Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

АКШ өзөктүк келишимден чыгабы?


"Сайяд 3" ракеталык комплекси. Иран
"Сайяд 3" ракеталык комплекси. Иран

АКШда президент Дональд Трамп Ирандын өзөктүк келишими боюнча чечимин жакынкы күндөрү жарыялары күтүлүүдө. Америкалык медианын маалыматтарына караганда, Вашингтон администрациясы бул ирет келишимдин аткарылышын ырастоодон баш тартканы жатат.

Ак үйдө аскерий лидерлер менен 5-октябрда берген жыйында АКШ президенти Иран өзөктүк келишимдин маңызын сактабай жатат деген турумун дагы бир жолу кайталады:

- Иран режими терроризмди колдоп, бүткүл Жакынкы Чыгыш боюнча кыянатчылыкты, кан төгүүнү, башаламандыкты экспорттоп жатат. Мына ушул себептен биз Ирандын агрессиясынын улануусуна жана өзөктүк амбициясына чек коюшубуз керек. Алар өз макулдашуусунун маңызын сактаган жок.

Президент Трамп мындай билдирүүнү Иран өзөктүк келишимдин жол-жобосун аткарып жатканын расмий ырасташы үчүн Ак үйгө берилген кезектеги 90 күндүк мөөнөт аяктарына он күн калганда жасады.

Дональд Трамп
Дональд Трамп

Мунун алдында америкалык медиада Трамп бул жолу Иран келишим шарттарын аткарган жок деген чечимге келүүдө деген маалыматтар тараган. Чечим жакын арада жарыялана турганын 5-октябрда президент Трамп да, Ак үй да ырастады.

Эгер АКШ президенти Иран келишимди аткарып жатканын ырастабаса, республикачылар үстөмдүк кылган Конгресс Тегеранга каршы токтотулуп коюлган санкцияларды алтымыш күн ичинде кайра калыбына келтирүүгө жол ачылат.

Президент Трамп мурдагы президент Барак Обаманын тушунда түзүлгөн келишимди дайыма сындап келет. Өткөн айда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурунда да келишимди “эң начар жана бир тараптуу” деп мүнөздөгөн. Конгресстеги республикачылардын көпчүлүгү да келишимге каршы.

Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон өткөн айда Вашингтон келишимди кайра сүйлөшүп, анын мөөнөтү бүтүп калган жоболорун өзгөртүүнү көздөп жатканын ишара кылган.

Тиллерсондун айтымында, келишимде 2025-жылдан кийин Ирандын уран байытуу сыяктуу өзөктүк ишмердигине коюлган чектөөлөрдү алып салчу жобо бар. Бирок Тегеран келишимди кайра сүйлөшүү үчүн барбай турганын өткөн айда ачык айткан.

АКШ расмийлеринин МАГАТЭ Ирандын шектүү аскерий жайларына да инспекция жүргүзүүсү керек деген чакырыктарын расмий Тегеран четке каккан.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ Тегеран келишимдин шарттарын сактап жатат деген тыянакка келгени менен АКШнын азыркы бийликтери Иранды өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракеталарын кайра-кайра сыноо менен келишимдин “маңызын бузуп жатканы” үчүн айыптап келет.

Иран болсо ракета сыноону келишимди бузуу деп санабайт.

Хассан Роухани
Хассан Роухани

Тегеран да өзөктүк келишимден “саналуу саатта эле” баш тарта аларын айткан президент Хассан Роухани өткөн айда БУУнун Башкы ассамблеясына катышуу үчүн АКШ барганда мындай деген:

- Эгер Кошмо Штаттардын өкмөтү келишимден чыкса, ал сөзсүз Американын эли тарабынан айыпталат. Европа Биримдигинен, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн айыптоо буга тете болот. Бул маселеде АКШны колдоого анын өнөктөштөрүнүн да каармандыгы жетпей калат.

Иран менен анын талаштуу өзөктүк программасы боюнча 2015-жылы түзүлгөн келишимге АКШдан тышкары Орусия, Кытай, Британия, Франция, Германия катышкан. Анда Иран эл аралык санкциялардын жоюлушу ордуна өзөктүк ишмердигин кыскартууга макул болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG