Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:43

Германиядагы боорсок курсу


Гүлайым Бекбагышова (ортодо) курстун катышуучулары менен
Гүлайым Бекбагышова (ортодо) курстун катышуучулары менен

"Вия-Киргизия" долбоорунун координатору Гүлайым Бекбагышова Элдик университетте боорсок курсун өткөрдү.


9-октябрда Рaвенсбург шаарындагы Элдик университетте Улуу Жибек жолундагы элдердин дасторконуна коюлуучу тамак-аштардын түрлөрүн жасоонун ыкмалары көрсөтүлгөн курс өтүп, анда Кыргызстандын тарыхы, каада-салттары тууралуу да маалымат берилгендигин уюштуруучу Гүлайым Бекбагышова айтып берди.

Бекбагышева: Германиянын түштүгүндө Равенсбург деген шаар бар. Менин кайындарым ушул чакан шаарчадан болот. Ушул жердеги Элдик университетте (коомдук борбор) «Жибек Жолунун тамак-ашы» (немисче Kulinarische Seidenstrasse) деген аталыштагы курста биздин тамак-ашты жасаганды үйрөттүм. Самса, лагман, палоо жасадык. Ошондой эле боорсок жасап, ал биздин улуттук тамагыбыз деп көрсөттүм. Тамактын көбү койдун эти менен жасалды, курска сегиз киши катышты, арасында эки эркек да болду. Лагмандын тарыхын айтып бердим. Италиянын атактуу спагеттиси (кесменин түрү) биз тараптан келгендигин айттым.

Курстун катышуучулары, ортодо Гүлайым Бекбагышева
Курстун катышуучулары, ортодо Гүлайым Бекбагышева
Жусупжан: Спагетти чынында эле лагмандан чыгыптырбы?

Бекбагышева: Ооба, спагеттини венециялык атактуу саякатчы Марко Поло XIII кылымда Жибек Жолу менен Кытай тараптан алып келген. Полонун китебинде жок, бирок бул тууралуу башка булактардан окуйбуз.

Жусупжан: Спагеттини илгери колго жасашчу экен, бүгүн ал фабрикадан гана чыгат, кээ бир кымбат ресторандарда гана, анан колунда барлар гана колго чоюп жешет. Кытайлык китлап (кургатылган даяр кесме) келгенден бери бизде да колго кесилген кесме көздөн учуп калбадыбы. Ал эми лагман колго гана чоюлат. Лагманды чоюп көрсөттүңөрбү?

Бекбагышева: Ооба, камырды кантип чоерун көрсөтүп берсем, элдер кызыгып, өздөрү да чоюшту.

Жусупжан: Биздин тамак күчтүүрөөк, майлуурак келет эмеспи.
Лагманды минтип чоет турбайбы!
Лагманды минтип чоет турбайбы!
Холестерин көп деп коркушкан жокпу?

Бекбагышева: Коркушкан деле жок. Бир катышуучу Өзбекстанда болуптур, чынында эле ал жакта тамак-аш майлуу экендигин билет экен. Бизде тамак-аш күчтүү, калориялуу, чөп-чар да күчтүү, анткени мал башка шартта багылат, азык-түлүк да такыр башка. Ал эми курста мен Германияда сатылган азык-түлүктү эле колдондум.

Жусупжан: Анда тамактын даамы да бөлөк болуп калат да? Силер лагман чойгонду, палоо басканды бир сыйра көрсөтүп берсеңер, бул тамактын нагыз даамын Кыргызстандан барып таткыла деп айтууга туура келген турбайбы?

Бекбагышева: Ооба, мен көрсөтүп берген тамактардын даамы Кыргызстанда таптакыр башкача деп айттым. Аба-ырайы, климатына биздин азык-түлүк төп келишет.

Жусупжан: Жасаган тамакты ошол жерден эле жеп алдыңарбы?

Катышуучулар дасторкон үстүндө
Катышуучулар дасторкон үстүндө
Бекбагышева: Ооба, беш сааттын ичинде жасаган тамакты кадимкидей дасторконго коюп, кыргызча жасалгаладым. Менде кичинекей боз үйлөр, кыргызча кийим кийген куурчактар бар, ошолорду көрсөтүп, бизде кайсы элдер жашайт, алардын салттары кандай, географиясы кандай экендигин айтып бердим. Көп суроо беришти, баарына жооп бергенге аракет кылдым.

Жусупжан: Германиянын ак шарабы мыкты келет, сыра да (пиво) көп ичишет. Ал эми силер дасторконго кандай ичимдик, суусундук койдуңар?

Бекбагышева: Кыргызстандан алып келген кичинекей самоорум бар, аны коюп, кара, көк чай демдедим. Булардын өздөрүнүн ак шарабын койдум. Ошондой эле арак болду, Германияда водка деп сатылат. Бизде ким кааласа арак ичет, мусулманбыз дегендер ичпесе ичпейт деп түшүндүрдүм. Себеби немистер Кыргызстанга саякаттап баргылары келет, ал жакта элдин турмушу, үрп-адаттары кандай экендигин билгилери келет. Ошонун баарын айтып, түшүндүрдүм.

Маалымат үчүн: Гүлайым Бекбагышева кесиби инженер-гидротехник жана экономист-аудитор, "Виа Киргизия" долбоорунун негиздөөчү-координатору (http://www.via-kirgisia.de) жана Германиядагы Элдик Университеттин доценти, Мюнхенде жашайт.

XS
SM
MD
LG