Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:30

Өзбекстанда диниятчыларга кысым күчөдү


Өзбекстандын тартип сакчылары
Өзбекстандын тартип сакчылары

Өзбекстанда кайсы бир диний уюмдарга мүчө же “Ислам мамлекети” террордук тобу менен кызматташышы мүмкүн деген шек менен жарандарды кармап, камакка алган учурлар массалык мүнөзгө өттү.

Мындан үч жума мурун Ташкенде башталган жарандарды жапырт кармап, камакка алуулар Өзбекстандын башка аймактарына да жайылды. Бул тууралуу билдирген көз карандысыз укук коргоочулардын демилгелүү тобунун жетекчиси Сурат Икрамовдун айтымында, өзбек күч түзүмдөрү учурда Кокон, Фергана жана Наманган сыяктуу башка шаарларда дагы ар кандай чабуулдарды алдын алуу үчүн шектүү адамдарды кармап, камакка алуу чараларын күчөттү.

Буга чейин Ташкен шаары жана Ташкен облусу боюнча эле камакка алынгандардын саны 200 адамдан ашканы айтылган эле. Ал эми өзбек бийлиги өлкө боюнча кармалып, камакка алынгандардын так саны жана аларга коюлуп жаткан айыптоолор туурасында үн ката элек.

Өзбекстандык укук коргоочу Сурат Икрамов буларга токтолду:

- Кармалгандардын саны эки жүз адамдан ашты деп сиз менен сүйлөшүп жаткан учурда дагы жаңы кармоолор болуп жатышы мүмкүн экенин айтар элем. Кармоолор ушунчалык көбөйдү! Бүгүн да мага Заңгиата аймагынан эки аксакал келип, кармалган уулдарынын абалы оор болгонун, кармалган адамдар туурасында бир нече убакыт өткөндөн кийин гана билип жатышканын айтышууда. Ошондуктан кармалгандардын так саны боюнча маалымат жок.

16-ноябрда “Азаттыктын” өзбек кызматына өзүн “Хизб-ут Тахрир” уюмунун жергиликтүү мүчөсү деп тааныштырган киши Ташкен шаарынын Шайхонтоҳур жана Алмазар, Ташкент облусунун Зангиота аймагында камакка алынгандардын саны 160 адамдан ашканын кабарлаган болчу. Анын айтымында, Заңгиата аймагындагы Алтынтөбө, Эшенгүзар, Назарбек конуштарындагы диний чөйрөгө жакын адамдар болгон.

Аймактарды аралаган камакка алуулар

Сурат Икрамов жапырт кармоолор Өзбекстандын башка аймактарында дагы катуу жүрүп жатканын белгиледи:

- Учурда Наманган, Кокон, Фергана шаарында кармап, камакка алуулар күчөтүлгөнү тууралуу маалымат бар. Бир эле учурда 10-20 адам үйүндө отурган жеринен эле кармалууда. Алар кандай кылмышка шектелип жатканы жана коюлган айыптоолор туурасында толук маалыматтар жок. Ушундай эле көрүнүш Хорезмде да бар. Ушул убакта Кашкадарыя облусунан кабар күтүп отурам. Анткени ал жакта да ошондой эле жапырт кармоолор жакында башталганы бизге кабарланган болчу.

2012-жылы АКШнын атайын кызматы кармаган Жамшид Мухтаровдун иниси Хуршид Мухтаровго Өзбекстандын тартип коргоо органдары 13-ноябрда эл аралык издөө жарыялаган.

2014-жылы Сирияга кеткен Хуршид Мухтаров былтыр Би-Би-Сиге курган маегинде Борбор Азиядан барган жүздөгөн адамдар “Ислам мамлекети” террордук тобунун курамында согушуп жүрүшкөнүн айткан болчу. Ар кайсы булактардын маалымдашынча, Сирияга кеткен өзбекстандыктардын саны беш жүздөн миңге чейин болушу мүмкүн.

Ал арада ошол жарандардын тымызын мекенине кайтканы туурасында эл арасында имиш кептер жайылууда. Өзбекстандын күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипке өтүп, шаарлардын кире бериштерине блок-постторду коюшкан. Ошондой эле паспорттук режим күчөтүлүп, тартип сакчылары үймө-үй кыдырып, жарандардын өздүгүн текшере баштаганы айтылды.

Тартип коргоо органдарынын тузагына диний уюмдарга мүчө болгондор жана чет өлкөдө иштеп жүрүп келген мигранттар көбүрөөк илинип жатканы буга чейин маалымдалган болчу.

XS
SM
MD
LG