Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Трамп менен Порошенко орус-украин чатагын талкуулады


Авдеевкадагы украин жоокерлери.
Авдеевкадагы украин жоокерлери.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Украина президенти Петро Порошенко 4-февралда сүйлөштү.

Ак үйдүн жаңы кожоюну Украинанын эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө колдоо көрсөтүп, Украинанын чыгышында ок атууну толук токтотууну жактаган. Бул арада кармаш күчөгөн Авдеевкада салыштырмалуу тынчтык өкүм сүрө баштаганы кабарланды.

Ак үйдүн 4-февралдагы маалыматына ылайык, президент Дональд Трамп Порошенко менен сүйлөшүүдө Кошмо Штаттар Украина чыгышындагы кандуу кагылышууларды токтотуу үстүндө иштерин айткан. Эки лидер ошондой эле жакынкы келечекте жолугушууну макулдашкан.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Сүйлөшүүдөн кийин Украина тараткан билдирүүдө “эки лидер ок атуулар толук токтошу керектигин белгилешкени" айтылат. Порошенко Трампка Украинанын “эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө көрсөткөн колдоосу үчүн" ыраазычылык билдирген.

АКШ жана Украина президенттеринин сүйлөшүүсү Украина чыгышында кырдаал кескин курчуган учурга туура келди. Акыркы жумада күчөгөн кармашта 37 киши набыт болуп, Донецктин жанындагы Авдеевка шаарчасында оор гуманитардык абал түзүлдү. Оор артиллериялык аткылоолордон шаарчага суу, электр энергиясын жана жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

4-февралда ок атууну токтотуу боюнча оозеки макулдашуу күчүнө кирип, артиллериялык аткылоо басаңдаганы кабарланды. Ал келишимдин күчүнө кирүүсү менен акыркы күндөрү Украина аскерлеринин өлүмү катталган эмес. Авдеевка шаарчасына жылуулук бериле баштаганы да кабарланды.

Украина президенти Петро Порошенко Авдеевкадагы абал үчүн жоопкерчиликти жикчилдерге жана Орусияга жүктөдү:

- Авдеевка жана Авдеевка индустриалдык аймагындагы кырдаалдын курчушуна жоопкерчилик толугу менен Орусия тарапка жана ал колдогон жоочуларга жүктөлөт. Алар калк жашаган аймактарды аткылап, тынч адамдардын өлүмүнө, журналисттердин жарадар болушуна жана Украина жоокерлеринин өлүмүнө себепкер болуп жатышат.

Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Орусия тарап, тескерисинче, жоопкерчиликти Украинага жүктөп жатат. Президент Владимир Путин Украина Батыштан акча доолаш үчүн Авдеевкадагы кырдаалды курчутууга барды дейт:

- Эмне үчүн ал азыр болуп жатат? Мунун бир нече себеби бар. Украина жетекчилиги үчүн бүгүн акча керек. Акчаны эң жакшысы Европа Биримдигинен, андагы айрым өлкөлөрдөн, Кошмо Штаттардан, эл аралык финансылык институттардан өзүн агрессия курмандыгы катары көрсөтүп алууга болот.

Украина чыгышындагы согушту токтотуу үчүн Европа Биримдиги, Орусия жана Украина Минск келишимдерине жетишкен. Бирок анын аткарылбай жатышы боюнча эки тарап бири-бирин айыптап келатат. Минск келишиминин бузулушунун жаңы көрүнүшү Авдеевкада абалдын кескин курчушу, ал жерде оор куралдарды колдонуу болуп калды.

Авдевканын жаңжалдан кийин көчөдө калган тургундары.
Авдевканын жаңжалдан кийин көчөдө калган тургундары.

Кошмо Штаттардын жаңы президенти Дональд Трамп Украинадагы келишпестикти кандай жол менен чечерин айта элек. Бирок 4-февралдагы Петр Порошенко менен сүйлөшүүлөр көрсөткөндөй, Трамп ок атууларды толук токтотууну жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн сактоону жактайт.

Украина чыгышында кырдаал 2014-жылдагы ыңкылаптан кийин курчуган. Ыңкылап жараткан башаламандыктан Орусия Крымды аннексиялап алган. Ал эми Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарында Киевдеги жаңы бийликке каршы чыккан жикчилдерди колдоп, ошондон бери жаңжал басандабай келатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG