Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:54

Украина: Зеленский Порошенкодон озду


Петр Порошенко менен Владимир Зеленский.
Петр Порошенко менен Владимир Зеленский.

Украинада президенттикке талапкерлердин рейтинги тууралуу жүргүзүлгөн жаңы сурамжылоо саясий тажрыйбасы жок актер Владимир Зеленский учурдагы өлкө башчы Петро Порошенкодон озуп чыкканын көрсөттү.

"Рейтинг" социологиялык тобу 12-16-апрелде Украинанын Орусия аннексиялап алган Крымдан башка бардык аймактарында президенттикке талапкерлердин дарамети боюнча үч миң кишинин пикирин сурады.

18-апрелде жарыялаган сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, ага катышкандардын 57,9 пайызы актёр Владимир Зеленскийди, 21,7 пайызы азыркы президент Петр Порошенкону колдой турганын билдиришкен.

Топтун буга чейинки сурамжылоосу 5-10-апрелде жүргүзүлүп, ага катышкандардын 61 пайызы Зеленскийди, 24 пайызы Порошенкону колдогон.

Кезектеги сурамжылоонун жыйынтыгы шайлоонун экинчи айлампасына үч күн, эки талапкердин 70 миң адам баткан «Олимпийский» стадионундагы дебатына бир күн калганда жарыяланды.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков саясий дебатта коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн маалымдады.

"Олимпийский" спорт комплексине 19-апрелде талапкерлерди угуп, колдогон 60 миңге чукул адам келет деп күтүп жатабыз. Абал олуттуу жана чыңалуу бар. Ошондуктан, коопсуздук көңүл бурууну талап кылат".

Министрдин билдирүүсү Украинанын коопсуздук кызматы 17-апрелде өлкө аймагында террордук чабуул уюштурмакчы болгон жети кишини кармаганын жарыялагандан кийин жасалды.

Ошентип, эки талапкер биринчи жолу дебатта бетме-бет кезиге турган болууда. Алар "Олимпийский" стадионун ижарага алуу тууралуу үч тараптуу келишимди үч күн мурда түзүшкөн.

Бул чечимге көптөгөн талаш-тартыштан кийин келишти. Дебаттарды адаттагыдай Коомдук телеканалда эмес, стадиондо өткөрүү демилгеси Зеленскийге таандык. Муну ал "таймашты көбүрөөк эл көрө алат" деп негиздеген. Сунушка алгач Порошенко макул болбой, кийинчерээк спорт комплексине барууга көнгөн. Бирок экөө эки башка күндү - Зеленский 19-апрелде, Порошенко 14-апрелде дебатка чыгууну сунуштаган. Натыйжада, 14-апрелде стадионго Петр Порошенко гана келип, каалашынча сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк алган:

«Силер менен биргеликте армияны түздүк. Чогуу Украинанын эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн коргодук. Орусиялык баскынчыга каршы туруп, аны токтоттук. Биз эл аралык коалициянын колдоосуна ээ болдук. Эл аралык өнөктөштөрдүн аракетисиз жакшы жыйынтыкка жетише алмак эмеспиз», - деп сүйлөгөн Порошенко өткөн жекшембиде өзү жалгыз катышкан дебатта.

Украинанын учурдагы президенти, 53 жаштагы Петр Порошенко экинчи мөөнөткө ат салышууда. Ал өзүн күчтүү кол башчы, Орусияга татыктуу каршылык көрсөтө алган лидер катары сыпаттап келе жатат.

Бирок элдин көбү "реформа жай жүрүп жатат жана бийлик коррупция менен күрөшкө жөндөмсүз" деп айыптагандыктан, соңку учурда Порошенконун рейтинги кескин төмөндөп кеткени айтылууда.

41 жаштагы актер жана куудул Владимир Зеленский мамлекеттик кызматта иштеген эмес жана саясатта тажрыйбасы жок. Ал өзү негиздеген «Квартал-95» студиясы менен концерттерди коюп, элге куудулдук өнөрүн, телесериалдарын тартуулап келген. 2014-жылы Европага ыктаган тарапты колдоп, жарандык позициясын билдирген куудул өзүн жаңы муундун өкүлү, келечектеги карапайым президент катары мүнөздөйт.

Зеленский 31-мартта өткөн президенттик шайлоонун биринчи турунда Порошенкого караганда эки эсе көп добуш алды. Дебаттын алдында ал атаандашын "элди бөлүп жатат" деп сындады.

«Башында дебаттын күнү, андан кийин анын стадиондо өтүшү тууралуу талаш-тартыш болду. Эми президенттин командасы жаңы шарт коюп атат. Алар эмнени каалап жатышат? Биз бул жерге сахна орнотуп жатабыз. Порошенко тарап аны башка жакка көчүрүүнү каалайт. Алар элди бөлгөндү улантууда. Мына бул жерде келген элдин баары үчүн ачык болгон фан-зонабыз болот. Президенттин командасы буга да каршы чыкты. Дагы деле "өзгө жана өз тарапкер" деп экиге бөлгүсү келди. Украинанын бардык жарандары - биздин тарапкерлер!"

17-апрелде Зеленскийдин штабынын өкүлдөрү "Твиттерге" стадиондо 12 миң орунду брондошконун жазды. Анын командасы жума күнү стадиондо дебатка чейин украин эстрада ырчыларынын катышуусунда бекер концерт өтөрүн айтып, ага элди чакырганы кабарланды. Келип-кеткендерди ташуу үчүн акысыз автоунаалар уюштурула турганын убада кылышты. Шайлоонун ачыктыгына көз салган активисттер муну "үгүт" катары мүнөздөп жатышат. Мындан тышкары Владимир Зеленский өзүнүн рейтингин жогорулатуу максатында чет элдик пиар-компания жалдаганы тууралуу кабар тарады. Анын чын-төгүнү айтыла элек.

Дебат жергиликтүү саат боюнча 18.00дө башталат. Анда ар бир талапкерге учурашуу үчүн 5 мүнөттөн убакыт берилет, андан кийин тараптар 36 мүнөттүк дискуссияга өтүшөт. Коштошуу сөзү да беш мүнөттөн ашпоого тийиш.

Эрежеде эфир учурунда талапкерлердин бири-бирине каяшасы 30 секунддан ашпоосу керектиги жазылган. Ошондой эле атаандашына суроо берүү 1 мүнөт, ага жооп 3 мүнөт деп белгиленди. Ар бир талапкер атаандашына 4-5 суроо бере алат. Алардын кимиси биринчи болуп сөз сүйлөй турганы эфирге он мүнөт калганда чүчүкулак аркылуу аныкталат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG