Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:48

Билл Клинтон жубайы Хилларини сүрөдү


АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон демократтарды, жалпы америкалыктарды ноябрдагы шайлоодо жубайы Хиллариге добуш берүүгө үндөдү. Экс-мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон өлкө тарыхында ири партиянын атынан президенттикке талапкер катары көргөзүлгөн алгачкы аял-саясатчы болуп калды.

Билл Клинтондун Филадельфияда өтүп жаткан Демократиялык партиянын курултайында сүйлөгөн 50 мүнөттүк сөзүн делегаттардан тышкары улуттук телеканалдан миллиондогон америкалыктар кунт коюп көрүштү.

8-ноябрда жубайы Хиллариге добуш берүүгө чакырып, Клинтон алгачкы аял - президентти шайлоо АКШны мындан да күчтүү өлкөгө айландырарын, мурдагы мамлекеттик катчы, сенатор жана биринчи айым тажрыйбасын эске алганда мамлекет башчылыкка башкалардан татыктуу деп белгиледи.

- Мен өмүрүмдү Хиллари менен өткөргөндүктөн, муну жакшы билем. Аны шайлайсыңар деп ишенем. Келечекке үмүт арткан адамдар балдарынын, неберелеринин эртеңки күнүн ойлошот. Жер шарындагы улуу өлкө ар заман келечегине кам көрүп келгендиктен, Хилларини шайлашыңар керек. Андай кылсаңар, балдарыңар, неберелериңер силерге алкыш айтышат. Кудай силерди колдосун!

​1993-2001-жылдары президенттик кызматты аркалаган 69 жаштагы Клинтон демейдегидей жөнөкөй, калың элге жаккан тилге салып, көп жыл мурун Хиллари менен кантип таанышканын, турмуш курушканын, саясий карьерасын баштаганда жубайы аны кантип колдогонун айтып берди.

Байкоочулар муну менен ал муздак жана элден алыстаган деп сындалып жүргөн Хилларинин образын жумшартууга аракеттенди дешет. Анын алдында төрт күндүк курултайдын делегаттары Хиллари Клинтонду президенттикке расмий талапкер катары тандашты.

Добуш берүүдө ал ички партиялык атаандашы Берни Сандерстен озуп чыкты. Клинтон 4 700дөн ашуун делегаттын жетиштүү добушун алаары анык болуп калганда сенатор анын талапкерлигин жөнөкөйлөштүрүлгөн процедура боюнча бекитүүнү сунуш кылды.

Дүйшөмбү күнү Сандерс өз тарапкерлерин 8-ноябрда Клинтонго добуш берүүгө чакырган. Колдоочуларынын бир бөлүгү буга нааразы болуп, “Бернини каалайбыз” деп ураан чакырып турушту.

Сандерсти жактаган делегаттардын бир тобу Клинтондун талапкерлиги расмий жарыялангандан кийин жыйын өтүп жаткан залдан чыгып кетип, сыртта нааразылыгын улантышты. Бир жерде полиция менен тиреше да кетишти.

“Бул – курултай эмес эле Хилларинин төрт күндүк майрамына айланды. Биз болсо ал жерде ашыкча болуп калдык. Бизге жаман оору жукчу адамдардай мамиле кылып коюшту”, - деди ньюжерсилик делегат Лиз Маратеа.

Курултай башталган күнү демократтар партиясынын Улуттук комитетине кирген мүчөлөрдүн кат алышуусу ачыкка чыгып кеткен. Андан партия лидерлери бейтараптуулукту сактабай, Клинтонго жан тартышканы белгилүү болуп калган. Жаңжалга байланыштуу Улуттук комитеттин төрайымы кызматтан кетти.

Хакердик чабуулга Орусиянын тиешеси бар деген шектенүүлөрдөн улам, бул ишти Федералдык иликтөө бюросу – ФБР териштирип жатат.

Президент Барак Обама шейшембиде NBC News каналындагы интервьюда:

- ФБР иликтөөсүн улантып жатат деп ойлойм. Адистер иштин артында Орусия турганын айтып жатышканын билем. Орусиялыктар өкмөттүк гана эмес, менчик системаларды да бузуп киришкени маалым болду. Бирок кандай максатта жасалганы боюнча эч нерсе айта албайм. Дональд Трамп Владимир Путинге суктанганын улам кайталаганын гана билем.

Ал эми Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия Трампты колдоодо деген америкалык саясатчылардын сөздөрүн акылга сыйгыс деп атады.

Ал тапта "Рейтерс" менен "Ипсос" 26-июлда чыгарган сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, республикачылардын талапкери Дональд Трамп Клинтондон эки процентке алдыда баратканы маалым болду. Миллиардер май айынан бери алгачкы жолу озуп чыкты.

Адатта президенттикке талапкерлердин популярдуулугу партиялык курултайлардан кийин өсөөрү айтылып келет.

XS
SM
MD
LG