Дүйшөмбү шаарында кечээ КМШга мүчө өлкөлөрдүн чек ара кызматтарынын башчыларынын 73-жыйыны өттү. Анда негизги көңүл ооган-тажик чек арасындагы абалга бурулду.
Тажикстандын чек ара аскерлигинин башчысы Ражабали Рахмонали ыкчам маалыматтарга таянып айтканына караганда, ооган-тажик чек арасында азыр 1,5 миңдей согушкер топтолуп турат.
- Алардын арасында “Ислам мамлекети” радикал тобунун Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясынын Дашти Арчи жана Имам Сахиб деген жерлерин байырлап турган мүчөлөрү да бар. 1,5 деген бул ыкчам маалыматтар боюнча гана, азырынча так саны белгисиз. Бул боюнча дагы кошумча иштер жүрүүдө. Биз өз чек арабызды коргоп жатабыз.
“Талибан”, “ал-Каида”, “Ислам мамлекети”, Өзбекстан ислам кыймылы жана “Жамаат Ансаруллох” сыяктуу террордук топтордон куралган согушкерлер азыр Тажикстандын чек арасына жакын аймакта ооган өкмөттүк күчтөрүнө каршы катуу согуштук аракеттерди көрүүдө”, - деп кошумчалады тажик чек ара аскерлигинин башчысы Рахмонали.
Ал ошондой эле ооган-тажик чек арасына жакын Тахар, Кундуз жана Бадахшан провинцияларында апрель айынан тарта кырдаал курчуп, согуштук аракеттер токтобой жатканына тынчсыздануу билдирди. Рахмоналинин айтымында, Тажикстан менен Ооганстандын чек ара кызматтары чек арадагы абал боюнча ыкчам маалыматтарды дайыма алмашып, тыгыз кызматташууда.
Жыйында сүйлөгөн тажик президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Шерали Хайруллоев Борбор Азия аймагы ири державалардын геосаясий келишпестиктеринин чордонуна айланбашы керектигин белгиледи:
- Биздин негизги милдеттерибиздин бири – аймак ири державалардын геосаясий каршылыктарынын борборуна айланышына жол бербөө. Эл аралык терроризм коркунучу күн санап өсүүдө. Алардын ыкмалары менен аракеттери да өзгөрүп жатат.
Хайруллоев ошондой эле Ооганстандын түндүгү менен түндүк-батышындагы апрелден бери тынчыбай жаткан кырдаалга да тынчсыздануу билдирди:
- Согушкерлердин максаты – абалды курчутуу менен 2340 чакырым тилкедеги КМШнын түштүк чек араларына жакын аймакта бийликти күчтөп басып алуу. Борбор Азия өлкөлөрүнө бул радикалдык-экстремисттик топтор өзгөчө коркунуч туудурууда. Анткени Жакынкы Чыгыш менен Ооганстандагы согушкерлердин катарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары да бар, эгер алар кайтып келчү болсо аймактагы кырдаалды дестабилдештирүүгө таасирин тийгизбей койбойт.
Тажик президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы мындан сырткары тажик-ооган чек арасын кайтарууну чыңдоого аскерий-техникалык жардам көрсөтүү боюнча КМШ өлкө башчыларынын чечими көптөгөн өлкөлөр тарабынан аткарылбай жатканын айтып, Армения менен Беларустун жетекчилигине тажик чек арачыларына көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык да билдире кетти.
Дүйшөмбү шаарында өткөн бул жыйында чек арадагы кыйын кырдаалдар учурунда биргелешип аракеттенүү менен абалды жөнгө салуу маселелери талкууланды. Жыйын соңундагы маалымат жыйынында Орусия чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Владимир Кулишов андагы негизги көңүл тажик-ооган чегиндеги кырдаалга бурулганына токтолду:
- Жыйында ооган-тажик чек арасындагы жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен Ооганстандын чектешкен аймактарында түзүлгөн кырдаалга баа берилди. Союздаш өлкөлөрдүн чек араларында биргелешкен операцияларды өткөрүп туруу боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, биргелешкен машыгууларды уюштуруу пландары кабыл алынды.
Бул жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Ооганстандын чек ара кызматтарынын башчылары катышты.