Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Өзбекстан: подполковниктин сырдуу өлүмү


Дилшод Акрамов.
Дилшод Акрамов.

"Өзбекстандын Ички иштер министрлигиндеги Коомдук тартип жана кайгуул-күзөт кызматынын башчысы Дилшод Акрамовду өлтүргөн" деп шек саналып жаткан киши өз жанын кыйды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин атын атагысы келбеген жогорку даражадагы кызматкери жана Акрамовдун туугандарынын бири билдирди. Аталган кызматтын башчысы Дилшод Акрамов өзүнүн иш бөлмөсүндө ушул жылдын 4-августунда киши колдуу болгон.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин атын атагысы келбеген кызматкери «Азаттыкка» берген маалыматка ылайык, подполковник Дилшод Акрамовдун өлүмү боюнча шектүү киши, кылмыш болгон күндөн көп узабай эле, атайын операция маалында кармалган.

Бул маалыматка ылайык, Акрамовду өзүнүн кол алдында иштеген кызматкери бычактаган. Окуяга алардын ич ара пикир келишпестиги себеп болгону кабарланды. Маркумдун туугандары болсо кылмышка шектүү Акрамовдун шакирти болгонун айтып жатышат:

- Бул киши Акрамовдун иш бөлмөсүнө кирип барып, алгач Акрамовдун бетине кислота чачкан экен, андан соң денесинин ар кайсы жерине бир нече ирет бычак сайган, - дейт Акрамовдун туугандарынын бири.

Ошондой эле ал Дилшод Акрамовду өлтүргөн деп шек саналган киши өзү да окуя болгон жерден денесинен жараат алган.

- Дилшод аке өзүн өзү коргойм деп жатып, кылмышкерге эки-үч жолу бычак саюуга жетишкен. Кылмышка шектүү болсо окуя болгон жерден качып баратканда күзөт кызматкерлеринин колуна түшкөн. Аны ооруканага алып келишкен. Бирок ал оорукананын терезесинен боюн таштап жиберген экен, - деди өзүн Дилшод Акрамовдун тууганы катары тааныштырган адам.

Акрамовдун жакындары аны ушул киши өлтүргөнүн айтып жатышат.
Акрамовдун жакындары аны ушул киши өлтүргөнүн айтып жатышат.

​Ал бул сөзүн ырасташ үчүн «Азаттык» радиосунун редакциясына "Акрамовго кол салды" деп шек саналган кишинин сүрөттөрүн жиберген.

Дилшод Акрамов Өзбекстандын Ички иштер министрлигиндеги Коомдук тартип жана кайгуул-күзөт кызматынын жетекчиси болуп, өткөн айдын башында эле дайындалган. Ал буга чейин Ташкент шаардык ишки иштер башкармалыгында кылмыштуулуктун алдын алуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Учурда «Азаттык» радиосу Акрамовдун өлүмүнүн себептери тууралуу кошумча маалымат топтоого аракет кылып жатат.

Өзбекстандагы Ички иштер министрлигинин жогорку даражадагы кызмат адамынын өлүмүн тергөөнү Ташкент шаарынын прокуратурасы жүргүзүп жатат. Бул окуя боюнча республиканын Кылмыш-жаза кодексинин "Өзгөчө мыкаачылык менен атайылап киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ал эми Өзбекстандын Ички иштер министрлиги тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн Акрамовдун өлүмүнүн жүйөлөрү жана себептери боюнча кеңири комментарий берүүдөн баш тартты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG