Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:53

Өзбекстан: дилбаяндан корккон коллеж


Өзбекстан. Гузар агробизнес коллежинин китептери.
Өзбекстан. Гузар агробизнес коллежинин китептери.

Өзбекстанда орто окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү коррупция тууралуу дилбаянды мугалимердин көрсөтмөсү менен жазышканы жөнүндө арызданышууда.

14-июнда Кашкардарыя облусунун Гузар районундагы агрардык коллеждин бүтүрүүчүлөрү «Коррупция менен күрөш» деген темада дилбаяндын ордуна мугалимдер атайын даярдалган текст боюнча жат жазуу жаздырышканын айтып чыгышты.

«Азаттыктын» өзбек кызматына кайрылган бүтүрүүчү коллеждин директору коомдогу паракорлуктун бетин ачуу боюнча тапшырма берип, класстан чыгып кеткенден кийин мугалимдер окуучуларды дилбаянды өздөрүнүн көрсөтмөсү боюнча жазууга көндүрүшкөн.

«Мугалим бизге дилбаян тууралуу бир күн мурун айткан, - деди бүтүрүүчү. - Биз даярданып келсек, анын ордуна бизге жат жазуу жаздырышты. Коллеждин директору биздин коомдо кездешкен паракорлук тууралуу ачык жазууну тапшырган. Бирок ал кеткенден кийин мугалим Шахло атайын кагаз алып чыгып, эркин дилбаяндын ордуна анын айтканындай жазууга мажбурлады. Балдар «өзүбүз жазалы» десе мугалимдер уруксат бербей коюшту. Натыйжада баарыбыз бирдей дилбаян жаздык. Тема паракорлукка байланыштуу болчу, ошону да ачык жаздырбай, көрсөтмө спектакль кылышты».

Окуучулар мугалим дилбаяндын ордуна жат жазуу жаздырганын аудио-видеого тартып алышкан.

Буга чейин коллеждин бүтүрүүчүлөрү укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен жолугушуп, анда да паракорлуктун алдын алуу боюнча тарбиялык иштер жүргүзүлбөй эле, алар чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин кетип калышкан.

«Класстан парталарды алып чыгып, спортзалга тиздик, - деп сөзүн улантты ал. - Жогорку окуу жайына тапшырып жаткандай эле даярдандык. Залды да плакаттар менен кооздоп коюшкан. Иш-чаранын расмий бөлүгү бүткөндө ИИМдин райондук бөлүмүнүн башчысы биз менен сүрөткө түшүп эле кетип калды. Баары эптеп эле көз боёмочулук үчүн жасалды».

Сөз болуп жаткан жат жазуулардын бири.
Сөз болуп жаткан жат жазуулардын бири.

Окуучулар мугалимдер айрым жат жазууларды өздөрү оңдоп чыгып, кээ бирин кайрадан жазып чыгышканын белгилешет.

Агрардык коллеждин жетекчилиги бул окуя тууралуу «Азаттыктын» өзбек кызматына маалымат берүүдөн баш тарткан. Ал эми мугалими Шахло Оллаёрова журналист менен сүйлөшпөй, телефонун өчүрүп салган.

Өзбекстандын Билим берүү министрлиги «Азаттыктын» өзбек кызматына атайын түзүлгөн жумушчу топ бул окуяны иликтеп жатканын билдирген. Ошондой эле коллеждеги «көргөзмө спекталь» тууралуу кабарлаган бүтүрүүчүлөр кысымдан коргоого алынары белгиленген.

Өзбекстанда бул күндөрү бардык орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнө паракорлук менен күрөшүү тууралуу дилбаян жазуу тапшырылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG