Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Кытай лагердеги уйгурларга беткап жасаткан


Шинжаңдагы беткап фабрикасында иштеген жумушчулар. 27-январь, 2020-жыл. Үрүмчү.
Шинжаңдагы беткап фабрикасында иштеген жумушчулар. 27-январь, 2020-жыл. Үрүмчү.

Европанын бир катар мамлекеттеринде сатылган медициналык беткаптар жана коронавирустан коргоочу каражаттар Кытайдагы уйгурлар тарабынан жасалганын OCCRP жана анын өнөктөштөрү иликтеп чыгышты.

«Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын өнөктөштөрү жүргүзгөн иликтөөгө ылайык «McKesson» жана «OneMed» компаниялары Кытайдагы «Hubei Haixin Protective Products» жана «Zhende Medical» ишканасынын медициналык беткаптары менен Европаны камсыз кылып келген.

Ачык маалыматтарга караганда, «Hubei Haixin» ишканасына караштуу фабрикаларда жакынкы убакытка чейин Шинжаңдан барган 130 уйгур иштеген.

Кытайдын батышындагы Шинжаң аймагын байырлаган уйгурлар «Жумушчу күчтү көчүрүү» деген күмөндүү программанын алкагында өлкөнүн башка аймактарындагы заводдорго жиберилген.

Бийликтин түшүндүрмөсүнө караганда аталган программа уйгурларга башка провинцияларда иштеп, акча таап алууга мүмкүнчүлүк берет.

Кытайдагы уйгурларды иликтеп жүргөн эксперт Адриан Зенцтин айтымында, бул программалар мажбурлап иштетүүгө багытталган. Зенц ал уйгурлар катуу көзөмөл алдында эмгектенишерин, алардын аң-сезимин идеологиялык сабактар менен бурушарын жана алар өз каалоосу менен эч кайда чыга албаган жабык, камералар орнотулган жатаканаларда жашай турганын кошумчалады.

Мындай дооматтарды Кытайдын Тышкы иштер министрлиги четке какты.

Шинжаңдагы «саясий тарбиялоочу лагерлердин» бири. Бээжин аларды билим борборлору деп атап келет.
Шинжаңдагы «саясий тарбиялоочу лагерлердин» бири. Бээжин аларды билим борборлору деп атап келет.

Укук коргоочуларды күмөн санаткан фактылар

Беткап, даки жана медициналык халаттарды өндүргөн «Hubei Haixin» компаниясында уйгурлар күчтөп иштетилерин алгач ирет австралиялык ASPI талдоо борбору эл аралык деңгээлде март айында аныктап чыккан. Ал кезде жарыяланган маалыматтарга карабастан «McKesson» жана «OneMed» компаниялары кытайлык ишкана менен кызматташууну уланта берген.

Журналисттерге берген жообунда «OneMed» компаниясынын аткаруучу директору Роберт Шмидт «Hubei Haixin» фабрикасында уйгурларды мажбурлап иштетүү же аларга жаман мамиле кылуу фактысы далилденбегендиктен өндүрүүчү менен кызматташканын жазды. Ал ошондой эле компания бул маселеге кайдыгер эмес экенин кошумчалаган.

Журналисттердин колуна тийген документтерге караганда «OneMed» компаниясы «Hubei Haixin» менен январь айында байланышып, уйгур жумушчулар боюнча өз тынчсыздануусун билдирген. Кытайдагы фабрика уйгурлардын жумушчу келишими мартта бүтөрү менен Шинжаңдагы үйлөрүнө жиберүүгө убада берген. Бирок пандемияга шылтоолоп сентябрга чейин иштеткен.

«McKesson» компаниясы өзүнүн «балдар эмгегине жана мажбурлап иштетүүгө каршы позициясы» тууралуу билдирип, аны менен кызматташкан компаниялар бул тууралуу кабардар экенин маалымдады.

«Hubei Haixin» жана «Zhende Medical» компаниялары журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартышты. Европадагы дистрибьюторлордун бирине жиберген жообунда ««Zhende» компаниясында мажбурланган күч колдонууга уруксат берилбейт» деп жазылган.

Кытайлык баяндамаларда уйгур жумушчулары орто эсеп менен 2800 юань же 414 АКШ долларын табары айтылат. Бул албетте, жогору көрсөткүч. Бирок эл аралык укук коргоочулар буга ишенбейт. Алар Батыш компанияларын жана өлкөлөрүн уйгурлардын күчү менен жасалган буюм-тайымдарды сатып албоого чакырышты.

Вашингтондун, БУУнун жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын эсебинде, Шинжаңда 1 миллиондой мусулман «кайра тарбиялоо» лагерлерине күчтөп жөнөтүлүп келет.

Расмий Бээжин ал мекемелерди терроризмге туруштук бериш үчүн түзүлгөн тилге жана кесипке үйрөтүү борборлору деп атап, алардын абак катары колдонулуп жаткандыгы тууралуу сынды четке кагууда.

Кытайдагы жана Европадагы компаниялар

«Zhende Medical» компаниясы «Hubei Haixin Protective Products» ишканасынан кыйла чоң. 2019-жылы ал өлкө боюнча медициналык товарларды экспорттогон үчүнчү ири компания болгон.

Компаниянын Шинжаңда да бөлүмү бар.

«McKesson» жана «OneMed» Европаны медициналык товарлар, анын ичинде COVID-19га каршы күрөштө колдонулган өндүрүм менен камсыз кылып келет.

Нью-Йорк фондулук биржасында катталган «McKesson» компаниясы 2019-жылы 200 миллиард доллар пайда тапкан. Анын Европадагы филиалы Германиянын Штутгарт шаарында жайгашкан. Филиал Европадагы товар тараткан жүздөй бөлүмүн жетектейт. Ошондой эле миңдеген дарыканаларга, анын ичинде «LloydsPharmacy» эл аралык түйүнүнө ээлик кылат.

Стокгольмдо жайгашкан «OneMed» компаниясы - Түндүк Европа, анын ичинде Скандинавия жана Балтика мамлекеттериндеги ири дистрибьюторлордун бири.

Журналисттер «Hubei Haixin» компаниясынын товарлары Норвегия, Швеция, Литва, Эстония жана Дания өлкөлөрү менен саламаттык сактоо тармактарына сатылганын аныкташты.

XS
SM
MD
LG