Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:59

Токаев Назарбаевдин токочуна тиш салдыбы?


Касым Жомарт Токаев
Касым Жомарт Токаев

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (27-апрель - 3-май).

“Eurasinet” басылмасынын Борбор Азия боюнча редактору Питер Леонард Дарига Назарбаеванын Казакстан сенатындагы спикерликтен кетүүсү ансыз да ызы-чууга толгон акыркы үч жумадагы күтүүсүз “сюрприз” болгонун баяндайт.

“Себеби Сенаттын Жогорку палатасынын спикерлиги Казакстанда өтө маанилүү кызмат. Кокус Токаев күтүүсүз себептен кызматын аткара албай калса, же көз жумса, президенттик орунду дал ошол спикер ээлеши керек. Ушундай сценарий 2019-жылы Нурсултан Назарбаев президенттигин ардагер дипломат, Сенаттын Жогорку палатасынын төрагасы Касым-Жомарт Токаевге бийликти тапшырганда болгон. Токаев устатына терең ыраазычылыгын билдирип, башкалаанын атынан бери Нур-Султан деп өзгөрткөн эле. Ошентип, Сенат Дарига Назарбаеваны спикерликке шайлап, бийликтин чылбыры баары бир Назарбаевдерде калган.

Быйыл июлда 80 жашка толо турган Нурсултан Назарбаев көзү өткөнчө Элбашы наамын жоготпой, Казакстандын Коопсуздук кеңешин башкара берет. Былтыр октябрда Токаев өзүнүн ыйгарым укуктарын чектеген, Назарбаевдин көзөмүлүсүз саясий жана коопсуздук чечимдерин ала албаган “кызыктай” токтомго кол койгон.

Ушундай эле бийлик алмашуу 2017-жылы Кыргызстанда да болуп, бирок бир нече ай өтпөй Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен бийликке келген Сооронбай Жээнбеков ага далысын салып, атүгүл эки жылдан кийин Атамбаевди камакка алды. Назарбаев балким Токаевге ишенет, бирок акыркы окуядан улам Токаев эми анын "токочуна тиш салганын" байкаса болот.

30-апрелде Дарига Назарбаева азыркы бийликти сындагандай ишарат кылган эле. Оор учурга кептелген Казакстан вирустан улам экономикалык кризисти башынан өткөрүүдө, миңдеген адамдар ишсиз калды. Балким Дарига өз сөзүндө тымызын болсо да Токаевди сындап, оор абалдан элди алып чыгууга күчү жетпей жатат деп кыйыткандыр?

Ушундан улам ал Сенаттагы кызматынан алынып, Токаев президенттик тагын бекемдегиси келген жокпу? Бирок айрымдар Токаев устаты Назарбаевден уруксат алмайынча мындай кадамга барбайт дешүүдө. Балким Элбашы Нурсултан Назарбаев 56 жаштагы кызы Британиядагы соттон мүлк талашын утуп чыккандан кийин чочулай баштадыбы?

Дагы бир божомол бар: Токаев өзгөчө абал режиминен улам бийликтин чылбырын бекем кармады. Назарбаев табигый апааттарда, кризистик кырдаалдарда тез чечим кабыл алчу эмес, ага салыштырмалуу Токаев кырсык болгон жерлерге өзү жетип барып, тез арада чечимдерди кабыл алуу менен айырмаланууда. Азыркы абал Токаевге өз кадыр-баркын эле эмес, бийлигин да күчтөндүрүп алууга шарт түзүүдө. Анткен менен Дарига Назарбаева кетсе да, бул үй-бүлөнүн бийликтен четтегенин айтуу азырынча эрте”, - деп жазган Питер Леонард.

Диктаторлордун “коронавирус” бейиши

“Economist” журналы пандемиядан авторитардык бийлик эбегейсиз пайда таап жатканын жазды. Дүйнө оору менен алышууга алаксып жатканда Кытай Гонконгдун демократиясын чырмооктоп алды.

“Бир мамлекет, эки система принциби менен дүйнөнүн экономикалык борбору болуп турган Гонконгдун эркин ой жүгүрткөн лидерлери камалып, Кытайдын үшүн алган демонстрациялар токтоду.

Өзбекстандагы дарыгерлер
Өзбекстандагы дарыгерлер

Сөз эркиндигин кысымга алуу, дарыгерлерди коркутуу менен Уханда вирус башталганда эле маалыматты так айтпай, Кытай бийлиги анын дүйнөгө жайылуусун шарттады.

Карантинден улам авторитардык бийлигин эбегейсиз чекке жеткиргендердин катарында Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан бар. Оорудан корккон элди карантиндик режим менен башкаруу – автократтардын чырагына май тамызды. Орусия, Латын Америкасы, Азербайжандын эли сыртка чыга албай, чектөө режими оппозициянын да оозун басты.

Индияда бийликтин “вирусту мусулмандар жайды” деген айыптоосунан кийин мусулмандарга болгон кысым күчөдү. Алар мамлекет жакырларга берген жардамдан да куру калууда. Ансыз да өлкөдө күчөгөн ич ара диний тиреш жетээр чегине жетип, мусулмандар басымдуулук кылган жамааттарды дарылоого барган дарыгерлерге “денебизге электрондук чип жабыштырат экен” деген жалган кептерден улам кол салгандар да болууда.

Мындай кырдаал элдин медициналык тейлөөсүз, оору менен жалгыз алпурушуп калышын шарттап жатат. Көптөгөн режимдер “фейк маалымат” деген жараянга жамынып, карантинде бийликти сындагандарды жазалоого өттү.

Маселен, Зимбабведе “жалган кабар” таратуучулар 20 жылга кесилсе, диктатор Халифа Хафтар башкарган Ливияда сын айткандарды өлкөнүн чыккынчысы катары соттоп жатышат. Иордан, Оман, Йемен жана Бириккен Араб Эмираттарында вирус жайылат деген шылтоо менен гезит басып чыгаруу тыйылды. Мындай шартта укук коргоочулар да алсыз болууда. Карантиндик режимди бузду деп мыйзамсыз канча журналист, блогер кысымга кабылганын тактоо кыйын. COVID-19 дүйнө элин жакыр, оорукчан жана бейжай коомчулукка айландырып жатат.

Бийлиги алсыз өлкөлөр андан болушунча пайдаланууда. Мисалы, эл аралык финансы уюмдары берген жардам, насыялар нанга жетпей камалып отурган элге берилбей, авторитардык бийликтин пайдасына кызмат кылууда.

Женевадагы жарандык жана саясий укук борбору дүйнөдө 84 өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланганын, бул режим көптөр үчүн бийликтин кызыл камчысына айланганын белгиледи. "Чек арасыз кабарчылар" уюму 38 өлкөнүн бийлиги коронавирусту басма сөздүн оозун басууга колдонгонун аныктады. Мисалы, Түркияда сегиз журналист “жалган маалымат таратканы” үчүн камалып, жүздөгөн адамдарга социалдык медиадагы сынчыл посттору үчүн кылмыш иши ачылды. Укук коргоочулар мындай кырдаал тереңдей берсе оорудан, бийликтен корккон эл жакырчылык жарынан алыс кулап, коомдогу нааразычылык селдей каптарын эскертишүүдө.

Пандемия адам соодасын кызытты

“Foreign Policy” журналы коронавирус башталгандан бери калктын оор абалдагы катмары кеңейип, адам соодасы кызыганын баяндайт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча комиссариатына кирген, миңден ашык эл аралык түзүмдөрдүн башын бириктерген Глобалдык коргоо кластеринин өкүлү Саманта Маккормак буга чейин адамдарды сатуу согуштук, конфликттик зоналарда, табигый апааттардан кийин күчөп келгенин, коронавирус пандемиясы маалында мындай кылмышка баргандар көбөйгөндүктөн көйгөйдүн жаңы түрүнө кептелишкенин айтат.

Февралдан бери адам сатууга каршы күрөшкөн бейөкмөт уюмдар иштөө принцибин жаңылап жатышат. Эксперттер дүйнөнүн 32 өлкөсүндө адам соодасы азыр күчөп баратканын, мындай кылмышка учурагандардын санын тактоо да кыйын экенин белгилешет. Адамды соодалоого дуушар болчу топторду аныктоо да кыйын болууда. Эл аралык уюмдардын гуманитардык ишмердиги 75 пайызга кыскаргандыктан кылмыштуу топтор үчүн өтө жагымдуу кырдаал түзүлдү.

Адам соодасынын курмандыктары кандай азапка кабылып, зомбулуктун түрлөрүн башынан өткөрүп жатканын да тактоо мүмкүн эмес" деп жазды басылма.

Балдарына “Корона”, “Ковид” деп ат койгондор көбөйдү

Франциянын “Le Figaro” гезити дүйнөдө пандемия өкүм сүрүп жатканда төрөлгөн ымыркайларга кызыктай ат койгон ата-энелер көбөйгөнүн жазды.

Индия, Филиппин, ал тургай Европада жаңы төрөлгөн балдарга “Корона”, “Ковид”, “Локдаун” (карантин) деген ысымдар берилүүдө.

Филиппинде апрелде төрөлгөн кыздарга Корона Мария, Ковид Мария деген ысымдар ыйгарылган. Индустар балдарын Корона Кумар, Локдаун деп атап жатышат. Бул англисче сөз "камалып отурган", же карантин дегенди билдирет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG