Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:31

“Эненин бейиши” эл аралык кинофестивалда


Кинорежиссер Актан Арым Кубат
Кинорежиссер Актан Арым Кубат

Чехиянын Карловы Вары шаарында Эл аралык кинофеcтиваль өтүп жатат. Фестивалга 53 өлкөдөн келген 200дөн ашуун тасма катышууда. Борбор Азиядан Казакстан гана бир фильм алып келген. “Рай для мамы” – “Эненин бейиши” тасмасынын режиссеру – кыргызстандык белгилүү киночебер – Актан Арым Кубат.

- Карловы Варыдагы эл аралык кинофестивалга Борбор Азиядан бир эле фильм келиптир, ал казакстандык тасма «Рай для мамы» - «Эненин бейиши», сиз таркан тасма экен. Тасмаңыз эмне жөнүндө?

- Ар бир үй-бүлө өзүнчө бир мамлекет сыяктуу да. Советтер Союзу кулагандан кийин анын терс жактары үй-бүлөгө дагы таасир этти. Үй-бүлөдө болгон проблемалар эки өспүрүм бала аркылуу айтылат. Балдардын башына түшкөн кыйынчылык, түйшүк жөнүндө.

- Үй-бүлөлүк баалуулуктар жөнүндө дагы кеп болобу?

- Ооба. Энеси орус, атасы казак, атасы жумуштун азабынан Орусияга кетип, ошол жакта жок эсеп болуп, балдары ошону билип, ошонун тегерегинде болгон окуя. Бул окуяны Мохсен Махмалбаф деген ирандык белгилүү драматург, режиссер жазган. Анан кийин Сергей Азимов деген казактын белгилүү документалисти, продюсери мага сунуш кылып калды эле. Бул продюсердин каражатына байланыштуу быйыл бүтүп, анан Карловы Вары фестивалына катышып атабыз.

- Көрүүчүлөр, сынчылар кандай кабыл алышты?

- Кечээ жакшы эле кабыл алгандай болду. Анткени киши көп болду, билет жок болуп калды. Келип ойлорун айтып, куттуктап кетип атышты. Анан канчалык, чын пейили мененби, же жөн эле этикалык жактан бизди колдоо кылып атканы белгисиз.

- Буга чейин бул тасма көрсөтүлдү беле, же бет ачаарыбы?

- Дүйнөлүк бет ачары деп коёбуз, биринчи жолу көрсөтүлүп атат. Бирок Казакстанда көрсөткөнбүз, бирок расмий көрсөтүү болгон жок. Бул биринчиси.

- Сиз өзүңүздү аз тарткан режиссерлордун каратына кирем деп айтканыңыз бар. Фильмди тартуунун алдында эмнесине карайсыз, кандай тандайсыз?

- Кино эки тармакка бөлүнөт десе болот. Биринчи коммерциялашкан фильмдер, атайын рынок үчүн жазалган. Экинчиси болсо искусство катары жасалган тасмалар. Мен ошол багытта иштейм көбүнчө.

Бизди орусча автордук кино деп коёт, чет эл жакта артхаус деп коюшат. Муну терең ой жүгүрткөн кинолор десе да болот. Тасмаларда бирөөнүн сценарийи болобу, же өзүмдүкүбү болобу, ошонун тегерегинде болгон окуялар, ошол мазмунду чагылдырган, субъективдүү кино деп коёт. Анткени мен өзүмдүн ичимдеги ойлорумду, сырларымды чагылдырганга аракет кылам.

-Актан мырза, сиз эл аралык фестивалдарга көп катышып жүрөсүз. «Свет акенин» дүйнөлүк премьерасы Канн кинофестивалында болду, Анапада «Киношокко» катышып жүрөсүз. Карловы Варыга биринчи жолу келдиңиз. Бул фестивал кандай таасир калтырып атат. Дүйнөдө бул фестивал кандай рейтингди ээлейт?

- Карловы Вары деген илгерки тарыхы бар фестивал. Соцлагер болгон убакта көркөм тасмалардын бирден бир деген фестивалы болчу. Бул Москва фестивалы менен атаандаш болуп жүрчү. Бүгүнкү күндө фестивалдардын өзүнүн классификациясы бар, А тобундагы фестивалдарга кирет.

Бул Каннга, Венеция, Берлинге окшогон фестивалдар. Менин көп тасмаларым же Канн фестивалында, же Локарнодо болуп калып, бул жака келген жок. «Беш кемпир» келиптир, бирок конкурска катышпай, дүйнөлүк кинолор деген секцияга катышыптыр, анда мен чакырылган эмесмин.

Бул фестивалдын деңгээли аябай чоң экен, ачылышында катыштык. Дүйнө жүзүндө белгилүү фестивалдардын бири, кино өнүгүүсүнө салымы бар.

- Бул Казакстанда тарткан биринчи тасмаңыз эмес?

- Режиссер катары тарткан биринчи тасмам. Бул тасмамдын астында «Берүүн» деген тасма чыккан. Анда мен сценарийдин автору болчумун. «Эненин бейишинен» киийн, «Кеч махабат» деген тасма тартылган. Ал дагы өзүнүн убактысын күтүп атат. Мен анда дагы драматург катары катышып атам.

«Кеч махабат» деген чоң долбоор болуп калды. Ал тартылып, монтаждалып, копиясы чыкканы турат. Ал долбоордун өзгөчөлүгү - Жерар Депардье деген француздун белгилүү актеру тартылган.

- Ал дагы Казакстанда тартылганбы?

- Ооба, ал дагы Казакстанда тартылган. Бирок сценарийдин негизи меники. Сергей Азимов деген продюсер менен кошулуп жазган сценарий.

- Рахмат сизге, чыгармачылык ийгиликтерди каалбайбыз, тасмаңыз буюрса бир сыйлык алып калаар Карловы Варыда.
XS
SM
MD
LG