Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Европарламент Гуайдонун кызматын тааныды


Венесуэланын АКШ жана бир катар мамлекеттер тааныган президенти Хуан Гуайдо. 23-январь, 2019-жыл.
Венесуэланын АКШ жана бир катар мамлекеттер тааныган президенти Хуан Гуайдо. 23-январь, 2019-жыл.

Европарламент Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдону мамлекеттин «жалгыз жана мыйзамдуу утурумдук президенти» катары тааныды.

Мурдараак Евробиримдик президент Николас Мадуро сегиз күн ичинде мөөнөтүнөн эрте шайлоо жарыялабаса, ушундай кадамга бара турганын эскерткен. Мадуро европалыктардын мындай талабын кескин четке каккан.

Баш калаа Каракаста Николас Мадуронун кызматтан кетишин талап кылган миңдеген адамдар 31-январда да көчөгө чыгышты.

Алардын бири Зенайда Корсега "Биз Венесуэланын дүйнөдөгү алдыңкы мамлекет болушун каалайбыз, өлкөбүздө бардык ресурстар жетиштүү. Муну ишке ашыра ала турган мыкты адамдар да бар", - Гуайдонун өлкөнү кризистен чыгара аларына ишенип турат.

Николас Мадуронун өкмөтүнө каршы чыккан демонстранттар. Каракас. 30-январь, 2019-жыл.
Николас Мадуронун өкмөтүнө каршы чыккан демонстранттар. Каракас. 30-январь, 2019-жыл.

Нааразылык акциясына чыккандар өлкөдөгү көп жылдан бери уланып жаткан каржылык жана гуманитардык каатчылыктан чарчаганын айтышат.

Баш калаа Каракастын борбордук бөлүгү заманбап, өнүгүп жаткандай көрүнгөнү менен шаардын көп райондору итке минген абалда. Суу, свет жок, канализация иштебейт. Гиперинфляция жана ачарчылык 3 миллиондон ашуун адамды коңшу мамлекеттерге качууга жана кетүүгө аргасыз кылды.

Ал арада Европарламент Хуан Гуайдону Венесуэланын "утурумдук президенти" катары тааныды.

Муну Евробиримдиктин гуманитардык жардамдар жана кризистерди жөндөө боюнча комиссары Христос Стилианидис Венесуэладагы кырдаал боюнча Европарламентке жасаган кайрылуусунда баса белгиледи:

- Венесуэлада чынында кырдаал кыйын. Кризис күндөн-күнгө курчуп, жалпы аймакты бейстабилдүүлүккө түртүшү мүмкүн. Миллиондогон адамдар өлкөдөн чыгып кетти. Бул кырдаалдан тынч жана демократиялык жол менен кутулуу зарыл. Эркин жана таза шайлоо кризистен чыгуунун жалгыз жана туура жолу деп эсептейбиз.

Мындай билдирүүдөн кийин Венесуэлада «эркин жана таза шайлоо» өткөргөнгө чейин Гуайдону "утурумдук президент" деп таануу тууралуу чечимди Европарламенттин 439 мүчөсү колдоду, 104 депутат каршы чыгып, 88и арсар добуш берди.

Европарламенттин төрагасы Антонио Таяни биримдиктин башка институттарын да ушундай эле чечимге келүүгө чакырды:

- Европа парламенти Гуайдо мырзаны Венесуэланын “мыйзамдуу утурумдук президенти» катары тааныды. Европа институттарынын ичинен Европа парламенти биринчи болуп мындай кадамга барды. Европанын бирдиктүү жана күчтүү турумун бекемдөө үчүн биз Евробиримдикке мүчө мамлекеттерди жана шаркеттин жетекчилигин жакын арада ушундай кадамга баруусун чакырабыз.

Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни. Страсбург. 25-октябрь, 2018-жыл.
Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни. Страсбург. 25-октябрь, 2018-жыл.

​Көп өтпөй Евробиримдик Венесуэлада жаңы демократиялык шайлоолордун өткөрүлүшүнө көмөк көрсөтө турган атайын топ түзө турганы маалым болду. Бул тууралуу шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини бейшемби күнү кечинде Бухаресттеги Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Ал топко Евробиримдикке мүчө Германия баш болгон бир нече мамлекет жана Латын Америка өлкөлөрүнүн айрымдары кирет. Топтун алгачкы жыйыны кийинки аптада Түштүк Америкадагы мамлекеттердин биринде өтөрү күтүлүп жатат.

Кошмо Штаттар Венесуэла парламентинин төрагасы, оппозициялык лидер Хуан Гуайдону “өлкөнүн президенти” деп биринчи болуп тааныган. Орусия баштаган бир катар өлкөлөр президент Николас Мадурону колдоп жатат. Орус тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мария Захарова бейшембиде жасаган билдирүүсүндө Москва Венесуэладагы саясий тараптар үчүн сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуп берүүгө даяр экенин, бирок мындай сүйлөшүүлөр тышкы күчтөрдүн кийлигишүүсүз өтүшү зарылдыгын белгиледи.

20 тонна алтын

Ал арада 31-январда Каракастан чыккан учак Москванын Внуково аэропортуна келип конгону маалым болду. Орусиянын “Nordwind” компаниясына таандык “Боинг” жүргүнчү учагы менен ким келгени же анда кандай жүк бардыгы тууралуу расмий маалымат азырынча жок.

Дүйшөмбүдө сөз болуп жаткан учак Венесуэлага барганын бир катар маалымат каражаттары жазып, видеосун көрсөткөн.

Орусиянын Nordwind Airlines компаниясы караштуу Боинг 777-200ER учагы Каракастан көтөрүлүп баратат. 30-январь, 2019-жыл.
Орусиянын Nordwind Airlines компаниясы караштуу Боинг 777-200ER учагы Каракастан көтөрүлүп баратат. 30-январь, 2019-жыл.

Шейшембиде Венесуэла парламентинин депутаты Хосе Герра Борбордук банк 20 тоннадай алтынды болжол менен Орусияга чыгарууну пландап жатканын билдирген.

Оппозиция басымдуулук кылган Венесуэла парламентинин "Твиттердеги" расмий баракчасында да бул маалымат жарыяланган. Анда "бул алтын Борбордук банктын төрагасы Калкисто Ортегага эмес, Венесуэланын элине таандык" деп жазылат.

Борбордук банк чындап эле 840 миллион долларга барабар алтын куймаларын сыртка алып кетүүгө даярдап жатканын Bloomberg” басылмасы өз булактарына таянып жазган.

Венесуэланын каржы министри орусиялык учак Каракаска келбегенин айтып, алтынга байланыштуу суроого жооп берген эмес. Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Венесуэладан Орусияга алтын алып келген учак тууралуу кабарсыз экенин айтты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG