Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Дүйнөдө качкындар көбөйдү


Рохинжа качкындары, Бангладеш
Рохинжа качкындары, Бангладеш

2017-жылы дүйнөдө качкындардын саны бир жылда 4,6 пайызга көбөйүп, 68,5 миллионду түздү. Бул тууралуу БУУнун качкындар боюнча жаңы баяндамасында айтылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча комиссариатынын маалыматына караганда, согуштан, зордук-зомбулуктан улам аргасыз жер которгондордун саны 2017-жылы 68,5 миллион адамды түздү.

Бул бөтөн өлкөдөн баш калка издегендердин саны бир жылда 4,6 пайызга өстү дегенди билдирет. Мусапырлардын 70 пайызы беш өлкөгө: Сирия, Ооганстан, Түштүк Судан, Мьянма жана Сомалиге туура келет.

БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Грандинин айтымында, аталган беш өлкөдө азырынча качкындардын санын азайтууга негиз бере тургандай жумуштар жасалган жок.

Сириялык качкындардын балдары
Сириялык качкындардын балдары

- Дүйнөдө качкындардын саны дагы эки миллиондон ашуун кишиге жогорулап, 68,5 миллион адамга жетти. Бул токтобогон жаңжалдарга байланыштуу болуп жатат.

Жаңы баяндамада айтылганга караганда, дүйнөдө мигранттардын саны бешинчи жыл катары менен өсүп жатат. Сириядагы сегиз жылга аяк баскан жарандык согуштан качкандардын жалпы саны 6,3 млн. адамга жетти, дагы ушунча адам өлкөнүн ичинде жер которгон.

Бул өлкөдөгү уруштар 450 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Качкындардын саны жагынан “Талибан” кыймылынын жана “Ислам мамлекети” уюму сыяктуу эл аралык террорчулардын азабын тарткан Ооганстан экинчи орунда турат. 2017-жылы бул өлкөдөн чыгып кеткендердин саны 2,6 миллион адамга жетти.

Жылдык баяндамада Түркия, Пакистан, Ливан жана Иран качкындарды көп кабыл алган өлкөлөр деп табылган. Маселен, Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча сириялык качкындардын эң көбү - 3,5 миллиону Түркияда, бир миллиону Ливанда баш калкалап келет.

БУУнун качкындар боюнча комиссариатынын жаңы баяндамасында АКШ, Австралия жана Европа Биримдигиндеги экономикалык жактан бакубат өлкөлөр качкындар боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай жатканы үчүн сынга алынган.

Рохинжа качкындары. Бангладеш
Рохинжа качкындары. Бангладеш

Еврошаркетке кирген өлкөлөр качкындарды бөлүштүрүү боюнча өз ара тил табыша албай келгени маалым. Ал эми Германияда болсо мигранттар маселеси ички саясий талаш-тартыштын негизги темасына айланууда.

- Тилекке каршы көптөгөн саясий лидерлер бул маселени добуш алуу үчүн пайдаланышты. Алар шайлоодогу электоратына ушунун тегерегинде коркунучту түзүштү. Мен муну туура эмес жана жоопкерсиздик деп эсептейм, - деди Филиппо Гранди БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдөн качкын макамын сурагандардын саны былтыр бир жыл мурдагыга караганда 44 пайызга кыскарган. Ал эми АКШда болсо президент Барак Обаманын тушунда өлкө жыл сайын 110 миң качкынды кабыл алат деп чечилген.

Дональд Трамп президент болгондон кийин бул сан азайган жана быйыл 45000 кишини кабыл алуу болжолдонууда. Бирок БУУнун өкүлүнүн айтымында, каржылоонун кыскарганынан жана коопсуздук күчөтүлгөнүнөн улам кабыл алынган качкындар кыйла аз болот.

Ошол эле кезде, маселен, Бангладеш 2017-жылы качкындарды белгиленгенден алда канча көп кабыл алган. Былтыр 700 миңдей рохинжа мусулмандары Мьянма армиясынын репрессиясынан улам коңшу Бангладешке качууга мажбур болгон.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG