Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

ММК: Жанкечтилер мындан да чоң теракт уюштурмак


CNN Turk кабарлагандай, Ички иштер министри Эфкан Ала Ататүрк аба майданындагы чабуулга байланыштуу парламентте маалымат берип, үч жанкечтинин биринин тек-жайы жана улуту такталганын айтты. Министр 43 киши каза болгонун, бул санга террорчулар камтылбаганын, маркумдардын 19у чет өлкө жарандары экенин белгиледи.

Соңку маалыматтарга караганда, Ататүрк аэропортундагы жардырууга байланыштуу Стамбул шаарындагы 16 үйдө тинтүү жүргүзүлүп, 13 киши убактылуу кармалды. Алардын үчөө чет өлкөлүк жарандар. Рейд Измир шаарында да болду.

Daily Sabah, Hurriyet, Milliyet жана түркиялык башка басылмалар кол салгандардын улуту аныкталганын жазышты. Алардын маалыматы боюнча, террорчулардын бири кыргызстандык, дагы бирөө өзбекстандык, үчүнчүсү кавказдык орус жараны болуп чыккан. Дагестандыктын паспорту алар турган үйдө табылган, ал Түркияга бир ай мурун киргени аныкталды.

Haberturk сайты жардырууларды ишке ашырган жанкечтилер Брюcсель аэропортуна кол салган террорчуларды кайталаганын жазат. Алар 32 күн мурун шаардын Фатих бөлүгүндө ижарага алган батирде даярданып, жардыргыч зат менен дүрмөттөлгөн желеткелерди, Калашников автоматтарын курткаларына жакшылап жашырышкан. Экөө башка жүргүнчүлөрдөй болуп жонуна рюкзак асынып, колуна сумка көтөрүп алышкан. 28-июнда кечки саат 8 жарымдарда аэропортко такси жалдап жөнөшкөн, - деп сүрөттөгөн басылма ошол террорчулардын биринин тек-жайы аныкталганын жазат. Ал чечен улутундагы орус жараны О.В аттуу киши экени, Түркияга Ирактын Ракка шаарынан келгенин белгилүү болду, - деп маалымдайт Haberturk.

Ал эми Sabah гезитинин жазганына караганда, жанкечтилер мындан да чоң теракт уюштурууну көздөп, бирок коопсуздук кызматкерлери жайкы ысыкта куртка кийип жүргөн кишилерден шектенгенде баштапкы пландары ишке ашпай калган.

Басылма “Ислам мамлекети” террордук уюму Раккадан Стамбулга үч топ жөнөткөнүн баяндайт. Стамбул шаарынын коопсуздук бөлүмүнө келген маалыматтын негизинде мындан эки жума мурун атайын даярдыктан өткөн эки чеченстандык жана түркиялык бир киши кармалган.

"Экинчи топ Мерсинден келип, алар турган жерде дүрмөттөлгөн желеткелерди жасоо үчүн майда тетиктер, курал-жарак, купуяланган документтер, дигиталдык жабдыктар табылган. Террорчулар Таксимде ЛГБТнын гей-парады учурунда кол салууну көздөшкөн", - деп жазат Sabah.

Үчүнчү топтогу жанкечтилер болсо, Ататүрк аэропортун бутага алышкан.

Milliyet басылмасы болсо буга чейин жанкечтилер Тажикстан жарандары болгонун жазган.

CNN түрк журналисти Абдулкадыр Селвинин окуянын чоо-жайы тууралуу жазгандарын келтирет.

Ал такси айдоочусунун маалыматарына таянып, кол салгандар чет элдиктер, бирок арабдар эмес, көбүрөөк азиялыктарга окшогонун, бирөө дагестандык болушу мүмкүн деп баяндайт. Бирок бармак издери жок болгондуктан, алардын тек-жайын аныктоо көпкө созулчудай.

Андан тышкары түрк басылмалары дүйнөнүн ири шаарларындагы белгилүү монумент, мунаралар тилектештик иретинде түрк туусунун түсүнө – кызылга боёлуп турганын, өлкөнүн чет жактардагы элчиликтерине жөнөкөй жарандар көңүл айтып, гүл алып келип жатышканын жазышат.

XS
SM
MD
LG