Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:09

Мэй: Орусия Батышка жик салууну көздөйт


Тереза Мэй
Тереза Мэй

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Европаны Орусия кириптер кылган коркунучтардан коргоого убада берди. Москванын аракеттерин “эл аралык тартипке коркунуч” деп баалаган британ өкмөт башчысы Орусия Батышка жик сала албасын айтты. Тереза Мэйге чейин өткөн аптада эксперттер тобу Батыштын Орусияга жооп кайтаруу иретиндеги чараларын “чектелүү жана чабал” деп эскерткен болчу.

Британиянын премьер-министри ырастагандай, Лондон Брексит жараянын ишке ашырып, Евробиримдиктен чыккандан кийин да эски континентти коргоо боюнча милдеттенмелерин бекем карманат.

Тереза Мэйдин айтымында, расмий Лондон НАТО биримдигинин жана башка байланыштардын алкагында Орусиянын ишмердигине каршы чара көрө бермекчи:

- Крымды мыйзамсыз аннексиялоо Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин Европада суверендүү бир өлкө башкасынын аймагын күч менен тартып алган алгачкы окуя болду. Ошондон тарта Орусия Донбасста чатак чыгарып, европалык бир нече өлкөнүн аба мейкиндигин бузуп жатты. Тынымсыз кибер тыңчылык уюштурду, анын ичинде шайлоого кийлигишүү да болду. Ал маалыматты куралга айлантууга умтулууда. Батышты бөлүп-жаруу, биздин институттарга шек келтирүү максатында жалган окуяларды ойлоп таап, сүрөттөрдү жаратуу үчүн өзүнүн мамлекетке караштуу медиа уюмдарын жайгаштырып жатат. Андыктан менин Орусияга айтар бир эле сөзүм бар: биз силердин эмне жасап жатканыңарды билебиз жана ийгиликке жетпейсиңер. Анткени силер биздин демократиянын туруктуулугун баалабай жатасыңар.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин
АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин

Тереза Мэйдин бул айткандары АКШ президенти Дональд Трамптын өткөн апта соңунда Орусияга айткан оң маанидеги кебинен кыйла айырмаланды.

Трамп менен Путин Азиядагы саммитте кездешкенде Орусия президенти АКШ лидерине Москва былтыркы президенттик шайлоого кийлигишпегенин кайрадан билдирген. Трамп Орусия лидери мындай сөздөрдү чын ниеттен айтканына ишенгенин билдирип, бул үчүн мекенинде өз оппоненттеринин сынына кабылган.

Учурда Британия да "Орусия өз кезегинде Брексит боюнча 2016-жылдагы референдумга кийлигишкен эмеспи?" деген маселени иликтөөдө.

Тереза Мэйдин Орусияга багытталган кийинки дооматтарын Москвадан Федерация кеңешинин Эл аралык мамилелер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев “негизсиз” деп четке какты.

Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий болсо "Орусияга эл аралык эрежелер системасын бузууга аракеттенип жатат деген кине коюулушун кош стандарттуулуктун кезектеги көрүнүшү” деп атады.

Тышкы саясаттын маселелерине арналган сөзүндө британ өкмөт башчысы өз өлкөсүнүн “Кансыз согуш дооруна кайтууну каалабасына” да токтолду, Британия Орусия менен карым-катышта турушу керектигин, тышкы иштер министри Борис Жонсондун алдыдагы айларда Москвага барарын белгиледи.

Бирок Тереза Мэй кибер коопсуздук тууралуу да кеп кылып, британ өкмөтү “орусиялык олигархтардын коррупциядан тапкан кирешелери” Британияга инвестиция катары жумшалбашы үчүн каржы эрежелерин күчөтөрүн да кошумчалады.

Британ премьерине чейин коопсуздук жана тышкы саясат боюнча европалык эксперттер өткөн аптада Кремлдин “демократияга кастык аракеттерине” каршы Батыш өлкөлөрүнүн буга чейин жасаган иштери “чектелүү жана чабал” экенин эскерткен.

“Путиндин Евро-Атлантикалык аймакты бөлүү жана башкаруу пландарына” каршы чара көрүү зарыл экенин айткан жетимиштей эксперт саясий лидерлерди Орусия жараткан коркунучтарды таанып, анын “душмандык ишмердигин” аныктап, иликтөөгө чакырган.

Орусиянын дезинформация өнөктүгүнө жооп чара катары Евробиримдиктин лидерлери буга чейин East Stratcom аттуу жумушчу тобун түзгөн. Анын максаты - шаркеттин саясаты менен баалуулуктарын Чыгыштагы коңшуларга жайылтуу болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG