Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Дүйнөлүк мектептерге жол ачкан UWC


Зейнеп Ибраим кызы чогуу окуган студенттер менен.
Зейнеп Ибраим кызы чогуу окуган студенттер менен.

16 мамлекетте окуучуларды кабыл алган "United World Colleges" (Эл аралык коллеждер биримдиги) Кыргызстанга да эшигин ачты. Германия, Сингапур жана башка мамлекеттердеги орто окуу жайларына кантип өтсө болот?

Зейнеп Германиянын Фрайбург шаарындагы “United World Colleges” же кыскача UWC биримдигине кирген мектепте окуп жатканына үч айга чукулдап калды. Ал азыр биринчи семестрди аяктап, экзамен тапшырып жаткан кези.

- Мен бул жакка келгенде ректор мени менен өзү сүйлөшүп: "Сага кандай сабактар жагат? Эмнеге кызыгасың?" - деп сураган. Андан соң мен өзүмдүн окуу жадыбалымды түзгөм. Бул жакта мугалимдер мага аябай жагат, алар бизге ишенишет жана досундай мамиле кылышат.

16 жаштагы Зейнеп Ибраим кызы - бул дүйнөлүк мектептердин бирине Кыргызстандан барып окуп жаткан алгачкы эки студенттин бири. Аталган окуу жайлары 1962-жылдан бери эле дүйнөнүн 145 мамлекетинен окуучуларды кабыл алып келсе да, Кыргызстанга былтыр гана жол ачылганын “United World Colleges” мектептеринин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Сейитбек Усманов айтты:

- Биз бул мектептер биримдиги менен эки жыл мурун кызматташа баштадык. Былтыр биринчи окуучуларды жөнөттүк. Эки окуучу чоң сынактан өттү. Зейнеп Германияда окуп атат, экинчи кыз Орунгүл Сагынбаева жакында Свазиланд мамлекетине кетет. Бул мектептерде эки жыл окушат. Аталган окуу жайын аяктаган балдардын дүйнөдөгү эң мыкты университеттерге өтүп кетүүгө мүмкүнчүлүктөрү чоң. Себеби бул мектептерде сабак берген мугалимдер абдан күчтүү. Атагы чыккан жогорку окуу жайлары да бул мектептерге окуучулар бир топ сынактан өтүп, анан тандаларын, ал жактан мыкты билимге ээ болушарын билишет. Ошол себептен алар да UWC мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнө кызыкчылыгы бар.

Каарманыбыз Зейнеп окуган мектеп 2014-жылы ачылган. Аны "Роберт Бош фонду" (белгилүү инженер жана ойлоп табуучу Роберт Бош негиздеген уюм) каржылайт. Ошондуктан бул мектепте окуу баштан-аяк бекер. Ал эми ар башка мамлекеттердеги мектептерде окуучунун үй-бүлөлүк, каржылык шартына карап 50-80 пайызга чейин жеңилдиктер каралган.

Зейнеп Ибраим кызы курбусу менен.
Зейнеп Ибраим кызы курбусу менен.

Марлен Токтомаматов Сингапурдагы 1971-жылы өлкөнүн ошол кездеги премьер-министри Ли Куан Ю ачкан мектепте окуйт. Бул окуу жайы да UWC биримдигине кирет. Ал бул жакка эки жыл мурда Орусия аркылуу документ тапшырган. Тактап айтканда, Марлен Орусиянын Набережные Челны шаарында чоңойгон журтташыбыз. Ошол жактагы орто окуу жайларында билим алган соң UWC мектебине тапшырууну чечкен. Бир катар сынактардан өтүп, кыялына жеткен Марлен окуу системасы тууралуу азыноолак айтып берди. Анын сөздөрүнө караганда, бул мектептерде окуу “International Baccalaureate” (IB) деген программа боюнча жүргүзүлөт. Ал окуучунун жөндөмдүүлүгүн арттырууга багытталган, университетке даярдаган эки жылдык программа.

- Бул эл аралык жогору бааланган программалардын бири. Ага ылайык, сабактарды өзүбүз тандайбыз. Мисалы, мен химия менен биологияга басып жасап жатам. Себеби келечекте биохимик болгум келет. Бул так илимдер болгондуктан, биз сабактарда ар кандай эксперименттерди жүргүзүп, лабораториялык иштерди жасайбыз. Ал эми булардан башка сабактардан ар кандай макала, отчет жазганды үйрөнөбүз. Постсоветтик мамлекеттерде негизинен окуучуга мектептен билим берүүгө аракет кылышат. Окуучунун билими канчалык күчтүү болсо, ал мыкты деп эсептелет. Ал эми бул жерде окутуу бир аз башкача ыкма менен өтөт. Мугалимдер балким анча көп билим бербеши мүмкүн, бирок алар көбүрөөк жашоого болгон жөндөмдүүлүктү үйрөткөнгө аракет кылышат. Бул абдан маанилүү. Бирок билимди чогултуу режиминен билимди иргеп пайдалануу режимине өтүү биз жактан келгендер үчүн бир топ эле кыйын болот.

Сингапурда окуган Марлен Токтомаматов досу менен.
Сингапурда окуган Марлен Токтомаматов досу менен.

Зейнеп менен Марлендин окуусу дээрлик бирдей. Мектепте сабактар эртең менен саат сегизде башталып, орто эсеп менен үчтөрдө аяктайт. Жатаканалары бекер. Сабактардан кийин окуучулар атайын ийримдерге жазылышы абзел. Маселен, Марлен тай бокс менен машыгып, багбан болуп ыктыярчылык кылса, Зейнеп сириялык балдарга англис тилин үйрөнүүгө жардам берет.

- Андан тышкары китеп жазган ийримге барам, - дейт Зейнеп. - Жумасына ошол жакта үч саат мен өткөрөм, чогуу отуруп алып поэма, аңгеме жазуунун сырларын өздөштүрөбүз. Шаршемби күндөрү таңкы алтыда туруп башкалар менен бирге чуркайм. Бул да милдеттүү ийрим болуп эсептелет. Башкалар менен бирге чуркайм.

Марлен Токтомаматов, Орунгүл Сагынбаева жана Зейнеп Ибраим кызы "Азаттыктын" студиясында.
Марлен Токтомаматов, Орунгүл Сагынбаева жана Зейнеп Ибраим кызы "Азаттыктын" студиясында.

​Каармандарыбыз Марлен менен Зейнеп окуган мектептерде билим алыш үчүн эмне кылыш керек? Окуучулар кандай критерийлер менен тандалат? Бул суроолорго UWC мектептеринин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Сейитбек Усманов жооп берди:

- Негизги үч критерий бар. Биринчиси - кыргыз жараны болуш керек. Жашы 16-17 жашта болушу зарыл. Үчүнчү критерий - англис тилин жакшы билүүгө тийиш. Тил - бул эң негизги критерий. Андан кийин алардын өз ойлорун түшүндүрүү жөндөмдөрүнө, мектептеги жетишкендиктерине, башка ийримдерге барганына карайбыз. Эгер тандоо шаардык жана айылдык баланын ортосунда болсо, айылдан чыккан бала тилден гана бир аз аксап атса, биз аны колдоп, ага артыкчылык беришибиз мүмкүн.

Сейитбек Усманов баланын стресске туруштук бере ала турган сапатына да көңүл буруларын баса белгиледи. Анткени көп балдар биринчи жолу үй-бүлөсүнөн алыс жакка чыгып, башка чөйрөгө көнө албай, дүйнөнүн чар тарабынан чогулган балдардын арасында кемсинип, чүнчүгөн өспүрүмдөр көп болот экен.

UWC биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн негиздөөчүсү Сейитбек Усманов.
UWC биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн негиздөөчүсү Сейитбек Усманов.

Усманов ошондой эле жакында UWC мектептеринен төрт башка мамлекеттердеги мектептерге жолдомолор келгенин кошумчалады. Бирок алардын үчөө окуунун толук акысын төлөөнү талап кылгандыктан баш тартууга аргасыз болгонун, ал эми Германиядагы окуу бекер болгондуктан ал орунга татыктуу окуучу караштырып жатканын айтты:

- Кызыккандар эки нерсеге көңүл бурушу керек. Биринчиси – албетте, англис тили. Видео көрүп, гезит окуп, англис тилин жакшылап өздөштүрүшсүн. Экинчиден элдин алдына чыгып оюн түшүндүрүп бере алышы керек. Бул аябай маанилүү. Анткени биз келечектеги кыргыз лидерлерин тандап атабыз: алар бул мектептерде жакшы билим алып, андан ары жакшы жогорку окууу жайларына өтүп, Кыргызстанга бир салым кошушат деген ойдомун. Белгилей кетчү жагдай: АКШдагы алдыңкы университеттердин кабыл алуу комиссиялары бул мектептердин бүтүрүүчүлөрүн күтүшөт жана Америкадагы жогорку окуу жайларына өткөн өз абитуриенттеринин окуу акысын UWC биримдиги төлөп берет. Ошол себептен кыргызстандык өспүрүмдөрдүн ушул мүмкүнчүлүктү трамплин катары колдонуп, андан ары Гарвард, Стенфорд сыяктуу университеттерде окушун каалайт элем.

Каалоочулар болсо http://www.uwc.kg сайтына баш багып, ал жактан тийиштүү баракчаларды толтурушсун. Андан кийин биз өзүбүз байланышабыз.

Марлен Токтомаматов достору менен.
Марлен Токтомаматов достору менен.

​UWC мектептеринин алгачкысы 1962-жылы Уэлсте ачылган. Анын максаты дүйнө эки жаатка бөлүнүп турган “кансыз согуш” убагында ар кайсы мамлекеттердин жаштарынын башын бириктирип, билим аркылуу адамзатты тынчтыкка чакыруу болгон. Аталган окуу жайынын билим берүү концепциясы немис педагогу, UWC кыймылынын негиздөөчүлөрүнүн бири Курт Хандын демилгелерине негизделген. Хандын эсебинде, мектеп жалаң эле жогорку окуу жайына өтүүгө эмес, жашоого даярдаш керек жана билим балдарга жашоодогу ар кандай сыноолорго туруштук берүүгө жардам бериши зарыл. Учурда “United World Colleges” (UWC ) биримдигинин 16 мамлекетте 17 мектеби бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG