Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:57

Ирак Башика шаарчасын жоочулардан бошотту


Мосулдун жанындагы ирак армиясы.
Мосулдун жанындагы ирак армиясы.

Ирак армиясы Мосулга жакындаган маалда “Ислам мамлекети” радикал тобу өлкө түндүгүндөгү Анбар провинциясына чабуул коюшту.

23-октябрда күрттөрдүн пешмерга кошуундары Мосулдун жанындагы Башика шаарчасын бошотушканын билдиришти.

Бир жума мурун Ирактын өкмөттүк армиясы түштүктөн, ал эми күрттөрдүн пешмерга кошуундары түндүк тараптан Мосулга карай жыла башташкан. Ошондон бери калаанын айланасындагы бир нече айыл-кыштактар, майда шаарлар террорчулардан бошотулду.

- Хамдания кыштагы 100 процент биздин колубузга өттү деп айта албайм. Бирок биз алга жылуудабыз. Экстремисттер мина, жардыргыч заттарды коюп кетишүүдө. Биз аларды зыянсызандыруудабыз. Абдан көп тоскоолдуктар түзүлүүдө, - дейт Хасан аттуу ирактык аскер.

Жекшемби күнү пешмерга бөлүктөрү Мосулдун түндүк-чыгышына жаңы чабуул башташты. АКШнын расмий өкүлү Ирактагы күрттөрдүн лидери Масуд Барзани Пентагондун башчысы Эштон Картерди Башика шаары террорчулардан тазаланганын кабардар кылганын билдирди.

Ирак армиясы
Ирак армиясы

Ал ортодо жекшембиде “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлери өлкө түндүгүндөгү Анбар провинциясына чабуул коюшту.

Чөлкөмдүн батышындагы Рутба шаарчасын өкмөттүк күчтөр экстремисттерден мындан төрт ай мурун кайтарып алышкан эле. Шаар мэри Имад Мешаал жоочулар менен коопсуздук күчтөрү ортосунда кармаш жүргөнүн маалымдап, премьер-министр Хайдар ал-Абадиден аскерлерди жөнөтүүнү өтүндү. Бир нече күн мурун эле, 21-октябрда Ирактын коопсуздук күчтөрү мунайга бай Киркук шаарын коргоп калышкан. Бирок анда 80 киши, көбүнчө жоокерлер окко учкан.

Байкоочулар белгилешкендей, жихадчылар көңүлдү Мосулдан башка жерлерге бурдуруу үчүн улам бир жерде кол салууларды ишке ашырып келатышат.

Ирактагы кырдаал менен таанышуу үчүн жерине барган АКШ коргоо министри Эштон Картер ишемби күнү премьер-министр Абади менен жолугушуп, эртеси күрттөрдүн лидери Барзани менен кездешти.

Эштон Картер менен Масуд Барзани. Ирбил, Ирак, 23-октябрь, 2016-жыл
Эштон Картер менен Масуд Барзани. Ирбил, Ирак, 23-октябрь, 2016-жыл

Маалыматтарга караганда, Пентагондун башчысы түрк куралдуу күчтөрүнүн аймактагы ролун да талкуулашы мүмкүн.

Башикага жакын жерде жайгашкан аскердик базада түрк армиясынын 500-1000 миңдей өкүлү Мосул операциясына катышкан сунни жана күрт аскерлерин машыктырып келатышат. Түркия өкмөт башчысы Бинали Йылдырым Анкара Вашингтон жана Багдад күрт жана шиит кошуундарынын Мосулду алуудагы орду боюнча убадаларына канааттанбаганын айтып, Түркия түндүк Иракта "тиешелүү чараларга" даяр деп белгиледи.

Түрк аскерлери сунни урууларынын куралдуу күчтөрүн жана пешмерга кошуундарын Башикада 2015-жылдын соңунан бери машыктырып келатышат.

Бирок түрк аскерлеринин Иракта жайгашышы талаш-тартыш жаратып, Багдад өкмөтү кошуна өлкөнүн контингентинен чыгып кетүүнү талап кылууда. Вашингтон тараптарды араздашууну жөнгө салууга чакырууда.

Мосулду таштап кетип бараткан качкындар
Мосулду таштап кетип бараткан качкындар

БУУнун маалыматы боюнча Мосулду алуу операция башталгандан бери шаарды төрт миңдей карапайым киши таштап кетти. ЮНИСЕФ качкындар лагерлеринде шарттар балдар үчүн өтө начар деп билдирди.

Мосул операциясына 250 миңден көп Ирак аскерлери, АКШ баштаган коалициянын учактары тартылган. Шаарда бир миллиондой жайкын жашоочу кала берүүдө. Радикал топ Мосулду 2014-жылы өз көзөмөлүнө алган.

XS
SM
MD
LG