Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Бундестаг Эрдогандын "ачуусун" келтирди


Германия канцлери Ангела Меркел менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган
Германия канцлери Ангела Меркел менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (29-май, 5-июнь)

Германия парламентинин Осмон империясынын армяндарга карата жасаган аракетин "геноцид" деп тааныган чечим чыгаруусу Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоганды "жаакка чапкандай" эле кылды деп жазат Италиянын Corriere della Sera гезити. "Немис парламенти - Бундестаг армяндарды 1915-16-жылдары Осмон аскерлери кырган дегенди бир добуштан колдоду. Бул жагдайда Эрдоган Бундестагдагы талкууну тизгиндей алам деп ойлосо да эч майнап чыккан жок. Анкара Берлиндин Түркиядагы элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырып, түшүндүрмө берүүсүн талап кылды. Айрым эксперттердин пикиринде, бул кырдаал качкындардын абалын дагы курчутушу ыктымал. Эрдогандын өзүм билемдиги эмнеге алып барары белгисиз. Бир нече күн мурда ал Ангела Меркелге телефон чалып, кокус армяндарды жактаган бүтүм чыкса, эки тараптуу ымала менен аскерий байланыш чоң зыян тартарын эскерткен. Эрдоган элчини чакыртууну "алгачкы гана кадам" деп атаганын баяндайт Corriere della Sera.

"Мухаммед Алисиз Барак Обама президент болмок эмес"

Узаган аптада дүйнөдө чыккан дээрлик бардык басылмалар «Эң улук» деген ат менен 74 жашында ооруканада көз жумган Мухаммед Алинин өмүр жолу жана дүйнөгө салган изи тууралуу жазышты. Newsweek, Би-Би-Си баш болгон маалымат булактары өз интернет сайттарын карага бойоп, аза күтүү белгисин көрсөттү. Ал эми Лондондо күнүгө чыккан миллион нускалуу Evening Standard гезити болсо «Мухаммед Алисиз Барак Обама президент болмок эмес» деген темада чоң иликтөө макаласын чыгарды. «Алинин жашоосу эч кимдикине окшобогон, тарыхый мааниге ээ өмүр болду. Эгерде ал 1960-жылдары саясий чечимдерди кабыл албаса, бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын башында Барак Обама болбойт эле. Мухаммед Али жер планетасындагы адамды өзүнө тартып турган чоң инсандык ички күч­-кубатка ээ адам болчу», - деп жазат Evening Standard. Ал эми USA Today басылмасы болсо Барак Обаманын «Мен үчүн Мухаммед Али ким?», - деген ой толгоосун чыгарды. «Клейдин атын Мухаммед деп өзгөртүүсүн жакшы эстей албайм, анда мен бала элем. Бирок анын төрт жылдык куугундан кийин кайрадан дүйнө чемпиону болуп, өлкөгө кайтып келгени али эсимде. Алиде мени багынткан эң чоң сапаттардын бири - кандай гана бороон-чапкын болбосун, өзүн жоготпой татыктуу чыгуусу эле. Али менен түшкөн сүрөтүм азыр да дубалда илинип турат. Ал мен үчүн боксчу эле эмес, дене күчүн дүйнө тынчтыгына сарптаган улуу инсан», - деп эскерген Обама. Telegraph гезити да Барак Обаманын боксчуну эскерүүсүн блог-макала кылып жарыялады.

Кытайдын катаал билим берүүсү

Economist журналы Кытайда «гаокао» деп аталган өлкө боюнча мектеп окуучуларынын жогорку окуу жайларга тапшыруу сынактарынын канчалык катаал экенин талдады. Өспүрүмдөр бул тест үчүн бир нече жылын сарптап, даярданышат, себеби бул сынактан алардын келечек жашоосу аныкталат. Университеттердин баркын көтөрүү үчүн бийлик 1997-жылдан бери сынак шартын татаалдатып койгон. 1998-жылы жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 46 пайызы гана экзамен тапшырган. Айыл жерлеринде колледж же атайын окуу жайга өткөндөрдүн саны 10 пайыз гана болууда. Орто мектепти бүтпөй жатып эле өндүрүшкө аралашкандары андан көп. «Гаокао» сынагында университеттеги бир орунга 700 абитуриент ат салышат. Элиталык окуу жайлар болсо ири шаарлардагы колунда барлардын балдары барган мыкты мектептер менен гана келишим түзүп, эң жакшы бүтүрүүчүлөрдү тандап алат. Антсе да бийлик жогорку окуу жайга кирүүдө шарттары катаал «гаокао» сынагынын алкагында социалдык тең салмактуулукту сактай алабыз деп айтып келерин Economist басылмасы баяндайт.

Интернетти тизгиндеген бийликтер

Интернет миллиарддаган адамдарга сөз эркиндигинин майданы болуп, мурда-кийин болбогон эркиндиктин эшигин ачса да, дүйнө тирандарынын цензура торуна айланууда деп жазат Washington Post гезити. 2006-жылы Түркия периси болгон Мерве Бүйүксарач Режеп Тайып Эрдоганды социалдык тармактарда сындай койом деп, 31-майда 14 айга кесилди. Эрдоган интернеттеги ой пикирлер үчүн гана 1800дөй кылмыш ишин ачтырган. Ал эми Орусияда болсо 54 киши социалдык тармактагы ээнооздугу үчүн соттолгон. Бирмалык акын Маунг Ха "өлкө президентинин сүрөтүн жыныстык органыма тарттырып алдым" деген саптарды ырына кыстара кеткендиги үчүн алты айга кесилди. Таиландда болсо жөнөкөй эле фабрикада иштеген Танакон Сирипайпун аттуу адам Фейсбукта падышанын итин маскаралады деп айыпталып, үч жылга камалганы турат.

"Падышага акаарат келтирген бул адамдын окуясынан кийин Интернетти эркин сөздүн майданы деп атоо кыйын. Электрондук революцияга эшик ачкан демократтар менен инновациялык компаниялар эми сөз эркиндигин ооздуктаган тирандарды эмне кылышаар экен дейт" Washington Post басылмасы.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG