Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Эрдоган Грецияга тарыхый иш сапары менен барды


Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Грецияга тарыхый иш сапарын баштады. 65 жылдан бери бир да түрк мамлекетинин башчысы НАТО боюнча өнөктөш болгон бул коңшу өлкөгө бара элек болчу. Байкоочулардын айтымында, бул сапары менен Эрдоган Евробиримдик менен болгон мамилесин оңдоону көздөп жатат.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Грецияга тарыхый иш сапары менен барды. Ал өкмөт башчы Алексис Ципрас менен жолугуп, баш калаа Афинынын чок ортосундагы белгисиз аскердин эстелигине гүлчамбар койду.

Эки күндүк иш сапарынын алкагында Эрдоган Грециянын президенти Прокопис Павлопулос жана Грециядагы мусулман коомунун өкүлдөрү менен да жолугушуусу күтүлүүдө.

Түрк лидеринин келишин утурлай грек өкмөтүнүн маалымат катчысы Димитрис Цанакопоулус бул сапардын маанилүү экенин белгилеп, Афины сүйлөшүүлөр натыйжалуу болоруна үмүт артып жатканын айткан.

Ошол эле учурда ал Эге деңизинин жана аба мейкиндигинин бөлүнүшүн “жакшыртуу” жөнүндө Эрдогандын чакырыктары аймактык талашты күчөтөөрүнөн грек өкмөтү чочулай турганын билдирди.

Бир күн мурда Эрдоган гректердин "Skai" телеканалы менен болгон маегинде Лозанна тынчтык келишими жаңыланууга муктаж экенин айткан.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган.

1923-жылы кол коюлган Лозанна келишиминде башка маселелер менен катар Эге деңизиндеги аралдарга болгон Грециянын укуктары каралган.

Эрдогандын бул билдирүүсүнө премьер-министр Алексис Ципрас жооп кайтарып, бул Грециянын турумуна каршы келерин түрктөрдүн "Анадолу" агенттиги менен болгон маегинде билдирди.

Мындай кайым айтышууга карабастан эки өлкөнүн лидерлери тарыхый сапардын алкагында чөлкөмдөгү байланыштар, энергетика, ишкерлик, Түркиянын Еврошаркетке кирүү маселеси, Эге деңизиндеги талаштуу жерлерди талкуулай тургандыгы күтүлүп жатат. Ал эми айрым эксперттер бул сапар менен Эрдоган Түркия менен Евробиримдиктин ортосундагы салкындап кеткен алаканы жакшырткысы келет деп эсептешет.

Алардын бири - грециялык эксперт, Пантеон Университетинин кызматкери Константинос Филис:

- Бул түрк президентинин Евробиримдик менен алаканы жакшыртуу боюнча аракети. Анткени түрк экономикасы Европа өлкөлөрүндөгү капиталдан көз каранды. Эрдоган АКШ менен алакалары бузулгандыктан Батыштагы эки фронт менен тең тиреше албай турганына көзү жеткен сыяктанат.

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас.
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас.

​Түркиянын Евробиримдик менен алакасы 2016-жылы Анкарадагы мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин начарлап кеткен. Бул окуядан соң Эрдогандын он миңдеген адамдарды камакка алуу тууралуу чечимин шаркеттин айрым лидерлери кескин сынга алышкан.

Афиныдагы сүйлөшүүлөрдө качкындар кризисине да көңүл бурулары күтүлүп жатат. Жакынкы Чыгыштан Евробиримдик өлкөлөрүнө агылган качкындар Эге деңизиндеги грек аралдары аркылуу Европага өтүшөт.

- Менимче, Греция бул маселени көтөрөт. Анткени Евробиримдик менен Түркиянын билдирүүсү эки тараптан тең ишке ашууда. 2017-жылдын сентябрь айынан бери качкындардын саны кайра өтө көп болбосо да өсө баштаганы байкалууда. Бул грек аралдарындагы кырдаалды да начарлатышы мүмкүн, - деди Пантеон Университетинин кызматкери Константинос Филис.

Эрдоган андан тышкары былтыркы төңкөрүш аракетинен кийин Грецияга качкан сегиз жоокердин маселесин да көтөрүшү ыктымалдыгы айтылууда. 2016-жылкы бийликти төңкөрүү аракетинен кийин сегиз офицер тик учак менен Грецияга кире качып, башпаанек сурашкан. Түркия аскерлерди төңкөрүш аракетине катышы бар жана мекенине чыккынчылык кылды деген жүйө менен грек бийлигинен аларды өткөрүп берүүнү талап кылып келет. Ал эми Афинадагы Жогорку Сот болсо аларды мекенине кайтаруудан баш тарткан.

Грецияга кире качкан аскерлердин бири.
Грецияга кире качкан аскерлердин бири.

Греция менен Түркия алакалары ондогон жылдардан бери Эге деңизиндеги талаштуу аймактар боюнча чыңалган бойдон турат. Эки өлкөнүн мамилеси кээде согуш абалына чейин жеткен учурлар болгон. Эрдоган Грецияга премьер-министр катары 2004-2010-жылдары барган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG