Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:39

Босния: ажырымга жетелеген референдум


Милорад Додик
Милорад Додик

Европа Биримдиги Республика Српскада жекшембиде өткөн референдумду мыйзамсыз деп атады.

Буга чейин Батыш өлкөлөрү аймактан башка улуттардын куулушу башталган күндү улуттук майрам катары белгилөө сунушу стабилдүүлүккө, согушка чекит койгон Дейтон тынчтык келишимине шек келтирерин айтып, өнөктүктү өткөрбөөгө үндөп келишкен.

Европа Биримдигинин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини Босния-Герцеговинанын курамындагы Республика Српскадагы референдум Конституциялык соттун чечимине карабай өткөндүктөн, ал мыйзамсыз болуп эсептелерин билдирди.

Анын билдирүүсү менен Брюсселдеги журналисттерди дүйшөмбүдө маалымат катчысы Майя Коциянчич тааныштырды.

- Андыктан биз өлкөнүн тиешелүү институттарын маселени Конституция алкагында, конструктивдүү диалог аркылуу чечүүгө үндөйбүз. Бардык тараптардын кырдаалды курчутууга алып келчү кадамдардан кармануусу, Босния-Герцеговинанын экономикалык жана социалдык проблемаларды жөнгө салуу үчүн реформаларды ишке ашырууга көбүрөөк көңүл буруусу маанилүү. Ал реформалар өлкөнү Евробиримдикке кошулуу мүдөөсүнө жакындатмакчы.

Босния-Герцеговина Еврошаркетке мүчө болуп кирүү арызын өткөн 15-февралда тапшырган.

Биримдиктин Босния-Герцеговина боюнча жогорку өкүлү Валентин Инцко референдумга чейин өнөктүктү “Конституциялык сотко каршы түздөн түз чабуул катары сыпаттап, акыр-аягында ал мамлекетке каршы чабуул болуп эсептелерин” айткан.

Расмий маалыматтарга караганда, добуш бергендердин басымдуусу Республика Српсканын улуттук майрамын 9-январда белгилөө сунушун колдошту.

Добуш берүү тынч өткөнү кабарланды. Ал эми босняктар жашаган чөлкөмдөрдө бирин-серин эле киши келгендиктен, ондон ашуун участоктор таптакыр ачылган жок.

Сынчылар референдум улуттар аралык тирешүүнү күчөтөрүн, жикчил маанайды кайрадан козутарын айтышууда.

1992-жылдын 9-январында жергиликтүү сербдер Босниядан бөлүнүүнү жарыялаган. Ошондон көп узабай үч жылдык согуш тутанган. Мурдагы Югославиянын курамына кирген өлкөлөрдөгү улуттар аралык куралдуу жаңжал 100 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен, миллиондогонун үй-жайсыз калтырган.

Босния-Герцеговинанын Конституциялык соту улуттук майрамды ошол күнү белгилөө калган улуттарды – босняктар менен хорваттарды дискриминацияларын айтып, референдум мыйзамсыз деген чечимин чыгарган.

Республика Српсканын улутчул президенти Милорад Додик болсо бул күн "сербдердин чечкиндүүлүк күнү” катары тарыхта каларын айтты:

- Республика Српсканын эли менен абдан сыймыктанам, бүгүн добуш бергендердин бардыгы менен сыймыктанам. Ал эми референдумга келбеген сербдер, уялгыла. Бүгүнкү референдум ийгиликтүү болду деп жарыялайм.

1995-жылы АКШ арачылык кылган Дейтон тынчтык макулдашуусуна ылайык, Босния-Герцеговина эки субъектиге - хорваттар менен мусулмандардын Босния-Герцеговина федерациясы жана босниялык сербдердин жумурияты – Республика Српска болуп бөлүнгөн. Ар биринин өзүнүн президенти, өкмөтү, парламенти, полициясы жана армиясы бар.

Буга чейин, 17-сентябрда өлкө президиумунун босниялык мусулмандардын атынан мүчөсү Бакир Изетбегович рефрендумдун демилгечиси Республика Српсканын президенти Милорад Додикти бөлүнүү боюнча добуш берүү даярдап жатат деп айыптаган эле. Изетбеговичтин айтымында, Додиктин Баня Лукадагы башкаруу партиясы Босния-Герцеговинадан 2018-жылы чыгууну көздөөдө. Бирок Додик жакынкы келечекте андай пландары жок экенин айтып жооп берди.

Сербиянын тышкы иштер министри Ивица Дачич 24-сентябрда Белградда сүйлөп жатып, региондо, анын ичинде Босния-Герцеговинада тынчтыкты жана стабилдүүлүктү сактоо өтө маанилүү деп, Сербия Босния-Герцеговина жана Республика Српсканын аймактык бүтүндүгүн урматтайт деген.

Батыштын расмий адамдары Баня Луканы референдумдан баш тартууга үндөп, ал мыйзам үстөмдүгүнө жана Дейтон тынчтык келишимине шек келтирерин эскертип келишкен.

АКШнын Сараеводогу элчилиги 25-сентябрдагы добуш берүү өткөрүлсө, чара көрүлөрүн билдирген.

Ал эми сербдердин салттуу жактоочусу, Орусиянын президенти Владимир Путин Республика Српскага колдоосун баса көрсөтүү иретинде 22-сентябрда Додикти Москвада кабыл алып, орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары жазгандай, жетекчилер эки тараптуу алакаларды талкуулашты.

XS
SM
MD
LG