Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:56

Байыган адамдар элден алыстайт


Иллюстрация
Иллюстрация

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (20-27-август).

Жылына 60 миң доллар менен орто жашай аласызбы?

2020-жылы жер калкынын жарымынан көбү "орто жашаган" социалдык катмар болорун Brookings институту билдиргенин баяндайт The Washington Post.

"Азыркы тапта дүйнө калкынын 48 пайызы, же 3,7 миллиард адам орто кирешелүү. 190 миллион киши чириген бай. Бул эки топ глобалдык экономикада көпчүлүктү түзөт.

Негизи орточо жашоо үчүн канча акча керек? Маселен, Индонезияда эки киши иштеген бир үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 12 миң доллар. Алар өз өлкөсүндөгү ортоңку классты түзөт.

Ал эми АКШда жылына 59 миң доллар тапкандар бул топко кошулат. Бирок өлкөнүн өнүгүүсүнө карай орто жашоонун белгилери да ар түрдүү. Индия менен Кытайда акыркы эки жыл ичинде эле орто топко кошулгандар арбыган. Таиланд, Вьетнам жана айрым Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү да акырындап бул чекке жеткени калды.

Кытайдагы эки башка турмуш.
Кытайдагы эки башка турмуш.

Швециянын Gapminder аттуу бейөкмөт уюму дүйнөдөгү 250 үй-бүлөнүн каражатын эсептеген. Уюм Бурунди өлкөсүндө жылына 324 долларга жашаган беш кишилик үй-бүлө менен Кытайдагы жылдык кирешеси 121 миң 176 доллардык үй-бүлөнү салыштырган" деп жазылган макалада.

Бирок макаланын автору адам байыган сайын башкалар менен байланышы начарлай берерин белгилейт.

"Маселен, жакыр үй-бүлө үйүнө дос, тууганын ар дайым чакырып, муздаткыч, кондиционер сыяктуу эле кадимки тиричилик буюмдарына жеткенине сүйүнсө, байлар үйүнө мейман чакырган сайын аларды тосууда бийик стандарттарды коюп алып кыйнала беришет", - деп жазды The Washington Post.

КМШны кийинткен түрк базарында соода солгундады

Стамбул менен мурдагы Советтер Союзунун байланышы "Лалели" базарынан башталганын, азыркы экономикалык кыйын кезеңде дал ушул жерде соода солгундап бара жатканына Eurasinet басылмасы сереп салган.

"Саркеч көйнөктөр, Gucci маркасынын жасалма кийимдерин "Лалелиден" мурдагы советтик өлкөлөрдүн соодагерлери таңгактап жүктөп кетишет. Бул чакан базарда миллиарддаган долларлык соода айланып турат. Дүйнөнүн булуң-бурчунан, айрыкча Орусия, Өзбекстан, Украина, Казакстандан агылган миңдеген соодагерлер "Лалелиден" жүктөнүп барып мекениндеги калкын кийинтет.

Түрк базары, Стамбул
Түрк базары, Стамбул

Алардын эсебинен Стамбулдун кафе-ресторандары, түнкү клубдары КМШдан барган кардарларга толуп турчу.

Лиранын куну түшүп, санкциялар күчөгөн сайын базардын соодасы солгундап баратканын Лалели өндүрүш жана ишкерлер биримдигинин жетекчиси Шерафеттин Йүзүак билдирди.

Ал "Европа Биримдиги Орусияга санкцияларын күчөткөндөн бери ишибиз жакшы жүрбөй жатат, маселен бир орус соодагери мурда бир келгенде эле 10-20 миң долларга товар алса, азыр эң көп дегенде 3-4 миң доллар гана коротот", - деген.

2014-жылы "Лалелидеги" соода 8,6 миллиард доллар деп эсептелген. Крым аннексиясынан кийин Орусияга кирген санкциялардын айынан киреше 5,5 миллиард долларга азайганын жергиликтүү медиа билдирди", - деп жазат Eurasinet.

Саудия падышасы ажыларды террорчулук менен күрөшүүгө чакырды

EurasiaReview онлайн гезити Сауд Арабиясынын падышасы Салман ажылыкка баргандарды мекенге кайтканда террорчулук менен күрөшүүгө чакырганын кабарлады.

Меккеге барган топтордун лидерлери жана чет элдик расмийлер менен жолугушуу учурунда Салман падыша: "Алла Сауд Арабияга эки Ыйык Мечитти берип, өз ырайымын көрсөттү. Тилегиңер кабыл болсун. Бул сапарыңар коопсуз, тынч өтүшү үчүн биз болгон аракетибизди жумшайбыз. Биздин дин тынчтыкты сүйөт. Сиздер да мекенге кайтканда экстремизм, терроризмге каршы жарчы болушуңарга тилектешмин", - деди.

Ажылык менен умралык сапардын министри Мухаммед бин Салех Бантен Сауд Арабиясы акыркы 10 жылда жүз улуттан 150 миллион кишинин ажылык жана умралык сапарын ишке ашырганын билдирип, быйыл 7 миллион киши умрага келсе, азыр 2 миллион адам ажылык сапарда деген.

Мекедеги ажылык сапар
Мекедеги ажылык сапар

Диниятчылар ооруну азайтууга жардам берет

Newsweek журналы Сирия, Ирак, Түштүк Судан сыяктуу кан күйгөн өлкөлөрдө ооруканалар талкаланып, саламаттык сактоо системасы кыйрап, коркунучтуу оорулардын дүйнөгө жайылуу коркунучу пайда болгонун жазды.

"Бирок диний жөрөлгөлөрдү аткарган адамдардын саламаттыгын бекемдөө аркылуу жамандыктын алдын алса болот", -дейт Newsweek.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, АКШнын ооруларды алдын алуу департаменти менен биргеликте 2012-жылдан бери Меккеге баргандарды жугуштуу ооруларга каршы эмдөө ишке ашып келет.

Меккеге келгендердин саламаттыгын көзөмөлдөө демилгесин көтөргөн саудиялык Зияд Мемиш ажылык учурунда мурдагыдай инфекциялык оорулардан өлгөндөр азайганын айткан. Азыркы тапта Меккеге баргандардын саламаттыгын эл аралык 25 миң медициналык кызматкер көзөмөлдөп жатат.

Инстаграм үчүн кийингендер көбөйдү

Узаган аптада дүйнө басылмаларынын көбү социалдык тармакка сүрөткө түшүү үчүн кийим сатып алып, кайра дүкөнгө кайтарган кардарлар көбөйгөнүн жазып чыгышты.

Stern басылмасы 20 жаштан 30 жашка чейинки европалыктар, анын ичинде британиялыктардын басымдуусу Инстаграмга сүрөт коюш үчүн эле онлайн базардан кийим сатып алып, сүрөт чыгары менен кайра дүкөндөргө кайтарып берип жатканын кабарлайт.

"Социалдык медиага селфи сүрөтүн коюу модасы кийимди улам жаңыртууну талап кылууда. Ушундан улам Британияда "Саркеч кийимди ижарага ал" деген сыяктуу сервистер да пайда болду. Германия да бул ыкманы туурап жатат" деп жазат Stern.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG