Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

Украина биринчи айымын тандайт


Президенттикке ат салышып жаткан Юлия Тимошенконун баннери. Киев, 2019-жыл.
Президенттикке ат салышып жаткан Юлия Тимошенконун баннери. Киев, 2019-жыл.

31-мартта Украинада президенттик шайлоо өтөт.

Ушул дем алышта Украинанын эли жаңы президентин шайлайт. Киевде президенттикке 39 талапкер ат салышууда. Жалпысынан 80ден ашуун адам талапкерлигин көрсөтүп чыккан.

Киевдеги эл аралык социология институту, ошондой эле “София” борборунун сурамжылоосу боюнча куудул Владимир Зеленский, учурдагы президент Петро Порошенко менен Юлия Тимошенко азыр алдыда.

Аялы Елена менен Владимир Зеленский
Аялы Елена менен Владимир Зеленский

Сурамжылоого катышкан украиналыктардын 30 пайыздан ашыгы 40 жаштагы актер, куудул Владимир Зеленскийди тандаган. Ал «95-квартал» деп аталган стендаптын негиздөөчүсү жана башка бир катар телесериалдардын продюсери катары белгилүү.

Зеленский «Элдин кулу» («Слуга народа») деген популярдуу сериалда кадимки мектеп мугалиминен президенттикке чейин жеткен каармандын ролун ойноп жүрөт.

Ал эми Зеленскийдин аялы Елена 41 жашта, кесиби - курулушчу, күйөөсүнүн «95-квартал» чыгармачыл тобуна көмөктөшүп келет. Владимир Елена менен мектепте окуп жүргөндө таанышкан. Экөө 20 жылдан бери бирге, эки баланын ата-энеси.

​2017-жылы декларацияда Елена Зеленская Крым менен Киевдеги эки батирин, "Mercedes-Benz" автоунаасын жана кымбат баалуу сааттарын көрсөткөн.

Марина менен Петр Порошенко
Марина менен Петр Порошенко

Өлкөдөгү эң бай саясатчы, 53 жаштагы Петр Порошенко бийликке 2014-жылкы Майдан окуясынан кийин келген. Анда Европага жан тарткандар Киевдин борбор аянты Майданга чогулуп, Москвага ыктаган президент Виктор Януковичти тактан түшүргөн.

​Петро Порошенконун аялы Марина 57 жашта, төрт баланын энеси. Экөө 35 жылдан бери чогуу жашайт. Кесиби боюнча кардиолог Марина телеканалда тамак-аш жасоо жана фитнес тууралуу программаларда алып баруучу да болгон.

Жолдошу президент болгондон бери кайрымдуулукка ыктап, Украинанын маданият фонду деген мамлекеттик мекемени жетектөөдөн тышкары инклюзивдүү билим берүү багытында иштеп келет.

2017-жылы декларацияда Марина Порошенконун Киевдеги 2 миң чарчы метр аянттагы жери, жер тамы, жана "Jaguar" үлгүсүндөгү автоунаасы катталган.

Кийинки талапкер Юлия Тимошенко президенттикке экинчи жолу ат салышууда. Украинадагы 2004-жылкы революциянын лидери, мурдагы премьер-министр 2014-жылы шайлоодо Петро Порошенкого утулуп калган.

Юлия Тимошенконун күйөөсү Александр жеке ишкер, 58 жашта. Юлия менен Александр студенттик жылдары таанышкан, экөөнүн 39 жаштагы кызы бар.

Тимошенколор 90-жылдардын башында мунай саткан компания ачып, ал кийин ири корпорацияга айланган. 2000-жылдардын башында Александр Тимошенко энергоресурстарды Орусиядан Украинага контрабанда жолу менен ташыганы үчүн айыпталып, камакка алынган.

Бир жылдан кийин айыптоолор алынып, сот залынан бошонуп чыккан. 2012-жылы Чехиядан саясий башпаанек алып, ишкердигин улантып келет.

2017-жылкы декларацияда Александр Тимошенко украин акчасы боюнча миллионер деп көрсөтүлгөн. Анын бир нече кыймылсыз мүлктөрүнөн тышкары америкалык президент Дональд Трамп менен Италиянын мурунку премьери Сильвио Берлускони сүйүп тагынган "Corum/ Vacheron Constantin" үлгүсүндөгү швейцариялык сааттары бар. Ошондой эле анын наамына "Mercedes-Benz", "ГАЗ-14" автоунаалары катталган.

Анатолий Гриценко менен Юлия Мостовая
Анатолий Гриценко менен Юлия Мостовая

Кийинки көрүнүктүү талапкер - Жогорку Раданын депутаты, Украинанын мурдагы коргоо министри, «Гражданская позиция» партиясынын лидери, президенттикке үчүнчү жолу талапкерлигин көрсөтүп жаткан Анатолий Гриценко.

Анын аялы Юлия Мостовая «Зеркало недели​» басылмасынын башкы редактору. 30 жылдан бери журналистикада жүргөн Мостовая өлкөдөгү таасирдүү аядардын тизмесинде. Мостовая Гриценко менен 20 жылдан бери бирге, төрт баласы бар.

Декларацияда Мостоваянын Киевдин алдында эки жер үлүшү, жер тамы, шаарда төрт батири, "Toyota Rav 4" автоунаасы бар экени көрсөтүлгөн.

Юрий Бойко аялы Вера менен
Юрий Бойко аялы Вера менен

"Москвага таянары" көптөн бери айтылып жүргөн Юрий Бойко 2014-жылдан тарта элдик депутат. «Оппозиционный блок» саясий кыймылынын лидери.

Ал аялы Вера менен Москвада химия-технологиялык институтта таанышкан. 40 жылдан бери бирге, алты баланы чогуу тарбиялап келет.

Вера Бойконун жеке «Столичная недвижимость​» фирмасы бар. Ошондой эле «Группа полипластик​» орусиялык компаниясынан киреше алат. Анын Орусияда 220 чарчы метр батири, Киевде үйү, жер тамы жана бир нече жер үлүштөрү бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG