Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:52

"Таарынчак Эрдоган" куудулду каматат


Режеп Тайып Эрдоган (солдо) менен германиялык сатирик Жон Бомерманн
Режеп Тайып Эрдоган (солдо) менен германиялык сатирик Жон Бомерманн

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (11-18-апрель).

Узаган аптада дүйнөдөгү ири басылмалардын башкы темаларынын бири Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды мыскылдаган германиялык куудулдун тагдыры болду. Foreign Policy журналы акыркы эки жылдан бери Эрдоган өзүнө карата айтылган өлкө ичиндеги да, чет элдеги да сынга чыдай албай калганын баяндайт. Германиялык куудул Ян Бомерманн Эрдоган тууралуу сатиралык поэма окуй койом деп, сот жообуна тартылганы турат. Түрк мамлекет башчысы Бомерманнды Германиядагы түрк азчылыгын кемсинтип, диний ишенимге шек келтирди деп айыптап, немис бийлигинен тийиштүү чара көрүүнү суранган нота жиберген. Арданган Эрдоганды Германиянын канцлери Ангела Меркель токтоосуз жубатууга аракет кылып, куудулду жоопко тартууну сот өкүлдөрүнө тапшырды. Германияда сөз эркиндиги болгону менен, чет элдик мамлекет башчыларын шылдыңдоо тыюу салынган. "Илгери бир кирпи султан болуптур" деген ат менен Economist журналы да ушул тема тууралуу макала басты.

"Немис куудулу Бомерманндын поэмасы Түркия менен Германиянын ортосунда дипломатиялык чырга жол ачты. 2007-жылдан бери эле Ангела Меркель менен Режеп Тайып Эрдоган тил табыша албай келет. Меркель түрк лидерин ашыкча авторитардык бийлик орнотту деп сындайт. Бирок 2015-жылдагы Германияны мүңкүрөткөн качкындар кризисинен улам немис канцлери Эрдогандан жардам суроого аргасыз болду. Түрк бийлиги ак көңүлдүк кылганы менен жөн эле жардам берген жок. Кантсе да Түркия Европа Биримдигинен миллиарддаган евро жардам алып, Греция аркылуу Германияга агылган мигранттарды ооздуктоо аракетин баштаары менен, куудул Бомерманндын сатирасы чыга калып, ишти тетири нукка буруп жатат", - деп баяндалат Economist журналындагы макалада.

Чөлдү гүлзарга айланткан тажик багбаны

The Diplomat аналитикалык басылмасы АКШ Мамлекеттик департаментинин Борбор Азиядагы авторитардык бийлик, сөз эркиндигин чектөө жана ар кандай зордук-зомбулук тууралуу баяндамасын талдады. Ушундай жагымсыз кабарлардын жанына Тажикстанда чөлдү гүлзарга айланткан Рашт өрөөнүнүн тургуну Мирзашо Акобировдун баянын жарыялап, бул макала маанайды жакшыртат деп жазды. Өлкөсүндөгү саясий-экономикалык кыйын кезеңге карабай, башкалардай миграциянын агымына түшпөй эле Акобиров өзүнө таандык жерине алманын 52, алмуруттун 37, өрүктүн 24 түрүн өстүрүп, бакчасын гүлзарга айланткан.

"Акобиров өз кезегинде жарандык согушту, катаал каржылык шарттарды башынан өткөргөн. Азыр ал миграциянын кулуна айланып жаткан тажик жаш муунуна кейийт. Акобиров күнүмдүк тынымсыз аракет менен адам баласы кыйынчылыктын баарын жеңсе болот деген ойду туу тутат", - деп жазат макаланын автору Жо Скоттенфелд.

Рим Папасы Лесбосдогу бир нече качкынды алып кетти

Рим Папасынын Лесбосдогу качкындар лагерине жасаган зыяраты кызуу талкууну жаратты. Ал кайра кайткан жолунда куру кетпей Сириядагы бомбалоодон үйсүз калган үч үй-бүлөнү Римге ала кетти деп жазат The Washington Post гезити. Рим Папасы Франциск Грециядагы качкындар жайгашкан аралга барганында аларга: "Жараткан ушул жердеги бардык боордошторубузга жардамын аябасын, адамкерчилик ааламда өкүм сүрсүн", - деген кайрылуусун жасады. Зыяратынын соңунда ал алты баласы бар үч үй-бүлөнү өзү менен кошо Ватиканга алып кетип, аларга камкордук көрөрүн жар салды. Рим Папасынын бул сапарын Грециянын өкмөт башчысы Алексис Ципрас тарыхый мааниге ээ деп баалады.

Кытай интернетте лотерея сатууну тыят

China Daily гезитинин маалымдоосуна караганда, келерки жылдын январь айынан тарта Кытайда интернеттен лотерея ойнотуу жана сатуу тыйылганы турат. Мындай иш менен шугулданган компанияларга эми мамлекет уруксат бербей, тескерисинче жазага тартат. Лотерея соодасын Кытайда эми Ички иштер министрлиги менен Каржы министрлиги тыкыр көзөмөлгө алмай болду. Кытайда Sina.com, taobao.com сыяктуу ири онлайн лотерея базарлары бар эле. Бул тармакта 2014-жылы 13 миллиард доллар каражат айланганы эсептелген. Бирок кээ бир интернет сайттар кардарларды алдагандан улам тартип сакчыларына түшкөн арыздар да көбөйгөн. Ушундан улам бийлик кескин чарага барды деп баяндайт China Daily.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG