Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:21

"Темир гепард" тоскоолдукту тоготпойт


"Темир гепард" саатына 16 чакырымга чейин чуркай алат
"Темир гепард" саатына 16 чакырымга чейин чуркай алат

АКШнын Сан-Диего шаарынын студенттери адамдын денесин бирдей температурада кармап туруучу текстилден кийим тигүүнүн үстүндө иштеп жатканы кабарланууда. Ал эми Массачусетс окуу жайынын окумуштуулары төрт буттуу "темир гепард" жасап чыкканы белгилүү болду.

Калифорния университетинин жаш окумуштуулары "Аттач" деп аталган долбоордун алкагында жылуу жана муздак абаны камсыз кылып бере турган функциясы бар кийимдерди жасап чыгуу идеясын ишке ашырууда.

Алардын айтымында, бул идея ишке ашса, үйдү же коомдук эмеректерди жылытуучу энергияны үнөмдөгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. "Акылдуу" текстилден тигилген кийимдер адам денесин 33 градус жылуу температурада кармап турганга жөндөмдүү.

Бул өзгөчө текстилге кошулган полимердин жардамы менен "акылдуу" кийим сырттагы температурага жараша калың жана жука болуп формасын өзгөртө алат. Ошонун негизинде адам денеси бирдей температурада кармалып турат.

Мындан сырткары бул "акылдуу" кийимдер термоэлектриктердин жардамы менен ар бир адамга ылайыкталып, дененин кээ бир бөлүктөрүн жылуу же салкын температура менен камсыз кылып бере алат.

Бул долбоор энергияны үнөмдөөгө эффективдүү деп эсептелгендиктен, АКШнын Энергетика департаментинен 2,5 миллион доллар грант утуп алган.

Жакынкы келечекте "акылдуу" кийимдердин дизайндары иштелип чыккандан кийин алар колдонууга берилип, текшерилмекчи.

Гепард робот пайда болду

Ал эми Массачусетс окуу жайынын студенттери "гепард" деп аталган робот жасап чыгышты. Аты айтып тургандай эле бул робот гепард сыяктуу чуркай алат жана жолундагы тоскоолдуктардан секирип өткөнгө жөндөмдүү.

"Темир гепард" саатына 16 чакырымга чейин чуркай алат жана ал лазердик визуалдык система менен жабдылган. Чуркап баратканда визуалдык системанын лазер нуру жолундагы тоскоолдуктун көлөмүн кайра чагылдырып, роботтун "мээсине" маалымат берилет. Бул төрт буттуу роботтун "мээсинде" жолду аныктоочу ар кандай алгоритмдик программалар жүктөлгөндүктөн, алдынан чыккан тосмонун бийиктигине жараша тийиштүү алгоритмдин командасы менен ал тосмодон секирип ашып өтө алат.

"Темир гепардды" жасап чыккан окумуштуулардын айтымында, тегиз тактайдын үстүндө чуркаганда гепард-робот жарым метрдей бийик тосмолордон секирип өткөн.

Эми адистер бул төрт буттуу роботту таштак жерден чуркатып жана секиртип көрмөкчү.

Эксперттердин айтымында, чуркап баратып жолундагы объектти аныктап, анын үстүнөн секирип өтө турган робот буга чейин жасала элек болчу.

XS
SM
MD
LG