Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25

Кыргыз көмүрү Кытайга сатылышы ыктымал


Нарындагы Кара-Кече көмүр кенинде кезекте турган машинелер.
Нарындагы Кара-Кече көмүр кенинде кезекте турган машинелер.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (3-9-март).

Украина менен Венесуэла дүйнөлүк басма сөздүн назарында кала берүүдө. Эл аралык медиа ошондой эле Кыргызстандын көмүр казуу тармагына жана Түркмөнстан – Индия газ кууруна өзгөчө көңүл бурду.

Украинанын карызы чачтан көп

Украинанын жалпы мамлекеттик карызы – 73.1 миллиард доллар. Расмий Киев быйыл ал карыздын 16.6 миллиардын төлөөсү керек. Ал эми өлкөнүн Улуттук банкынын валюта резерви 17 миллиарддын тегерегинде. Азыркы тапта Украинанын карызы жалпы дүң өнүмдүн 50 пайызына барабар. Кезегинде Украина чет элдик инвесторлорго мамлекеттик баалуу насыя кагаздарын саткан. Ал облигациялардын шарттарынын бири – жалпы карыздын жалпы дүң өнүм менен катышы 60 пайыздан ашпоосу зарыл. Бул тууралуу британиялык IFR журналы жазды.

Европа Биримдиги жана башка чет элдик уюмдардан Украинага бөлүнгөн жаңы насыялар карыз жана жалпы дүң өнүм катышын кооптуу 60 пайызга жеткирет. Башкача айтканда, бул катыш – Украина облигация ковенанттарын же шарттарын бузду дегенди билдирет. Жөнөкөй тил менен айтканда, украин өкмөтү дефолтко учурайт. Ал ортодо убактылуу президент Олександр Турчинов эл аралык донорлордон 35 миллиард доллар сурады.

Австралиялыктар кыргыз көмүрүн Кытайга сатат

Кытайдын Baoshan Iron and Steel (BaoSteel) жана Minmetals Development ишканалары Кыргызстанда көмүр кенин иштеткен австралиялык компаниядан көмүр сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу Steel Guru басылмасы жазды. Австралиянын Celsius Coal кен казуучусу Кыргызстанда эки-үч жылдан кийин көмүр казып алуу ишин баштайт.

Кытайдын эң ири болот иштетүүчү BaoSteel ишканасы Кыргызстанда казылган көмүрдү Шиң-Жаң аймагындагы Bayi Steel заводуна ташыйт. Аты аталбаган кыргыз көмүр кенинен жылына 600 миң тоннага чейин көмүр Кытайга экспорттолоору айтылууда.

ТОПИ газ кууру талкууланды

Ашхабадда 5-мартта Түркмөнстандан Индияга Ооганстан жана Пакистан аркылуу өтчү газ кууру жөнүндө сүйлөшүүлөр өттү. ТОПИ (Түркмөнстан – Ооганстан – Пакистан – Индия) газ долбоору тууралуу жана бул чоң инфраструктуралык долбоорду кантип ишке ашыруу чараларын түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана ооган тышкы иштер министри Зарар Ахмад Османи талкуулашты. Долбоорго ылайык, жылына Түркмөнстандын Галкыныш газ кенинен 33 миллиард м3 көгүлтүр от Ооганстандын Герат жана Кандагар шаарлары аркылуу Пакистанга жана андан ары Индияга ташылат. Бул тууралуу Азербайжандын AzerNews маалымат порталы кабарлады.

ТОПИ газ долбоорунан тышкары, түркмөн-ооган соода, экономикалык жана энергетикалык алакалары жөнүндө сөз болду. Энергетика жана саясат адистери бул ири газ долбоору жөн гана газ ташуу өнөктүгү эместигин билдиришти. ТОПИ газ долбоору Түркмөнстандын энергетикалык кубаттуулугун жана саясий эркин айгинелеген долбоор. Өз кезегинде төрт өлкөнү камтыган газ кууру Ооганстанда жаңы жумуш орундарын жаратып, ооган казынасына көгүлтүр от транзити үчүн төлөмдөрдү алып келет. Белгилей кетчү жагдай, Түркмөнстан Ооганстанга электр энергиясын арзан баада экспорттойт.

Өзбекстан йоддолбогон тузга тыюу салат

Расмий Ташкент жыл аягына чейин өлкөгө йоддолбогон тузду ташып келүүгө тыюу салууну пландоодо. Жылдын экинчи жарымында өзбек эл өкүлдөрү йоддун аздыгынан келип чыккан ооруларды азайтуу жана аларды алдын алуу максатында аталган мыйзам долбоорду талкуулайт. Бул тууралуу "РИА Новости" агенттиги Өзбекстандын парламентинин депутатына таянып кабарлады.

Өзбекстандын саламаттыкты сактоо адистеринин билдиришинче, йоддун аздыгы бир нече олуттуу дарттарга себепкер жана аларды алдын албаса, өлкөнүн генофондуна терс таасирин тийгизет. Аталган мыйзам долбоору "Дени сак жаш бала жылынын" алкагында иштелип чыгууда.

Советтер союзу урагандан бери, йоддун дефицити Өзбекстанда олуттуу маселелердин бири бойдон кала берүүдө. Расмий статистикага ылайык, өзбекстандыктардын 93 пайызы йоддолбогон тузду пайдаланат.

Тажик өкмөт динди көзөмөлдөйт

Расмий Душанбе Тажикстандагы бардык мусулман мекемелерге жана диний ишкерлерге тыкыр көзөмөл салат. Бул тууралуу Новрегиянын Forum 18 маалымат порталы жазды. Өлкөдө диний эркиндик конституциялык укук болгону менен медресе, мечит жана башка ислам мекемелери өкмөт тарабынан текшерилип, жабылып жатат. Тажикстанда учурда бир гана медресеге уруксат берилген. Андан тышкары, мечиттерде кайсыл темалар тууралуу маектер жана талкуулар жүргүзүлөөрүн дагы мамлекет көзөмөлдөйт.

Президент Эмомали Рахмондун буйругу менен Тажикстандагы бардык имамдар бирдей форма кийүүгө абзел. Бул чечим Уламалар кеңешинин сунушу боюнча кабыл алынгандыгын норвегиялык басылма жазды. Өкмөт имамдар аскер жана башка элге кызмат кылган кесиптердей эле бирдей форма кийүүсүндө эч терс көрүнүш жоктугун карманып келет.

Казакстан карыз көлөмүн чектейт

Казакстан өзүнүн банктарына кардарларга берилчү карыздын көлөмүн чектейт. Улуттук банктын жаңы буйругуна ылайык, ар айлык үстөк төлөмдөр кардарлардын маянасынын жарымынан ашпоосу зарыл. Расмий Астана бул кадамга банк тармагынын январдагы көрсөткүчтөрү кескин төмөндөп кеткенден кийин барган. Бул тууралуу Business News Europe басылмасы жазды.

Жаңы токтомго ылайык, өлкөдөгү бардык банктар акыркы алты айда төлөнгөн үстөк төлөмдөрүн тыкыр текшерип чыгышат. Аны менен бирге, кардар айлык маянасынын канча пайызын үстөк төлөмүнө жумшаганын аныкташат. Эгер ал пайыз элүүдөн ашса, анда насыяны берген банкка чаралар көрүлөт. "Улуттук валюта - теңгенин кескин арзандашы менен банктардан кредит алгандар кыйынчылыктарга тушукту", - деп жазды басылма.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG