Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:26

Орус атлетчилерине спорттук сот да жок деди


Орусиялык спортчулар. Чебоксары. 2016-жыл
Орусиялык спортчулар. Чебоксары. 2016-жыл

Спорт боюнча Арбитраждык сот Орусиянын жеңил атлетчилеринин арызын четке какты. Алар баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан сотко Рио-де-Жанейродогу жайкы Олимпиадага катышууга уруксат алуу үмүтүндө кайрылышкан.

Соттун Орусия үчүн тескери чечими Эл аралык Олимпиада комитети Допингге каршы дүйнөлүк уюм - WADA'нын орус спортчулардын жакындап калган Олимпиададан жапырт четтетүү сунушун изилдеп жаткан учурга туш келди.

Спорт боюнча кеңсеси Швейцариянын Лозанна шаарында жайгашкан соттун Орусия тарапты капа кылган, ачууланткан чечими бейшемби күнү жарыяланды.

Спорт боюнча Арбитраждык соттун баш катчысы Матье Риб алардын бүтүмүнүн чоо-жайын мындайча чечмелеп берди.

- Арбитраждык сот Орусиянын Олимпиада комитети жана 68 спортчу берген арызды четке какты. Бирок Эл аралык Олимпиада комитети бул арбитраждын катышуучусу болбогондуктан, сотто анын Орусиянын Олимпиада комитетинин Риодогу мелдештерге катышууга көрсөткөн жеңил атлетчилерин кабыл алууга укуктуу же андай эмес деп аныктагыдай ыйгарым укугу жок. Бул атлетчилердин катышууга укугу бар-жогун, атүгүл ар бир ишти өзүнчө карап чечүү - Эл аралык олимпиада комитетинин ыйгарымындагы иш.

Орусиянын Олимпиада комитети менен жеңил атлетчилеринин арбитраждык сотко кайрылуусуна Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерация - ISAAF'тын чечими түрткү берген эле.

Ал Орусиянын жеңил атлетчилери допинг колдонгону боюнча маалыматтары иликтеген соң орус федерациясын өз курамынан чыгарган. Бул орус жеңил атлетчилери эл аралык мелдештерге катыша албайт дегенди билдирет.

Эл аралык Олимпиада комитети эл аралык федерациянын орусиялык жеңил атлетчилердин баарын августта Рио олимпиадасына киргизбөө сунушун колдогон эмес, допингге тиешеси жоктугу Орусиянын системасынан сырт текшерилген спортчулар нейтралдуу желек астында катышуусуна мүмкүндүк берген. Бирок андай жеңил атлетчи Орусиянын курамасынан бирөө эле болуп чыкты.

Олимпиадага бара албай калган 68 жеңил атлетчи Лозаннадагы Арбитраждык сотко кайрылган эле. Орусиянын спорт министри Виталий Мутко сот чечимине мындайча комментарий берди:

- Менимче бул чечим таза спортчулардын укугун толугу менен бузууда. Ага катар коллективдүү жоопкерчиликтин прецедентин жаратууда. Биздин спортчулар, күйөрмандар үчүн жаным ачып турат. Азыркыдай кырдаалдын жаралышы абдан уят иш.

Мутко ошондой эле укуктук талаадагы күрөш уланып, орусиялык жеңил атлетчилер эми жарандык сотторго кайрыла турганын да кошумчалады. Эреже боюнча эми орус жеңил атлетчилери Швейцариянын федералдык сотуна кайрыла алышат экен. Алардын арасынан Олимпиада чемпиону Елена Исинбаева сот чечимин “чектен чыккан саясий буйрук” деп мүнөздөдү.

Сот бүтүмү Допингге каршы дүйнөлүк агенттик – WADA'нын Орусия боюнча иликтөөсү жарыяланган учурга туш келди.

WADA'нын докладына караганда, орусиялык атлетчилердин кызытма колдонуусу 2014-жылы Сочидеги кышкы Олимпиада учурунда мелдештердин жыйынтыгына олуттуу таасир берген жана допинг үчүн алынган анализдерди алмаштыруу ишине ФСБ агенттери тикелей аралашкан.

WADA'нын көз карандысыз комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн тыянагы боюнча, Орусияда спортто допинг пайдалануунун мамлекет колдогон системасы бар. Мындан улам WADA орусиялык спортчуларды Рио олимпиадасынан жапырт четтетүүнү сунуш кылды.

Буга байланыштуу Эл аралык Олимпиада комитетинин башкаруучулары 19-июлда чукул жыйынга чогулуп, орусиялык спортчуларга жапырт тыюу салуунун укуктук жагын караштырарын, спорт боюнча Арбитраждык сот чечимин да эске аларын билдирген. Рио-де-Жанейродогу Олимпиада саналуу күндөн кийин, 5-августта ачылат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG