путин Владивостокто, Кытайдын президенти Си Цзинпин катышкан экономикалык форумда.

Владимир Путин
Владимир Путин

Путин ага катар Түндүк Кореяга бир тараптуу эмес, көп тараптуу эл аралык кепилдиктер берилиши зарылдыгын кошумчалаган.

Орусия менен Кытай БУУнун Коопсуздук кеңешинде АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын июндагы “тарыхый саммитинен” соң Пхеньянга каршы санкциялардын жеңилдетилишин жактап чыгышкан.

Түндүк Корея лидери ал саммитте өлкөсүн өзөктүк куралдан арылтууга убада берген. Бирок АКШ тарап бул жараянда азырынча олуттуу жылыш жоктугун билдирип келет. Мындан улам өткөн айдын соңунда мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Пхеньянга сапары да токтотулган.

Ал эми ушул апта башында Түндүк Кореянын лидери АКШ президенти менен экинчи жолугушууну өтүнгөнү маалым болгон:

Сара Сандерс
Сара Сандерс

- Ооба президент Ким Чен Ындан кат алды. Абдан жылуу, позитивдүү маанайда жазылган экен. Каттын негизги максаты президент менен экинчи жолугушууну өтүнүү, убактысын карап көрүп, белгилөө экен, биз буга ачыкпыз. Азыр биз муну координациялоо жараянындабыз, - деген эле 10-сентябрда Ак үйдүн өкүлү Сара Сандерс.

Бул арада АКШ 13-сентябрда Кытай менен Орусияда жайгашкан эки технологиялык компанияга Пхеньяндын өзөктүк жана ракеталык программасын колдогону үчүн жаңы санкцияларды киргизди. “Түндүк Корея өзөктүк куралдан толук арылганы текшерилип, ырасталмайынча санциялардын иштөөсүн жана аткарылуусун камсыздоону уланта берет”, - деп белгиленген каржы министри Стивен Мнучиндин билдирүүсүндө. Кытай акыркы санкцияларга каршы чыкты.

Улуттар Уюмунун Түндүк Корея боюнча санкцияларынын аткарылышын Коопсуздук кеңеши АКШнын өтүнүчү менен 17- сентябрга белгиленген отурумунда караганы жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG