Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

Таш-Рабат кербен сарайын оңдоо иштери башталды


Таш-Рабат кербен сарайы.
Таш-Рабат кербен сарайы.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан орто кылымдарга таандык Таш-Рабат кербен сарайын 45 жылдан кийин кайрадан оңдоп, реставрациялоо жумуштары башталганын билдирди.

“Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долборлоо институту тендер жарыялап, комплекстүү илимий изилдөө жана реставрация жумуштары аткарылууда.

Республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтердин мамлекеттик тизмесинде турган Таш-Рабат кербен сарайында акыркы жолу XX кылымдын 70-80-жылдарында реставрациялоо иштери жүргүзүлгөн.

Таш-Рабат 2024-жылдан тартып Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында турат. Буга чейин ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын карамагында болгон.

XV кылымга таандык делген кербен сарайда Борбордук Теңир-Тоо аркылуу өткөн Улуу Жибек жолундагы кербенчи-саякатчылар тейленген. Кербен сарай жалпак таштардан ылайга олтургузуп тургузулган. Анын бийиктиги 20 метрдей, 31 бөлмө бар экени айтылып келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG