Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

АКШ аскердик бюджетин көбөйтөт


АКШ келерки жылга аскердик бюджетин көбөйтүүнү чечти. Президент Дональд Трамп Конгресстен бул үчүн кошумча 54 млрд. доллар сурамакчы. Конгресс мүчөлөрү коргонууга каражат андан да көп сарпталышы керек деген пикирди айтууда.

АКШ президенти Дональд Трамп өлкөнүн аскерий бюджетин келерки жылга 54 млрд. долларга же 9% көбөйтүүнү чечти. Тийиштүү бюджет долбоору Конгресске жолдонмокчу. Бул каражат АКШнын сырткы жардамдарын кыскартуу жана айлана чөйрөнү коргоо үчүн сарптала турган каражаттан алынмакчы.

Дональд Трамп 27-февралда губернаторлор менен жолугушууда “алсыраган аскерий тармакты кайра куруу үчүн каражатты көбөйтүү тарыхый чечим болот” деди. АКШ президенти азыркы кооптуу мезгилде аскерий чыгашаны көбөйтүү өлкөнүн кубаты, коопсуздугу жана чечкиндүүлүгү жөнүндө дүйнөгө белги деген:

- Менин бюджетим Американы биринчи орунга коет. Салык долларлары Америкада калып, ал ветерандарга жана биринчи жардам көрсөтүү кызматтарына жумшалыш керек. Бул өтө маанилүү. Бул бюджет Американы коопсуздукта кармоо, террорчуларды, кылмышкерлерди өлкөгө жолотпоо боюнча убадамды аткарууну көздөйт. Зордук-зомбулукчулар абакта кармалып же алар өлкөдөн чыгарылышы керек.

Бирок Конгресстин Эл өкүлчүлүктөр палатасынын Куралдуу күчтөр боюнча комитетинин төрагасы Мак Торнберри Трамптын аскердик бюджетти көбөйтүү сунушун жетишсиз, аз деп баалады. Ал Барак Обамынын тушунда АКШнын аскерий бюджети 20% кыскарган деп белгиледи.

Мак Торнберринин айтымында, Конгресс 2018-жылга аскерий бюджетти Дональд Трамп сунуштагандан да көбөйтө алат.

Кошмо Штаттардын аскерий бюджети дүйнөдө эң көп. Стокгольмдогу тынчтык маселесин иликтөө институтунун маалыматы боюнча, АКШнын аскерий бюджети 2015-жылы 596 млрд. доллар болгон. Ал эми АКШнын аскерий жактан атаандашы катары саналган Кытайдын аскерий бюджети 215 млрд. доллар, Орусиянын аскерий бюджети 66 млрд. доллардан ашуун деп бекитилген. Москва көп жылдык куралдарын жаңылоо боюнча программасын ишке ашырып жатканы маалым.

22-февралда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу ядролук күчтөрдү бекемдөө багытында алдыда турган максаттар тууралуу буларды айткан:

- Биздин алдыбызда стратегиялык-ядролук күчтөр боюнча төмөнкүдөй маселе турат: Стратегиялык багыттагы ракеталык аскердик бөлүктөргө заманбап ракеталык комплекстер менен камсыздалган үч ракеталык полкту кошуу жана аларды күжүрмөн кезметке коюу, модернизацияланган беш Ту-160 жана Ту-95 МС аскерий учактарын күжүрмөн даярдыктагы курамга кошуу, төрт зениттик-ракеталык полкту С-400 системасы менен куралдандыруу милдети турат.

Кошмо Штаттардын акыркы жылдардагы аскерий бюджетине сереп сала турган болсок, 2000-жылдан бери аскерий бюджет 2011-жылы эң бийик деңгээлге жеткен. Ал жылы аскерий бюджеттин суммасы 700 млрд. доллардан ашкан. Андан кийин аскерий бюджет кыскартыла баштаган. 2015-жылы 600 млрд. доллардын тегерегинде болгон.

Кошмо Штаттардын президенти өлкөнүн ядролук куралдарын да жаңылоого киришерин жарыялаган. АКШ, Кытай жана Орусияда жүрүп жаткан бул куралдануулар дүйнөдө кайрадан жарыша куралдуу күч алат деген чочулоолорду жаратууда. Стокгольмдогу тынчтык маселеси боюнча институт жалпы эле дүйнөдө курал сатуу акыркы беш жылдыкта мурунку беш жылдыкка караганда 8,1% өскөнүн билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG