Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:39

Элиңизге эмне эмгек кылдыңыз?


Москвадагы кыргыз мигранттары
Москвадагы кыргыз мигранттары

Көз карандысыздыктын 20 жылдыгына карата "Азаттык" ушундай суроо менен чет өлкөдө жашап жаткан айрым мекендештерибизге кайрылды.

Айсада Үчүгөнова иш ордунда
Үчүгөнова: Айылымдагы мектепке жардам берем

Германиянын Саарланд университетинде нано, био-технологиясын изилдеген илим доктору Айсада Үчүгөнова жети жылдан бери алыста жүрсө да, киндик каны тамган жерин унутпайт. Бир туугандары менен Нарындын Ак-Талаа районунда «Сыймыгы бол элиңдин!» деген долбоорду ишке ашырып келет. Жакында эле Ак-Талаадан кайткан жаш окумуштууга телефон чалганымда, үй-бүлөлүк долбоор тууралуу буларды айтып берди:

- Басира Миталипова атындагы үй-бүлөлүк өнүгүү фонд түзүп, анын эсебинен “Сыймыгы бол элиңдин!” долбоорун каржылап келебиз. Жаш өспүрүмдөрдүн билим деңгээлинин, интеллектисинин, чыгармачылык жөндөмүнүн өсүшүнө, аларды окуткан мугалимдердин педагогдук чеберчилигин, жоопкерчилигин жогорулатууга стимул катары Бердалы Календеров атындагы мектептин (Нарын областы, Ак Талаа району) мыкты мугалимдерине, окуучуларына, таланттуу балдарга стипендия, дипломдорду уюштуруп беребиз. Келечекте мыкты адис инсандар өсүп чыгып, туулган жерин өнүктүрсө деп тилейбиз. Айылда чет тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгү өтө начар болгондуктан бул жылы окуучунун өз алдынча үйрөнүүгө жардам кылчуу англис китептерин, DVD, кассеталарды жана көрсөтмө куралдарын сатып берип жатабыз. Бул айылдык жөндөмдүү балдардын да чет өлкөдө билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жардам берет.

Германиядагы кыргыз илимпозу Үчүгөнова менен маекти толугу менен бул жерден окуңуз.

Чоткараева: Кыргыз жигиттерин түрмөдөн алып калдым

Иш маалындагы тыныгуу, оңдо - балалуу мигрант келин
Европалык Конктакт тобунун Плзен шаарындагы жардамчы-координатору Жумагүл Чоткараева беш жылдан бери мигранттарга керек болсо, баш калаа Прагага чейин келип жолугуп, укуктук кеп кеңешин берип турат. Бирок көптөрү мыйзамды, өз укуктарын билбей, кеч кайрылгандыктан, жардам бере албай калган учурлар да көп. Эки кыргыз жараны депортация тууралуу буйрук чыкса да, Чехияда калып калгандыктан, экинчи жолу кармалганда, аларды депортациялык түрмөгө отургузуп, кесип жибере турган болушат. Ошондо гана экөө Жумагүл Чоткараевага түрмөдөн телефон чалышат:

- Бүт тааныштарды ортого салдым. Кыргыз балдар экен, ата-энеси күтүп атса керек деп ойлодум, менин да балдарым бар. Алар да ата-энесине жардам берели деп ушул абалга туш келишти. Мыйзамдарды бузушса да, ички иштер министрлигине, эл аралык миграция уюмуна кайрылып жатып, кылмыш ишин козготтурбастан, админситративдик чекилик катары ишти жаптырып, Кыргызстанга жибергенге жардам бергем.

Чехиядагы кыргыз юристи Чоткараева менен маекти толугу менен бул жерден окуңуз.

Төлөгөнов: Кыргыздарга тамакты арзандатып берем
Медер Төлөгөнов өз кафесинде, сүрөттү тарткан Туман Жумабаев, 2011-ж.

Медер Төлөгөновдун Санкт-Петербургдагы «Алмаз» деген кафесине барсаңыз, кыргыз катары 20 пайыз арзан түштөнөсүз. Орусияда көптөгөн жылдардан бери жашаган ишкер азыр Миланда окуп жаткан опера ырчысы Жеңишбек Ысманов өңдөңгөн жаш таланттарга да каралашып турат:

- Кыргыздарга тамакты арзандатып беребиз. Өткөн дем алышта Кыргызстандын көз карандысыздыгына карата майрам болду, ал жерге да тамак алып барып, таркаттык. Тууган-урук, айыл-журтка жардам беребиз. Анан Питерге келип калган кыргыздарга каралашабыз. Ырчы Керим Тураповдун окуусучу Жеңишбек Ысманов келип калган экен, аны мейманканага жайгаштырганга көмөктөшүп, конокко чакырдык. Аны кыргызстандык сүрөтчү Туман Жумабаев Марийинский атындагы театрга орноштурган, кийин Миланга окууга кетти. Миланда биринчи окуп келген Болот Миңжылкиев болгон экен, экинчиси мына ушул Жеңишбек болуп отурат.

Элита Султаналиева: Парижде кыргыз көргөзмөсүн өткөрдүм
Элита Султаналиева

Элита Париж университетинде саясат таануу боюнча магистрдик окууда окуйт, бир эле мезгилде Кыргызстандагы тикмечи апасы экөө «Кереметтүү жерим» деген аталыштагы модалуу кийим тигет. Ал кийимдерин жана Кыргызстандан сүрөттөрдү ушул көз карандысыздык мааракесинде Парижде өз каражатына өз күчү менен өзү уюштурган көргөзмөдө көрсөттү:

- Кыргызстандын имиджи начар болуп жатат. Мен өлкөбүздү жакшы жагынан көрсөтүп, 20 жылдык эгемендүүлүк күнүнө карата көргөзмө уюштурайын деп чечтим. Бул тууралуу беш жыл мурда ойлонуп баштагам, буйрук ушул экен 31-августка туура келди. Франция Кыргызстанга абдан кызыгат. Бул кызыгууну биз колдошубуз керек. Маданияттан таанылсак, анан бизнес, инвестиция артынан келет деп ойлойм. Бул үчүн Кыргызстан тууралуу жалпы эле Европада жакшы ой-пикир болушу керек. Ал эми мындай ой-пикирди түзүү биздин, кыргыздардын колунда.

Парижде Элита Султанова уюштурган эки күндүк көргөзмө Кыргызстандын Брюсселдеги элчисинин катышуусу менен 31-августта салтанаттуу ачылды. Анда Элита өз ырларын окуп, пианинодо кыргыз композиторлорунун чыгармаларын ойноду.

XS
SM
MD
LG