Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Тулпар-Көлдөгү трагедия туристтерди коркутту


Памир тоолору
Памир тоолору

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (1-12-август)

Ленин чокусунда жылына бир ирет өтүүчү ат, топоздорду чапкан улуттук оюндар көптөгөн туристтерди өзүнө тартарын, бирок быйыл бул иш-чара трагедияга айланганын Eurasinet басылмасы жазды.

"22-июлда күндүз башталган улуттук оюнга баргандар жүздөп саналган.

Алайдагы Сары-Моголдон анча алыс эмес Ленин чокусунун жанында алгач меймандарга сый тамак берилип, андан соң топоз жарыш, эр эңиш, ат чабыш сыяктуу улуттук оюндар башталган.

Дал ушул оюндар башталары менен аны кызыгып көрүп турган элдин көбү Тулпар-Көлдү көздөй чурулдап чуркап калышты. Өспүрүм балдар көлгө сүзүп ойноп жүрүп, арасынан бирөө суудан чыга албай калганы айтылды.

Ленин чокусун багындырууга келген жөө жана велосипедчен чет элдик туристтер да 16 жаштагы баланын өмүрүн сактап калыш үчүн көлгө секиришти.

Чакан көл терең болбосо да, деңиз деңгээлинен 3000 миң метрден ашык бийиктикте жайгашкандыктан сууга чумкуу туристтер үчүн өтө кыйын болду. Бир сааттан ашык баланы издегенден кийин үмүтсүз туристтер артка кайтышты.

Окуя болгон жерге куткаруучулар иңир киргенде гана араң келишти. Издөө иштери таң аткыча уланып, кийинки күнү өспүрүмдүн сөөгүн алып чыгышты", - деп жазган Питер Леонард жана Данил Усманов.

Борбор Азияны жөө кыдырган туристтер
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:43 0:00

Тажик бийлиги жаш балдарды саясий куугунтукка алууда

The Diplomat журналы тажик бийлиги оппозициялык активисттердин балдарына кысым жасап жатканын баяндайт. 4-августта Шабнам Худойдодованын 10 жаштагы кызы Фатима Давлятова таене, таекеси менен Дүйшөмбү-Алматы каттамындагы учакка отурганы калганда кармалган. Human Rights Watch уюму алар бир нече саат бою суракка алынып, өлкөдөн чыга албай калышканын маалымдады.

"24 топ" деп аталган саясий кыймылдын мурдагы мүчөсү Шабнам Худайдодова баштаган бир нече адамды 2015-жылдан бери бийлик куугунтукка алып келет.

"24 топтун" Орусияга качкан айрым мүчөлөрү дайынсыз жоголсо, кээ бири Интерполдун кызыл тизмесине илинип, Европадан баш паанек таппай, айрымдары тажикстандык чекисттердин курмандыгына айланышкан.

Ушундан улам Санкт-Петербургда башкалка тапкан Шабнам Европага кетүүнү көздөп, Польшага бет алат. Бирок Польша аны чек арадан дароо эле киргизген эмес. Себеби 2015-жылы Европадан саясий башпаанек издеген тажикстандыктардын саны 3 миңден ашып кеткен. 2016-жылы сентябрда Худайдодова Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун адам укуктары боюнча бир жылдык кеңешмесине катышкан.

Буга жооп иретинде анын Тажикстанда калган кызы кодулана баштаган. Тогуз жаштагы Фатиманы мектепте окуучулар "чыккынчы" деп келекелеп, акыры бул мазактоо күчөп кеткен. Бир ирет Фатиманы үйүнө чейин кубалап барып, ташбараңга алууга аракет кылышкан.

Худайдодованын үй-бүлөсү 2016-жылы эле Тажикстандан чыгып кетүүгө аракет кылса да майнап болбой жатат. Ал арада тажик бийлиги өзү чет жакта качып жүргөн саясий оппозиционерлерди балдары, жакындары аркылуу коркутууну токтотпой келет.

Түркия лираны куткара албай убара

Узаган жумада дүйнөлүк басма сөздө эң көп талкууланган тема түрк лирасынын куну качканы болду. ​

Түрк лирасы
Түрк лирасы

Financial Times гезити бир жыл ичинде Түркиянын улуттук валютасынын долларга болгон катышы 37 пайызга төмөндөгөнүн жазды.

Инфляция 15 пайызга чыккан. Июнь айындагы президенттик шайлоодо бийлигин чыңдаган Режеп Тайип Эрдоган Лондондогу биржаларга май айында барып, лиранын кубаттуулугун арттыруу аракетин жасаган.

"Capital Economics" тобунун аналитиги Уильям Жексон "биржадагы көрсөткүчтөр жогору болгону менен иш жүзүндө түрк лирасынын акыбалы азыркыдан да оор" деген ойдо.

Айрым аналитиктер Түркия Эл аралык валюта корунан жардам алышы керектигин айтышууда. Шайлоодон кийин Эрдоган күйөө баласы Берат Албайракты каржы тармагын жетектеген мамлекеттик маанилүү кызматка дайындаган. Талдоочулар Албайрак сунуштаган экономикалык өнүгүү планы азыркы каржы кризисин чечүүдө эч кандай натыйжа бербейт деп чочулап жатышат.

"Rabobank" компаниясынын стратегиялык аналитиги Жейн Фолей: "Эрдоган каржылык кысымды азайтып, эл аралык уюмдарга ачык экономиканы жаратарына ынанбайм. Эл аралык валюта корунун текшерүүлөрүнө да даяр эмес", - деген. Себеби, Эрдоган бийликке келгенден тарта эле "Эгемен мамлекет Эл аралык валюта коруна көз каранды болбошу керек" деп басым жасап келет.

Учакта шарап ичкен аял камакка алынды

Британиялык 44 жаштагы Элли Холман Дубай эл аралык аба майданында учактын ичинен бир стакан шарап ичкени үчүн төрт жаштагы кызы менен кошо үч күнгө камакка алынды.

Newsweek журналы баяндагандай, 13-июлда Дубай аэропортундагы чек арачылар Лондондон учуп келген Холмандын визасын жаратпай, кайра мекенине кайтууну талап кылган. Себеби, Араб Эмирликтеринин мыйзамына ылайык, учакта алкоголь ичүүгө болбойт.

Аэропортто Холманды тосуп алган миграция офицери аны кызы менен кайра кайтууга көндүрө албай койгон. Ушундан кийин аны полиция участогуна алып барышкан. Үч күн убактылуу кармоочу жайда кызы менен камалган британиялык аял аны тамак-аш, суу бербей кыйнашканын айтып чыкты. Кийин Холмандын жолдошу учуп келип, керектүү жаза пулду төккөндөн кийин алгач төрт жашар кызы бошотулган.

Бир күндөн кийин Холман өзү да эркиндикке чыкты. Бирок ага ачылган соттук териштирүү уланмай болду.

"Ишимен айрылдым. Чогулткан акчабыздын баары жок болду. 38 миң 290 доллар чыгым тарттык. Паспортумду дагы деле полиция бербей жатат", - деп билдирген Холман британ журналисттерине.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG