Полиция кеминде 200 адам жаракат алганын билдирип, ок аткан адамды 64 жаштагы Стивен Паддок деп атады.
Окуя Mandalay Bay мейманканасынын айланасында кантри музыкасынын фестивалы өтүп жатканда болгон. Мейманкананын 32-кабатынан автоматчан адам чогулгандарды көздөй ок чыгара баштаган. Көп өтпөй полиция ок аткан кишини атып өлтүргөн.
Лас-Вегастын полициясы шектүүнү "жергиликтүү тургун" деп мүнөздөп, анын максаты эмне болгонун так айта элек. Учурда чабуул боюнча негизги шектүүдөн башка бир аял изделип жатканы белгилүү болду.