Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Усманова каракалпак элин капа кылды


Өзбекстандын эл ырчысын Нукустагы "Эл кызматында" гезити сотко берди.
Өзбекстандын эл ырчысын Нукустагы "Эл кызматында" гезити сотко берди.

Нукустагы “Эл кызматында ” гезитинин башкы редактору менен юристи Өзбекстандын эл артисти Юлдуз Усманованы "каракалпак элине акарат келтирди" деп айыптап, аны сотко беришти.

Алар арызда ырчы каракалпактарды басынтып сүйлөгөнү үчүн кечирим сурашын талап кылышкан.

Усманованын айтканы Каракалпакстанды териктирди

Каракалпакстандагы “Эл кызматында ” гезитинин юристи Даврон Тажимурадовдун айтымында, ушул айдын башында Ташкент шаарындагы Мырза-Улукбек район аралык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясы Юлдуз Усмановага каршы доо арызды кабыл алды.

“Ташкенттеги Мырза-Улукбек райондук сотуна кайрылып, арыздандык. Биз арызда Усмановага Каракалпакстан калкынан кечирим суроону мажбур түрүндө ага милдеттендирүүнү соттон сурадык”.

Доо арызды сот өндүрүшүнө кабыл алган соттун катчысы “Азаттыктын” өзбек кызматына процесс кайсы күнгө дайындалганы азырынча белгисиз экенин айтты. Ал Усмановага Кылмыш кодексинин 140-беренесиндеги мазактоо боюнча айып коюлганын билдирди.

Каракалпакстанда Усманованын ZO'R TV телеканалынын “Сиз менен” программасында айтканы нааразылык жараткан.

"Сиздер эмнеге Каракалпакстан?" деп айтышыңыздар мүмкүн. Ал жакта жашаш оңой эмес. Такыр оңой эмес. Бирок бул эл Өзбекстандын чапанынын астындагы калк", - деген болчу Усманова.

Израил чатагына аралашкан Юлдуз

Анын бул сөзүн каракалпак элин мазактап, ага акарат келтирүү катары кабыл алган демилгечи тарап Усмановага каршы доо арызды даярдоого беш ай кетирди.

Ырчынын кайсы бир элдин дарегине карата кемсинтип же басынтып сүйлөгөн мындай сөзү биринчи жолу болгон жок. Усманова өткөндө израил-палестин чатагы курчуп турганда анын антисемиттик мүнөздө сүйлөгөн сөзү интернетте сынга кабылган болчу.

“Израил мамлекетин мен мамлекет деп деле эсептебейм. Алар баскынчы экенин өздөрү дагы жакшы билишет. Ушундай улуу күнү мусулмандардын мечитине кирип барып, ибадат кылчу жерде бейбаштыкты айбан дагы кылбайт”, - деген эле ырчы.

Юлдуз Усманова
Юлдуз Усманова

Усманованын Инстаграм баракчасындагы видео билдирүүгө карата учурда АКШ менен Израилде жашаган бухаралык жөөттөр коому жооп кайтарган. Алар ырчынын Израилде жана АКШда бир топ концерттерин уюштуруп бергенин эске салышып, анын эми Израилге карата айтканы адамгерчиликке жатпай турганын сынга алышкан.

“Бир кезде биз жактырып уккан ырчы Юлдуз Усманова Израил калкы үчүн жагымсыз сөздөрдү айтканы мен үчүн абдан өкүнүчтүү. Израилге концерт коюп келгенсиз. АКШда да болгонсуз. Сахнадан биздин элди "аябай жакшы көрөм" деген элеңиз. Көрсө алдаган экенсиз да. Биз азыр дагы өзбек ырларын сүйүп угабыз. Мен 15 жылдан бери радиодо иштейм. Менин радио берүүм “Музыка чайканасы” деп аталат. Анда Шерали Жураев, Журабек Мурадов, “Ялла” тобунун ырлары эфирден берилет. Сиздин ырларды дагы дайыма коет элек. Эми сиз Израил элинен кечирим сурабасаңыз, анда сиз аткарган ырлар биздин толкундардан жаңырбайт. Биз башка жактардагы кесиптештерди дагы сиздин ырларды угуудан баш тартууга чакырабыз”, - дейт Израил радиосунун түз эфиринен алып баруучу Эммануэль Сулейманов.

Андан мурда Усманова милицияга акарат келтирип, кийин кайра кечирим сураган видеосу чыккан. Ага карабай ырчыга карата административдик тартипте иш козголгон.

Мурдагы президент Ислам Каримовдун тушунда анын Өзбекстанда ырдашына тыюу салынып, Усманова көп жылдар бою чет өлкөлөрдө баш калкалап жүргөн.

Бийлик алмашкан соң кайтып келген ырчы мурда Гүлнара Каримовага арнап ыр чыгарса, эми президент Шавкат Мирзиёевге, керек болсо анын небересине чейин кошуп, сахнага ырдап чыккан жайы бар.

XS
SM
MD
LG