Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Киев: жикчилдерге аскерий кербендер өтүүдө


Танктардын кербени Донецк шаарына карай кетип баратат. Шахтарск, 10-ноябрь 2014-жыл
Танктардын кербени Донецк шаарына карай кетип баратат. Шахтарск, 10-ноябрь 2014-жыл

АКШ жана Европа биримдиги Чыгыш Украинанын орусиячыл жикчилдер ээлеп алган аймактары аркылуу аскерлер жана оор техника өткөнү тууралуу кабарларга тынчсызданууда.

Анын алдында Киев Москва акыркы бир нече күндүн ичинде Украинанын чыгышына 32 танк жана башка жабдууларды жөнөткөнүн билдирген. Атайын белгилери жок аскерлердин кербени жөнүндө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары да маалымдашкан. Орусия болсо кошуна өлкөгө аскерлерин жибергенин танууда.

Ак үй козголоңчулардын кошумча чөлкөмдөрдү басып алуу аракети 5-сентябрда түзүлгөн ок атышпоо жөнүндөгү келишимди одоно бузаарын билдирди. Улуттук коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Бернадет Михэн Орусияны жикчилдерди курал-жарак менен камсыздоону токтотууга, аскерлерин жана техникасын Украинадан чыгарууга үндөдү.

Ушундай эле кайрылууну Евробиримдиктин тышкы иштер министри Федерика Могерини жасады.

Тараптарды Минск келишимине баш ийүүгө жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоо менен кризистен чыгуу жолдорун табууга чакырган Могерини, Москва бул жааттагы өз милдеттенмелерин аткарууга тийиш деп белгиледи.

- Биринчи кезекте аскерлердин, техниканын жана согушкерлердин Украинага өтүүсүн алдын алып, армиясын, курал-жаракты жана башка жабдууларды чыгаруу керек, - деди Могерини.

Москва болсо кошуна өлкөгө курал-жарак же армиясын жөнөтүп жатканын танууда.

8-ноябрда тышкы иштер министри Сергей Лавров орусиялык куралдуу күчтөрдүн же танктардын Чыгыш Украинада жүргөнү тууралуу эч кандай маалыматы жок экенин билдирди.

Ошол эле күнү Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары жикчилдердин колундагы Донецк шаарынын жанындагы кан жолдо эч кандай белгилери жок аскердик кербенди көрүшкөнүн кабарлашкан.

Расмий Киев алардын орусиялык аскерлер экенинен күмөн санабайт.

Андрей Лысенко.
Андрей Лысенко.

- Козголоңчулардын, курал-жарак жана аскердик жабдуулардын Орусиядан Украинага агымы тыйылган жок. Техниканын, аскерлердин саны көбөйгөнүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мониторинг миссиясы да маалымдады, - деп билдирди Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин басма сөз катчысы Андрей Лысенко.

Анын айтымында, соңку бир аптада Орусия колдогон жикчилер менен кармаш күчөдү.

Мунун алдында жекшембиге караган түнү Донецк шаарында жана айланасында тынбай аткылашуу болгону маалымдалган.

Лысенко Орусия “бейпилдик күчтөрүн” жиберүү үчүн атайлап кырдаалды курчутууда деп билдирди.

Расмий Киев Москва акыркы бир нече күндүн ичинде өлкөнүн чыгышына 32 танк жана башка оор техника жөнөткөн деп айыптоодо. Жума күнү Лысенко артиллериялык 16 система жана курал-жарак, амуниция жана аскерлерди, 3 көчмө радар станциясын ташыган 40тай чоң машине Украина чек арасынан өткөнүн бышыктаган.

- 8-ноябрда өздөрүн "Донецк элдик жумурияты" деп атаган аймактагы Макиевка деген жерде байкоочулар 40тан ашуун жүк ташуучу машинени көрүшкөн. Айрымдары оор курал-жарак, атап айтканда замбиректерди ташып баратышкан. ЕККУнун байкоочулары ошондой эле кербенде эч кандай белгилердин болбогонун, кочкул-жашыл униформа кийген адамдар жүргөнүн кабарлашты.

Донецктеги жикчилдердин кол башчысы Эдуард Басурин Орусиядан аскерлердин келиши тууралуу кабарды четке кагып, уруш тилкесиндеги бөлүктөрүн алмаштырышканын РИА Новости агенттигине билдирди.

Украинанын чыгышында бараткан номуру жок аскерий автоколонна. 10-ноябрь, 2014-жыл.
Украинанын чыгышында бараткан номуру жок аскерий автоколонна. 10-ноябрь, 2014-жыл.

2-ноябрда өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик жумурияттар" деп атаган жикчилдер шайлоо өткөрүп, лидерлерин тандашкан. Киев менен Батыш добуш берүүнү айыптаса, Орусия анын жыйынтыгын "урматтаарын" айткан.

Дүйшөмбүдө Астанада жүргөн Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Украинанын чыгышындагы абалдын начарлап баратканын айтып, тараптарды ок атышпоо келишимин урматтоого чакырды.

Айрым маалыматтарга караганда, апрель айынан бери Украинадагы жаңжалда төрт миңден көп киши набыт кетти.

XS
SM
MD
LG