Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

Ханойдо Трамп менен Кимдин саммити башталды


АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. 27-февраль, 2019-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. 27-февраль, 2019-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Вьетнамдын борбору Ханой шаарында жолугушту.

Эки лидер 20 мүнөтчө көзмө-көз сүйлөшкөндөн кийин делегациялар менен кошо сый тамакка отурушту. Эл аралык коомчулук Вьетнам саммити Вашингтон менен Пхеньяндын ортосундагы 70 жылдан ашуун созулган касташууну токтотуп, туңгуюктан чыгууга көмөктөшөт деп үмүттөнүп турат.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын Ханойдогу 118 жыл мурун курулган тарыхый «Метрополь» мейманканасында жолугушту. Бул жерде саммиттин кадырлуу меймандарын тосууга камылга кызуу жүргөн.

Cүйлөшүүнүн алдында лидерлер кол алышып учурашып, эки мамлекеттин желектеринин алдында сүрөткө түштү. Трамп журналисттерге сүйлөшүүлөр «өтө жемиштүү» өтөрүн айтты. «Биздин көздөгөнүбүз - маанилүү бир жыйынтыкка жетишүү», - деди америкалык лидер.

«Мен мурда эле айтып жүргөндөй, Түндүк Кореянын экономикалык кудурети жогору жана чексиз. Мыкты лидер катары өз өлкөңүздүн келечеги кең экенин көрсөтүп жатасыз. Мен ошого жетишүүңөрдү көргүм келет жана көмөктөшкүм келет. Биз ал үчүн жардам беребиз», - деди Трамп лидер түндүк кореялык лидерге кайрылып.

Ким Чен Ын да жолугушуу ийгиликтүү өтөт деген ишеним турганын билдирип, бул жолу «жалпыбыз кубаттай турган натыйжага жетебиз» деди.

«Былтыр июнда Сингапурда жолукканыбыздан бери 261 күн өттү. Бул учурда ургаалдуу иштер жасалды жана ошол эле маалда чыдамкайлык талап кылынды. Эми мына бүгүнкүдөй бет маңдай отуруп, ийгиликке жетебиз. Мен ага болгон күчүмдү жумшайм» - деди Ким Чен Ын.

Ак үйдүн маалыматына караганда, бейшембиде эки лидер бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын cегиз ай мурун жолуккан Сингапурдагы саммиттен бери өзөктүк куралды жок кылууда алгылыктуу жылыш болгон жок. Пхеньяндын өзөктүк куралдан арылышы жана ага каршы эл аралык санкциялардын жоюлушу ушу тапта туңгуюк бойдон турат.

Кошмо Штаттардын президенти түндүк кореялык лидер менен жеке дипломатиялык байланыш түзө алганын сыймыктануу менен жарыялаган.

Былтыр 12-июнда Синагпурда Трамп менен Ким Чен Ын кол койгон документте Вашингтон «коопсуздук кепилдиктерин», ал эми Пхеньян «Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтууга» убада берген.

Анда АКШ менен Түндүк Корея «жаңы мамиле» курууну, «жаңы тарыхты» баштоону көздөгөнү, саммиттин жыйынтыгын ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөр улантылары белгиленген.

Түндүк жана Түштүк Кореяны алакасы жакшыра баштаганы менен 65 жыл мурда токтогон корей согушуна акыркы чекит коюла элек. Бул согушта АКШ Түштүк Кореяны колдогон.

Вашингтон менен Пхеньян Вьетнамдагы саммитте эки тарап тең так аткарыла турган иштерди макулдашуу зарыл экенин түшүнөт.

Америкалык чалгын кызматтары Ким Чен Ын өзөктүк куралдан толук баш тартарына ишенишпейт. Ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун адистери Түндүк Кореяда адам укуктарынын абалы оңолбогонун белгилеп жатышат.

Трамп болсо Пхеньян 2017-жылдын этегинен тартып өзөктүк жана ракеталык сыноолорун токтотконун, ал анын эмгеги экенин жүйө келтирип жүрөт. Америкалык лидер Конгресстеги жылдык кайрылуусунда «эгер мен АКШнын президенти болуп шайланбасам, биз Түндүк Корея менен кан майданга кирмекпиз» деп айтты.

Эки лидер тең Ханой шаарына 26-февралда барышты. Трамп «Нойбай» эл аралык аэропортуна түн ортосунда учуп келди. АКШнын президенти аны тосуп алган калың эле ыраазычылыгын билдирип, «Твиттердеги» баракчасына «Ханойдо көрсөткөн меймандостугуңар үчүн рахмат» деп жазды.

Ким Чен Ын Вьетнамга эки күн жол жүрүп, чопкутталган поездде келди. Лаңшон провинциясындагы Доңдаң бекетинде кадырлуу мейманды ардактуу кароол тосуп алып, андан соң Ким Чен Ын машине менен Ханойго жетти. Аны Вьетнамга карындашы жана жакын саясий кеңешчиси Ким Ё Чжон коштоп келди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG