Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

ЕБ лидерлери Лондонду колдоду


Британия премьер-министри Тереза Мэй Брюсселдеги саммитте. 22-март, 2018-жыл.
Британия премьер-министри Тереза Мэй Брюсселдеги саммитте. 22-март, 2018-жыл.

22-мартта Европа Биримдигинин лидерлери Брюсселдеги саммиттин жыйынтыгында уюмдун Москвадагы элчисин чакыртып алуу чечимине келишти. Ошондой эле Орусияга карата башка чаралар да көрүлөрүн эскертүүдө. Алардын оюнча Британиядагы орус тыңчысынын ууландырылышына Орусия жоопкер. Москва айыптоолорду бир канча жолу четке каккан.

Брюсселдеги саммитте жетекчилер түн ортосуна чейин сүйлөшүү жүргүзүп, Еврошаркеттин лидерлери Солсберидеги кол салуу үчүн жоопкерчилик Орусияга жүктөлөт деген Британия өкмөтүнүн оюна кошулушкан.

Нидерланддын премьер-министри Марк Рутте кабарлагандай, Евробиримдиктин Москвадагы элчиси, немис дипломаты Маркус Эдерер Британияга тилектештик билдирүү иретинде кеңешүү үчүн чакыртылып алынат. Германиянын канцлери Ангела Меркел уюм башка да жазалоо чараларын карап жатканын саммитте билдирди:

- Бизде узак талкуу болуп, орток мунасага келдик. Бардык илинчектер бул кол салууга Орусия катышкан дегенди күбөлөп жатат. Чындыгында башка түшүндүрмө жок. Биз окуялардын өңүгүшүн карап турабыз. Британия өз маалыматтарын Химиялык куралга тыюу салуу уюмуна берди. Алардын чечимин да күтөбүз.

Тереза Мэй
Тереза Мэй

Тереза Мэй Брюсселдеги саммитте “Британия европалык демократиялык мамлекет катары бул коркунуч менен чогуу күрөшүү үчүн Европа Биримдиги жана НАТО менен ийиндеш болот. Биз бирге ийгиликке жетебиз” деп билдирди:

- Орусия келтирип жаткан коркунучтар мамлекеттик чек араны билбейт. Бул биздин баалуулуктарыбызга коркунуч жаратат.

"Лондондун пайдасына иштеди" деген айып менен 2006-жылы Орусияда соттолгон, 4-март күнү Британиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготкон абалда табылган мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын жана анын кызы Юлиянын кайгылуу тагдырынан кийин Москва менен Лондондун ортосунда саясий кризис жаралган.

Британ өкмөтү аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылчу “Новичок” аттуу уу зат колдонулган деген бүтүмгө келген жана бул үчүн Москваны айыптаган. Бул жаңжалда Европа Биримдиги жана АКШ Британияны колдоп жатат.

Даля Грибаускайте
Даля Грибаускайте

Брюсселдеги саммиттен кийин Литванын президенти Даля Грибаускайте өз өлкөсүндөгү “орусиялык тыңчыларды кубалоого даяр экенин” маалымдады. Башка Балтика өлкөлөрү жана Польша да кандайдыр бир чара көрүлөрүн кабарлашты.

Ошол эле кезде Еврошаркетке мүчө айрым мамлекеттердин лидерлери Москва менен жылуу мамиле түзүүнү колдойт. Словакиянын жаңы өкмөт башчысы Питер Пеллегрини Москва менен “конструктивдүү диалогду” кааларын айтууда.

Ууланууга чын эле Орусия жоопкер экенинен күмөн санаган Грециянын өкмөт башчысы Алексис Ципрас Евробиримдик Британия менен тилектеш, бирок башка өлкөнү айыптоодо өтө жоопкерчиликтүү болуу керектигине токтолуп, иликтөө жүргүзүшүбүз керек деди.

Европа комиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер Москва менен байланыш каналдарын сактоо маанилүү экенин айтты:

- Өзүбүздүн баалуулуктарыбыздан, принциптерибизден баш тартпастан туруп, Европадагы коңшуларыбыз менен түз сүйлөшүү керек.

Британия буга чейин мурдагы орус тыңчысы ууланган окуяга байланыштуу 23 орусиялык дипломатты чыгарып жиберген жана Москва менен жогорку кызматташтыкты токтоткон.

Александр Яковенко
Александр Яковенко

Орусия болсо, айыптоолорду четке кагып, Британияга жооп катары бул өлкөнүн да 23 дипломатын чыгара турганын маалымдаган.

Орусиянын Британиядагы элчиси Александр Яковенко 22-мартта Лондондогу басма сөз жыйынында айыптоолорду дагы бир жолу четке какты:

- Мен баса белгилеп кетейин - британ өкмөтү расмий турумун жоромолдордун негизинде гана курду. Кандайдыр далилдери жок эле Орусияны "үч адамды ууландырды" деп күнөөлөп, кызматташуудан баш тартып жатат. Биз мындай нерсени кабыл албайбыз.

Ал арада Англиянын Солсбери шаарынын соту иликтөө үчүн ооруканада эс-учуна келбей жаткан Сергей Скрипалдан жана анын кызы Юлиядан анализ алууга макулдук берди. Химиялык куралга тыюу салуу уюму да 21-мартта анализдерди иликтөөгө киришти. Москва орус бийликтери менен маалымат алмашпаса, Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун кайсы бир жыйынтыгын тааныбай турганын ишара кылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG