Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Түрк лидери Иранга келди


Түрк президент Режеп Тайып Эрдоган менен Иран лидери Хасан Роухани, Тегеран шаары, 4-октябрь.
Түрк президент Режеп Тайып Эрдоган менен Иран лидери Хасан Роухани, Тегеран шаары, 4-октябрь.

Тегеранда жолуккан түрк-иран лидерлери ирактык күрттөрдүн көз карандысыздык боюнча референдумун бир ооздон айыпташты. 4-октябрдагы сүйлөшүүдөн кийин Иран президенти чөлкөмдүн картасын өзгөртүүгө жол берилбейт деди.

Сирия согушунун алгачкы жылдарында касташкан эки башка тарапты колдогон Түркия менен Иранды эми күрт маселеси жакындатты. 4-октябрда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Тегеранга келип, Иран лидери Хасан Роухани менен сүйлөштү. Анда Ирактын түндүгүндөгү күрттөрдүн көз карандысыздык референдумуна кандай жооп кайтаруу маселеси үстөмдүк кылды.

Сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйынында Ирандын президенти Хасан Роухани чөлкөмдөгү калыптанган чек араларды өзгөртүүгө уруксат берилбейт деп так кесе айтты:

- Эки өлкө тең кутумчулар тарабынан уюштурулган этникалык жана диний чыңалууну күчөтүү аракеттерин кабыл албайт. Эки тарап тең эч бир шартта региондогу ажырымды кабыл албайт. Эки өлкөнүн көз карашынан карасак, Ирак - эгемен мамлекет. Сирияда да суверендүү өлкө. Андыктан биз эч бир шартта географиялык чек аралардын өзгөрүшүнө макул эмеспиз.

Референдумдун жактоочулары, Духук шаары, 16-сентябрь, 2017-жыл.
Референдумдун жактоочулары, Духук шаары, 16-сентябрь, 2017-жыл.

Түркия менен Иранда ири күрт коомчулугу бар. Андыктан бул эки өлкө расмий Багдадды колдоп, ирактык күрттөрдүн талаштуу референдумуна каршы чыгышкан. Алардын позициясын АКШ баштаган бир катар батыш өлкөлөрү жана Бириккен Улуттар Уюму да жактаганы менен референдумга тоскоол боло алышкан жок.

Натыйжада 25-сентябрдагы референдумда Ирактын Күрт автоном аймагында добуш берген 3,3 миллион шайлоочунун кеминде 92 пайызы Күртстандын көз карандысыздыгын колдошкон. Масуд Барзани баштаган күрт лидерлери болсо Күртстан дароо эле эгемендигин жарыялабастыгын, бул референдумдун жыйынтыгы расмий Багдад менен диалогго жол ачарын белгилеп келет.

Деген менен Тегеранга келген түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган ирактык күрттөргө катуу чара көрүлөт деп эскертти:

- Биз сөзсүз түрдө бул референдумду мыйзамсыз деп эсептейбиз. Силер билгендей, Түркия, Иран жана Ирак өкмөтү болуп чара көрүп жатабыз. Бирок мындан ары чечкиндүү кадамдар жасалат.

Ирактагы Күрт автоном аймагынын президент Масуд Барзани.
Ирактагы Күрт автоном аймагынын президент Масуд Барзани.

Расмий Багдад да Күртстан жетекчилигинен референдумдун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, антпесе күрттөр аскердик кийлигишүүгө кириптер болорун эскерткен. Анын алдында күрт банктарына санкция салып, чет өлкөлүк валютанын аймакка киришине тыюу салган. Күрт автоном аймагынын аэропортторунан чыккан каттамдарга да чектөө киргизген эле.

4-октябрда орус президенти Владимир Путин Орусия кырдаалды курчутпоо үчүн күрттөрдүн референдум маселесине анчейин кийлигишпегенин айтты. Кремл Ирактын аймактык бүтүндүгүн коргогону менен көз карандысыздык референдумун ашкере сындаган эмес эле. Путин бул маселе Түркия менен Иран үчүн канчалык маанилүү экенин биле турганын, чыңалууну күчөтпөө үчүн Кремл бул боюнча этият билдирүүлөрдү жасап жатканын билдирди.

Тегеранга келген түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркия мындан ары Ирандан көбүрөөк газ алаарын, анын чоо-жайы кийинки аптадагы жыйындарда талкууланарын кошумчалады. Ал эки тараптуу соода 10 миллиард доллардан 30 миллиардга көбөйөрүн да белгиледи.

Түрк серепчилери да, ирандык талдоочулар да күрттөрдүн референдуму Тегеран менен Анкараны жакындатканын айтып жатышат. Бирок бул эки өлкө күрт лидерлерине кандай таасирин көргөзө алары азырынча так белгисиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG