Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Сыр-Дарыядагы суу ташкында 17300 адам жараат алды


Суу ташкын болгон аймактан тартылган сүрөт.
Суу ташкын болгон аймактан тартылган сүрөт.

Өзбекстандын Сыр-Дарыя облусундагы суу ташкындын айынан Сардаба, Акалтын, Мирзабад райондорунан 70 миңдей адам эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алар Сырдарыя жана Жизак облустарынын коопсуз аймактарына көчүрүлгөнүн билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги апаатта жалпысынан 17300 киши жараат алганын, алардын 56сы ооруканага жаткырылганын маалымдады.

Сардаба суу сактагычы 1-майда эртең мененки саат алтыга жакын жырылып, жакын жердеги айыл-кыштактарды суу каптай баштаган. Суунун агымы ошол күнү кечке жуук токтогон.

Кырсык болгон күнү мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев тик учакта барып, абалды көрдү.

Бийлик апаатка күчтүү жамгыр жана шамал себеп болгонун билдирди. Суу сактагычтын канча бөлүгүнө зыян келгени жөнүндө маалымат жок.

Интернетке айылдарды, жолдорду суу каптаганы тартылган видеолор, сүрөттөр тарады.

XS
SM
MD
LG