Анын 19-20-мартка белгиленген бул визитине түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу себеп болгонун өзбек медиасы кабарлады. Мирзиеёв президенттик кызматка киришкенден берки алгачкы чет өлкөлүк сапарын Түркмөнстандан баштап, ушул жылдын 6-7-марттында эле Ашхабадда болгон.
Чукул визитке эмне себеп?
Май айынын башында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевди өлкөсүнө келип кетүүгө чакырганы белгилүү болгон.
Эки президент 1-майда телефондо сүйлөшүп, Бердымухамедов Мирзиёевге "Аваза" деңиз курортун жана анын кандай өнүгүп жатканын көрүп кетүүнү сунуштаганын түркмөн медиасы кабарлаган. Өзбек президенти түркмөн кесиптешинин сунушун кабыл алганы ошондо эле белгилүү болгон.
Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги Мирзиеёвдин Түркмөнстанга багытталган жумушчу сапарын жогорку деңгээлдеги өзбек-түркмөн диалогунун уландысы деп мүнөздөдү. Ошондой эле жолугушууда бир катар өкмөттүк жана бизнес келишимдерине кол коюларын кабарлады.
“Азаттыктын” Борбор Азия боюнча талдоочусу Брюс Панниер бул сапардын төркүнү тереңде жатат деди:
- Мирзиёев Түркмөнстанга барып келген. Эми кыска убакыттан кийин кайра баратканы маанилүү нерселер болуп жатканынан кабар берет. Эгер бул кадыресе дипломатиялык протокол дейин десең, Бердымухамедов жооп катары Өзбекстанга бармак эле. Менимче, бул сапарга эки өлкөнүн Ооганстан менен чек арасындагы кескин курчуган коопсуздук маселеси себеп болду. Аймактан келген маалыматтардан Ооганстандагы кармаш эки өлкөнүн чегине чейин жетип жатканын угуп жатабыз. Андыктан бул башкы маселе.
Коркунучтан сактануу аракети
Түркмөнстан менен Ооганстандын чек арасында ооган күчтөрү менен талиптердин кармашы, кээде жоочулардын кол салуулары буга чейин көп катталып келген.
Бирок апрель айынын соңунда Ооганстандын Өзбекстанга жакын жайгашкан Мазари-Шариф шаарындагы базага чабуул жасалган. Андан көп өтпөй өзбек чегиндеги Ооганстандын Шор-Тепе районунда жоочулар менен айыгышкан кармаш болгону кабарланган.
Брюс Панниер өзбек тарап жоочулардын коркунучун жалгыз эле түркмөн тараптын маселеси деп эсептебей турганын айтты:
- Алар кандайдыр бир координацияланган стратегия иштеп чыгышы керек. Түркмөнстан да, Өзбекстан да Орусия жетектеген Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мүчөлөрү эмес. Андыктан аларга маселени өз алдынча жөнгө салууга туура келет. Албетте, алар кырдаал жана аскердик күчтөрдүн абалы боюнча маалымат алмашып турууга муктаж. Кырдаал соңку бир нече айдагыдай күчөй берсе, аларга бир план керек болот.
Ооганстандан келген коркунуч, терроризм маселеси Мирзиёевдин март айындагы Ашхабад сапарында да талкууланган. Анда эки тарап стратегиялык кызматташтык келишимине кол коюшкан. Ага ылайык, чек арадагы кылмыштуулук, экстремизмге каршы күрөш күчөтүлөт деп белгиленген.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиеёв соңку сапары менен Түркмөнстан жана Казакстанга эки жолудан барып келген болот. Маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун тушунда эки тараптуу алакалар солгундаган Тажикстан менен Кыргызстанга Мирзиёев азырынча келе элек.