Навоидеги металлургиялык заводдун атын атагысы келбеген жумушчусу “Азаттыктын” өзбек кызматына президент Каримовду колдоо баракчаларына заводдун бардык жумушчуларын мажбурлап кол койдуруп жатышканын айткан жана бул заводдун жетекчилигинин тыкыр көзөмөлүнө алынганын билдирген:
- Ак баракта компьютерге басылган заводдун бардык жумушчуларынын тизмеси бар экен. Анда биздин дарегибиз, кызматыбыз, телефон номурларыбызга чейин жазылган. Жетекчилик ал баракка "президент Каримовдун талапкерлигин колдойм деп, кол коюп бересиңер" деди. "Мен балким башка талапкерди колдогум келет" десем, "эгер заводго жумушка келгин келсе, анда кол кой" деп коркутту. Ошентип мажбурлап эле баарыбызга кол койдуруп жатат.
Завод жетекчилиги бул боюнча “Азаттыктын” өзбек кызматына жооп берүүдөн баш тартты. Бирок мындай мажбурлап кол койдуруу Өзбекстандын бардык аймактарында жүрүп жатканы кабарланууда. Маселен, Бухара облусунун Алат районундагы мектептердин биринин директору аймактагы мугалимдер арасында “жапырт” кол топтоо жараяны жүрүп жатканы айтып берди:
- Ар жума күнү билим берүү мекемесинде аймактагы элге жыйын өтөт. Өткөн жыйында бардык мугалимдерге баракчаларды берип, төрт партиядан көрсөтүлгөн талапкерлерге кол топтойсуңар деп буюрушту. Азыр ошол иш менен алек болуп жатабыз.
Ташкенттин бир тургуну Каримовду колдоо баракчасынын сүрөтүн тартып, “Азаттыктын” өзбек кызматына салып жиберген. Ошондой эле баш калаанын Юнусабад районунда мугалимдер үй-үйлөрдү кыдырып, кол топтоп жүргөнүн айткан.
Ага чейин Ташкенттеги Маалыматтык-технологиялар университетинин студенттерин Ислам Каримовду президенттикке каттоо үчүн мажбурлап кол койдуруп жатканы белгилүү болгон.
Өзбекстандын шайлоо мыйзамына ылайык, шайлоочулардын колун топтоо жараяны жашаган жери боюнча жүргүзүлөт. Мыйзамда мажбурлап кол топтоого тыюу салынары айтылып, атайын жаза да каралган.
Өзбекстанда президенттик шайлоо 29-мартта өтөт. Шайлоого Либерал-демократиялык партиядан азыркы президент Ислам Каримов аттанса, Элдик–демократиялык партия Хатамжан Кетмоновду, Социал-демократиялык "Адилет" партиясы Наримон Умаровду, Демократиялык улуттук кайра жаралуу партиясы Акмал Саидовду көрсөттү.
Бул саясий партиялардын бири да Өзбекстанды 1990-жылдан бери башкарып келе жаткан Ислам Каримовдун бийлигине оппозиция эмес. Каримовго атаандаш болгусу келген үч саясатчынын талапкерлиги альтернативдүү шайлоо өттү дегенди көргөзүү үчүн гана жасалып жатканын саясат таануучулар белгилешет. Өлкөнү чейрек кылым башкарып келген 77 жаштагы Каримов марттагы шайлоодо кайра эле жеңип чыгары күтүлүүдө.
Өзбекстандагы диктатуралык режимден улам оппозиция шайлоого катыша албастыгын айткан чет өлкөлөрдөгү өзбекстандык активисттер 29-мартта виртуалдык шайлоо өткөрүүгө камданууда. Алар мындай жол менен бозгундагы оппозиционерлердин үнүн өзбек калкына угузууга ниеттенишет. Бирок коңшу өлкөдө интернет бийликтин тыкыр көзөмөлүндө экенин эске алганда бул аракеттен кандай майнап чыгары белгисиз.