Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:19

АКШ: Таразасы оор Шайлоочулар коллегиясы


АКШ -- Барак Обама менен Митт Ромнинин теледебатын көрүп жаткан адамдар. Лос-Анжелес, 22-октябрь, 2012.
АКШ -- Барак Обама менен Митт Ромнинин теледебатын көрүп жаткан адамдар. Лос-Анжелес, 22-октябрь, 2012.

Соңку сурамжылоого караганда, республикачыл Ромнини колдоочулар Обама үчүн добуш беребиз дегендерден анча-мынчага көп.

Бирок ушул эле сурамжылоо Шайлоочулар коллегиясында Обаманын тарапкерлери көбүрөөк экенин көрсөттү. 6-ноябрда болчу президенттик шайлоодо жалпы эл добуш берсе да, жеңүүчүнү алардын эмес, Шайлоочулар коллегиясына мүчөлөрдүн добушу аныктайт.

Талапкерлердин тагдырын аныктоочу Шайлоочулар коллегиясы 538 адамдан турат. Коллегия мүчөлөрү ар бир штаттын элинин санына жараша аныкталат. Эң көп калктуу Калифорния штатында береги коллегияда 55 шайлоочусу бар. Себеби Калифорниядан Конгресске 53 парламентарий жана 2 сенатор шайланса, өлкө борбору Вашингтондо 2 сенатор жана бир парламентарийи болгондуктан, Шайлоочулар коллегиясында болгону 3 добушка ээ.

Курт Ганс Вашингтондогу Америка университетинин профессору. Анын түшүндүрүшүнчө, ар бир штатта Шайлоочулар коллегиясынын добуштарын уткан талапкер өлкө боюнча бардык добуштарды алат.

- Бул шайлоочулардын саны ар бир штаттын Конгресстеги өкүлдөрүнүн санына жараша болот, - дейт профессор Ванс. - Штаттардын Сенатта экиден, Өкүлдөр палатасында бир кыйла көптөн өкүлдөрү бар. Ар бир штатта жеңген талапкер өлкө боюнча бардык добушту алат.

Ушундан келип, президент болуу үчүн талапкерди Шайлоочулар коллегиясынын аз дегенде 270 мүчөсү колдоо керек. 2000-жылкы шайлоодо республикачыл Жорж Буш жалпы өлкө боюнча демократ Ал Гордон жарым миллионго жакын аз добуш алган. Бирок Бушту шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн теңинен көбү колдогондуктан, ал президенттик мөөрөй талашта жеңүүчү деп табылган.

1876-жылы да республикачыл талапкер Ратерфед Хейс жалпы шайлоочулардын теңинен азынын добуш алганы менен, Шайлоочулар коллегиясынын көпчүлүгү аны колдогондуктан президент болуп калган.

1824-жылы президенттикке эки партиядан төрт талапкер ат салышып, алардын бири Шайлоочулар коллегиясынын көпчүлүк добушун албайт. Ошондо Өкүлдөр палатасы Жон Куинси Адамсты президент кылып дайындайт.

1800-жылы Шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн добуштары теңме-тең бөлүнүп калганда, Өкүлдөр палатасы жеңишти Томас Жеферсонго ыйгарып койгон.

Шайлоочулар коллегиясы 1787-жылы калкы аз штаттар президенттик шайлоого көбүрөөк таасир этүүсү үчүн АКШ Конституциясынын аталары тарабынан ойлоп табылган.
XS
SM
MD
LG