Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Трамп Конгресстен каражат сурады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп биринчи жолу Конгресстин кош палатасында сөз сүйлөдү. Анда Трамп НАТОну колдорун белгилеп, ички инфраструктура үчүн 1 трлн доллар каражат сурады.

Президент Дональд Трамп Конгресстин кош палатасына кайрылууну 28-февралда жасады. Анда ал НАТОго бекем колдоо билдирип, аскерий тармакты каржылоону көбөйтүү жана “Америка демин кайра жаратуу” максатын жарыялады. Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурундагы убадаларын кайра кайталап, көңүлдү АКШнын ички маселелерине бурду.

Ал Америка шаарларына көңүл бурулбай калды, жумушчулары жапа чегүүдө, саламаттык сактоо системасынын баасы асмандап кетти деди. Трамп Кошмо Штаттардын инфраструктурасы талкаланып, мигранттар арасында кылмыштуулук өсүп кеткенин ырастады.

Дональд Трамп инфраструктура үчүн 1 трлн доллар бөлүүнү Конгресстен сурады:

- Биздин улуттук кайра курууну жолго салуу үчүн АКШнын инфраструктурасына 1 трлн доллар инвестиция салуу боюнча мыйзам долбоорун колдоп берүүгө Конгрессти чакырам. Ал мамлекеттик жана менчик каражаттан миллиондогон жаңы жумуш орундар жаралат.

Тышкы саясатта Дональд Трамп бир нече өзгөчө маселелерге токтолду. Ал мурдагыдай эле “радикалдуу диний террорчулукту”, анын ичинде “Ислам мамлекети” аталган уюмду жок кылууга үндөдү.

- Мен Коргоо департаментине мусулмандарды, христиандарды, аял-эркекти, балдарды, түрдүү ишенимдеги адамдарды өлтүрүүгө барган "Ислам мамлекети" уюмун жок кылуу жана талкалоо планын түзүүнү тапшырдым, - деди президент.

- Биз өзүбүздүн анын ичинде мусулман дүйнөсүндөгү союздаштарыбыз менен биргеликте бул жексур душманды жер жүзүнөн жок кылуу үстүндө иштейбиз, - деп билдирди президент.

Өткөн жылы шайлоо өнөктүгү учурунда Дональд Трамп НАТОнун негизги принциптеринин бири - уюмга мүчө өлкөнүн бирине кол салуу болсо, ал калган баарына кол салуу катары саналат принцибине күмөн санаган эле. Бул НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тынчын алган.

Конгресстеги бир сааттан ашык сөзүндө Трамп НАТОго бекем колдоо көрсөтүп, союздаштарды жайгаргандай болду. Бирок АКШ лидери НАТО мүчөлөрү коргонуу чыгашасын көбөйтүшү керектигин ырастады.

Дональд Трамптын саясатын Конгресстеги демократтар сынга алып келет. 28-февралдагы кайрылуу да сынга алынды. Кентукки штатынын мурунку губернатору демократ Стивен Бешир кесиптештеринин атынан жооп берди. Ал Америка жарандары үчүн ипотека алуу татаалдашып кеткенин, финансылык тармакка көзөмөл кыскарып, жаңы кризистин болушуна шарт түзүлүп жатканын айтып, Трамп миллиардерлер өкмөтүн түзүп алды деди. Бешир мыйзамдарга таянуу менен мигранттар боюнча саясатты жүргүзүүгө болот эле дейт:

- Президент Трамптын колунда баары туруп, качкын жана мигранттарга согуш жарыялады. Байкаңыз, президент миграциялык мыйзамдарды колдонсо болот жана колдонушу керек, бирок биз согуш жана террордон качкандарга жардам берүү боюнча принциптерибизди жана моралдык милдеттерибизди бузбай эле Американы коргосок болот. Үй-бүлөлөрдү ажыратып көз жашын төктүрбөй жана биздин аскер аял жана эркектерибизди коркунучка кабылдырбай эле ишке ашырсак болот.

Мурунку губернатор коопсуздук саясатында Орусиядан келип жаткан коркунуч четке кагылууда деп кошумчалады.

Дональд Трамп өзү АКШнын коргоонуусуна каражат көбөйтүлөрүн билдирген. Ал 2018-жылы коргонуу бюджети 54 млрд долларга көбөйтүлөрүн маалымдаган. Конгресстин айрым мүчөлөрү каражат андан да көп бөлүнүшү керек, Барак Обаманын тушунда коргонуу бюджети 20% кыскарып кеткен деп эскертүүдө. Кошмо Штаттардын коргоо бюджети дүйнөдө эң ири каражатты камтыйт. Ал 600 млрд доллардын тегерегинде экени маалым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG