Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

Булганган аба жети миллион өмүрдү алат


Бээжинде түтүндөн улам мурунтук тагынууга аргасыз болгон адамдар. 21-декабрь, 2016-жыл.
Бээжинде түтүндөн улам мурунтук тагынууга аргасыз болгон адамдар. 21-декабрь, 2016-жыл.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму жылына жер жүзүндө 7 миллиондой киши абанын булганышынан көз жумат деп билдирди. Алардын басымдуу бөлүгү Азия жана Африканын жакыр өлкөлөрүндө жашайт. Дүйнөдө 10 кишинин тогузу булганыч аба менен дем алат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун департамент директору Мария Нейра апта башында жарыяланган жаңы изилдөө кооптуу кырдаал түзүлгөнүн көргөзөт деп эсептейт:

- Жылына дүйнөдө 7 миллиондой кишинин абанын булганышынан каза болушу акылга сыйбаган көрүнүш. Бул деген ар бир он кишинин тогузу биздин уюм аныктаган эл аралык стандарттарга туура келбеген, булганган аба менен дем алат дегенди билдирет.

Уюм ал докладында жүрөк оорусунан, инсульт же өпкө рагынан көз жумган адамдардын 25 пайызга жакыны булганган абадан дем алган деп билдирди.

Бул сан акыркы жылдары өзгөрбөй келет. Себеби айлана-чөйрөгө зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы глобалдуу проблемага айланган.

- Дүйнөдө 3 миллиарддай киши же калктын дээрлик жарымы үйлөрүн жылытууга же тамак жасаганда көмүр, көң-тезек жагат. Анын бардыгы айлана-чөйрөнү булгаган, адамдын ден соолугуна зыянын тийгизген отун. Бул маселени чечүү зарыл. Калың элди таза, атмосфераны булгабаган энергия ресурстары менен камсыздоо өтө маанилүү.

Пакистан
Пакистан

Зыяндуу заттардын абага бөлүнүп чыгышынан өзгөчө жакыр өлкөлөрдөгү аялдар менен балдар жабыркайт. Себеби үй тиричилиги менен адатта балалуу аялдар алектенет эмеспи.

Абанын булганышына, албетте, завод-фабрикалар өңдүү өндүрүштөр, көмүр менен иштеген жылуулук станциялары, айыл чарба, транспорт секторлору чоң салым кошот. Айрым аймактарда абанын сапатына чөлдөгү кум, чаң, токойлордун кыйылышы жана өрттөнүшү же географиялык, метеорологиялык шарттар өңдүү табигый факторлор таасир этет.

Македония
Македония

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун изилдөөсү сателлиттерден алынган маалыматтарга жана 4 300 шаардагы базаларга негизделген.

Уюм октябрда абанын булганышы жана ден соолук темасына арналган конференция өткөргөнү жатат. Ага дүйнөнүн булуң-бурчунан энергетика, транспорт, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттык сактоо министрлери катышат.

Адистер дүйнө калкынын өсүшү, айрым өлкөлөрдө жетекчилер арасында саясий эрктин жоктугу атмосферага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу чөйрөсүндө сезилээрик жылыштарга алып келбей жатканын белгилешет.

"Азаттыктын" архиви: Ышталган Бишкек

Ышталган Бишкек
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:29:11 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG