Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:16

Обама жана Ромни: соңку соккулар


АКШ президенттигине талапкерлер: Барак Обама менен Митт Ромни Флорида штатындагы дебатта. 22-октябрь, 2012.
АКШ президенттигине талапкерлер: Барак Обама менен Митт Ромни Флорида штатындагы дебатта. 22-октябрь, 2012.

Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (22-28-октябрь)

Өткөн аптадагы батыш басылмаларын барактаганда, дароо эле Америкадагы жакындап келаткан президенттик шайлоо тууралуу макала, анализдер көзгө чалдыгат. Ошону менен бирге апта соңундагы дагы бир чоң жаңылык - Италиянын көп жолку премьер-министри, бул мамлекеттеги эң эле атактуу саясатчы жана медиа магнат Сильвио Берлусконинин төрт жылга түрмөгө кесилгени тууралуу кабар болду окшойт.

Берлускони өзү айткандай, ага тиешелүү бизнестер боюнча 100гө жакын иш козголуп, баш-аягы 2500 жолу тергөөгө чакырылса да, буга чейин бүт баарынан аман-эсен кутулуп келген эле. Бирок кечээ жакында Милан шаарынын соту аны төрт жылга кесип, бирок дароо эле амнистияга шылтап түрмө мөөнөтүн төрт жылдан бир жылга кыскартыптыр.

Батыш басма сөзүндө мындан башка да бир катар темалар талкууланды, ошондуктан сөздү Америкадагы шайлоо тууралуу макалалар менен улайлы. Америкадагы президенттик шайлоо өнөктүгү аягына чыгаарына бир жумадан бир аз көбүрөөк убакыт калды. 6-ноябрь күнү Американын жарандары мамлекет башчысы кылып же Обаманы, же Ромнини тандашат. Эң кийинки сурамжылоолорго караганда азыркы президент Обаманын шансы көбүрөөк, бирок Ромни да колунан келгендердин баарын жасоодо.

The USA Today гезитинин пикирине караганда, кимге добуш берээрин билбегендер дале болсо толтура. Айрыкча Огайо штаты менен Айованын шайлоочулары дале болсо олку-солку, ошондуктан ушул эки штаттын шайлоочуларын байкоочулар тагдыр чече турган шайлоочулар деп атоодо. Огайо менен Айованын элин ким өзүнө тартып кетсе, ошол Американын президенти болот дешет байкоочулар.

Эгер ушу азыр шайлоо болгондо, Обама бул эки штаттан 49 пайыз добуш алып утуп, Ромни 44 пайыз менен азыркы президентке утулмак экен, деп жазды Time журналы акыркы номурунда. Ал эми Лондондон чыккан The Guardian гезити Митт Ромни кийинки убактарда бир топ ийгиликтерге жетишип, башынан эле биринчи орунду ээлеп келаткан Обаманы рейтинг жагынан кадимкидей кууп жетип калганын жазды. Анын себеби Митт Ромни адегенде эл көзүнө Америкадагы чириген көп байлардын бири, 200 миллиондон ашуун акчасы бар бизнесмен, жалаң эле аялы эки жапжаңы Cadillac маркасындагы кымбат баалуу машина минген бай, ал гана эмес машиналары үчүн да атайын лифт жасатып койгон мультимиллионер катары көрүнүп келсе, кийинки учурда Ромни саясатчы катары имиджин кадимкидей оңдоп алды. 12 миллион жаңы жумуш орундарын түзөм, салыктарды 20 пайызга төмөндөтөм деп бекем убадаларды берип отуруп, азыр Ромни өз рейтингин алда канча жогорулатты, дейт жогоруда аталган The Guardian.

Ушуга байланыштуу аналитикалык жумалык Stratfor Америкадагы азыркы шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу макалага орун берди. Анда Обама менен Ромнинин акыркы телетаймашы тууралуу ой жүгүртүп келип, журнал деле президенттик шайлоодогу бетме-бет айтыштын мааниси жана негизги максаты - атаандаштардын кулк-мүнөзүн, акылын, интеллектин тереңирээк билүү деп белгиледи. Маселен, Обама атаандашы Ромнини ар дайым калпты шыпырткан жалганчы, тышкы саясатты түшүнбөгөн губернатор, кокус шайланып калса Жорж Буштун каталарын дагы кайталайт деп шайлоочуларды коркутууда.

Ромни болсо Обаманы Американын аброюн түшүрүп, күчтүү мамлекет катары эл аралык кадырын кетирди, мамлекеттик карызды, жумушсуздукту көбөйттү деп айыптап, айтор бири-бирине асылуу, айып тагуу, керек болсо келекелөө ушу тапта эң бийик чегине жетти.

Strator журналы жазгандай, эң биринчи бетме-бет айтышууну баштаган Авраам Линкольн болуптур. Ал эми телевизордо айтышуунун чыныгы көркү алгачкы ирет Жон Кеннеди менен Ричард Никсон таймашканда чыгып, таймашты 80 миллионго жакын адам көрүп, ошондо телеэкрандан жаш да, тың да, күч-кубаттуу да көрүнгөн Кеннеди президенттик жарышта чоң артыкчылык менен жеңип кеткен экен.

Кыскасы Обама менен Ромнинин президенттик үчүн таймашы азыр апогейине жетип, бул ат салышты Америка эле эмес, бүт дүйнө зор кызыгуу менен карап турган кези.

Эми жогоруда учкай айтылып кеткен Италиянын мурунку премьер-министри Сильвио Берлускони жана анын түрмөгө кесилиши тууралуу макалаларга да кыскача токтоло кетели. Макалалардын аттары эле көп нерсени айтып турат: “Берлускони: жеңиш жана жеңилүү”, “Берлускони: саясаттагы ашуулар”, “2500 жолу тергөөчүлөргө сурак берген саясатчы” жана башка. Маселен, The Telegraph гезити көп жолу өкмөт башчысы болуп иштеп, бир катар телеканалдарга, Милан шаарынын атактуу футбол командасына, кинокомпанияларга, толуп аткан башка бизнестерге ээлик кылган “кабальеро Сильвио” тууралуу атайын макала жарыялап, өмүр бою жалаң чыр-чатак, уу-чуу менен жашаган, бирок ошого карабастан бир нече жолу премьерликке көтөрүлгөн бул саясатчынынын тегерегиндеги уу-чуу муну менен эле бүтпөсүн, эмки сот жараяны Берлусконинин жеңил ойлуу бийкечтер менен, болгондо он сегизге жашы толо элек кыздар менен жасаган аморалдык иштери боюнча жүрөөрүн жазып чыкты.

Орустун “Новая газета” басылмасы Маким Бакиевдин Лондон полициясына өз эрки менен келип сурак берип, аны кармоо Американын укук коргоо органдарынын суроосу боюнча болгонун маалымдады. Гезиттин жазганы боюнча, Максим Бакиевдин 2010-жылдан 2012-жылга чейин Америкада жасаган иштери баалуу кагаздарды колдонуудагы “көз боёмочулук”, “укук коргоо органдарынын ишине атайылап тоскоолдук кылуу” саяктуу кылмыштар катары бааланат экен. Ошону менен бирге, дейт “Новая газета”, мурунку кыргыз президентинин уулунун өз эрки менен Лондон полициясына келип бериши азыркы кыргыз бийлик башыларын да абдан тынчын алууда. Себеби Максим 2010-жылдагы төңкөрүштүн анабашыларынын иштери, кылмыштары тууралуу көп компроматтарды эми ачыкка чыгарышы мүмкүн.

10 жылдан 15 жылга чейин түрмөдө отургандан көрө Максим Бакиев Американын тергөө органдары менен келишимге барат да, болгон картасынын баарын ачат. Бирок ошол компроматтар кимдин колуна түшөт, ал компроматтарды АКШ саясий максаттар үчүн колдонобу же жокпу - бул азырынча жоопсуз суроо, дейт “Новая газета”.
XS
SM
MD
LG