Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:25

Пешаварда жоочулар университетке кол салды


Пешавардагы Айыл чарба университетинин администрациясы. 1-декабрь, 2017-жыл.
Пешавардагы Айыл чарба университетинин администрациясы. 1-декабрь, 2017-жыл.

Пакистандын Пешавар шаарында талип согушкерлери Айыл чарба университетинин кампусуна чабуул койгондо кеминде тогуз киши окко учту, ондогон адам жараат алды. Маалыматтарга караганда кол салгандардын баарын коопсуздук аскерлери атып өлтүрдү. Бийлик өкүлдөрү курман болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин айтып жатышат.

Баштан-аяк чүмкөнүп паранжы кийип алган жоочулар жума күнү эртең менен окуу жайдын кампусуна кирип барып ок атышкан. Окуя болгон жерге дароо полиция жана куралдуу күчтөр жөнөтүлдү.

Жергиликтүү оорукананын өкүлдөрү тогуз сөөк алынып келгенин кабарлашты. “Азаттык” радиосунун Пакистан кызматынын кабарчысы өлгөндөрдүн үч-төртөө кол салган кишилер болгонун билдирди.

Террорчуларга каршы операциянын көрүнүшү. 1-декабрь, 2017-жыл.
Террорчуларга каршы операциянын көрүнүшү. 1-декабрь, 2017-жыл.

Пакистандагы "Талибан" – “Техрик-и Талибан Пакистан” уюму чабуулду уюштурганын моюнуна алды.

Топтун маалымат катчысы Мохаммад Хорасани алар аскердик чалгындоо кызматынын кеңсесин бутага алышканын айтты.

Согушкерлер менен тартип коргоочулардын атышуусунан аз дегенде 35 киши жарадар болду. Алардын арасында бир нече студенттер, аскерлер, бир журналист, полициячы жана коопсуздук кызматкери бар.

- Мен добуштарды угуп ойгонуп кеттим. Студенттер экен деп ойлодум. Анан жарандык кийим кийген куралчан төрт кишини көрдүм. Бирөө аларды өйдө жакка баштап бара жаткан экен. Дароо бөлмөмдү беките калдым. Анан аскерлер эшигимди кагып, ким бар экенин сурашты. Мен аларга ачып берип, чогуу чыгып кеттик, - деп айтып берди күбөлөрдүн бири.

1-декабрда Пакистандын Хайбер Пахтунхва облусунда Мухамед пайгамбардын туулган күнү майрамдалган күн болчу.

Бир топ студенттер үйүнө кетип кайтып келе элек. Бирок жатаканада 100дөй киши бар болчу.

Чабуулдан жабыркагандарды ташып бараткан учур. 1-декабрь, 2017-жыл.
Чабуулдан жабыркагандарды ташып бараткан учур. 1-декабрь, 2017-жыл.

Пешавар полициясынын башчысы Тахир Хандын айтымында, куралдуу жоочулар рикша менен келип аймактагы көпчүлүк аялдарга мүнөздүү паранжы кийип алышкан. Алар кампустун кире беришинде күзөттө турган сакчыны атып жарадар кылышкан.

Пешаварда буга чейин да окуу жайга кандуу кол салуу болгон. Мындан үч жыл мурун ошол эле согушкер уюмдун мүчөлөрү аскердик мектептеги 150 кишини атып кетишкен. Алардын 134ү балдар болчу. Ал теракт өлкө тарыхындагы эң чоң трагедиялардан болуп калган. Ошондон кийин Пакистандын бийлиги талиптерге каршы рейддерди жүргүзүп, жүздөгөн согушкер жок кылынып же камакка алынган.

Пакистандагы талиптердин уюму өкмөттү кулатып шарият мыйзамдарын орнотууну көздөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG