Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:42

Смартфон баланы "роботко" айлантабы?


Смартфондордун балдардын психикасына зыяны аныкталды
Смартфондордун балдардын психикасына зыяны аныкталды

Смартфондор балдарды аутизмге түртүп жатат деп кабарлайт Оксфорд университетинин окумуштуу-психотерапевти Иан Макгилкрист.

Смартфон жана планшет менен ойноп чоңойгон беш жашка чейинки балдар адамдын эмоциясын жакшы түшүнбөй, жалдырама болуп калууда. "Кабак, көз караш менен туюндурчу маанайды наристелер жакшы түшүнбөй калууда",- дейт Иан Макгилкрист.

Психотерапевт ата-энелер ушундан улам балага смартфон жана планшет менен ойноо убактысын азайтып же эс-акылы токтолгуча бербей деле койгон оң болорун белгиледи.

Таза суу гана керек...

Англиялык окумуштуулар балдарга тамактануу учурунда мөмө-чөмө ширеси же чайдын ордуна, таза суу гана берүүнү сунуш кылууда. Мындай ыкма балдар арасында массалык көрүнүшкө айланган ашыкча салмактын алдын алат дешет.

Диетологдордун ою боюнча шире, чай сыяктуу ичимдиктерге шекер салынгандыктан калориялуу деп эсептелет. Ашыкча салмакка каршы иш алып барган окумуштуулар шекерден баш тартууга чакырууда.

Ал арада Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да күнүмдүк шекердин көлөмүн азайтууну жана шекерлүү азыктарды чылым сыяктуу кабылдап, салыгын жогорулатууну сунуштап жатат. Ашыкча таттуу тамак жеген адамдын кан тамырлары ичкерип, жүрөк оорусуна чалдыгуу коркунучу артат жана салмак кошо баштайт.

Тиннитусту айыктырууга болбойт

"Эл арасында "кулактын чуулдашы", илимде тиннитус деп аталган ооруну айыктыруу өтө кыйын дешет окумуштуулар. 50 жаштан улууларда көп кездешкен тиннитус кереңдиктин баштапкы белгилери" деп жазат Current Biology журналы.

Тиннитус добуштарды кабыл алуу нервдеринин бузулуусунан улам келип чыгат. Анда адамдын кулагына чуулдаган же шыңгыраган үндөр угула бериши мүмкүн. Бара-бара бул угуу нервдерин толугу менен өлтүрүшү ыктымал дейт илимпоздор.

Булганган аба мээге зыян

Абанын булгануусу улгайган адамдардын нерв системасын катуу жабыркатат деп кабарлайт Америкада чыккан Stroke журналы. Ири шаарлардагы булганыч абадан улам картаң кишилер арасында эс-акылын жоготуп койгон дементия, альцгеймер сыяктуу дарттар көбөйүүдө. Машинадан бөлүнүп чыккан уулу зат мээнин активдүүлүгүн бир нече жылга эрте өлтүрүп, мээдеги зат алмашуу процессин жайлатууда деп эсептейт Бостондогу "Без Израил" медицина борборунун догдуру Элисса Уилкер. Ошондой эле абасы таза эмес шаардын улгайган адамдары эрте эле инсультка чалдыгып жатышат. Изилдөөгө жашы 60тан улуу 943 адам катышкан.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG