Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Түштүк Корея менен АКШнын ири аскердик машыгуусу


АКШнын аскердик учактары.
АКШнын аскердик учактары.

Кошмо Штаттар жана Түштүк Корея 4-декабрда ири аскердик машыгуусун башташты. Корей жарым аралында өткөрүлүп жаткан бул иш-чара эки өлкөнүн кызматташтыгынын тарыхындагы эң чоң аскердик машыгуу болуп калмакчы. Пхеньян бул машыгууларды "аскердик чагым" деп атап, ал үчүн Вашингтонду айыптады.

8-декабрга чейин улана турган АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аба аскердик машыгууларына 230дай учак тартылды. Алардын арасында соңку үлгүдөгү "F-22 Raptor", "F-35" ок атуучу учактары да бар. Ошондой эле машыгуу учурунда Түштүк Кореянын жоокерлерине АКШнын 12 миңдей деңиз аскерлери кошулат.

Иш-чаранын максатын Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Мун Саң Гюн дүйшөмбүдө мындайча түшүндүрдү:

- Түштүк Кореянын Абадагы аскердик операцияларынын командачылыгы жана АКШнын Жетинчи аба күчтөрү эки өлкөнүн аскердик күчтөрүнүн биргелешкен кызматташтыгынын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу максатында 8-декабрга чейин "Vigilant Ace" деп аталган машыгууларды өткөрүшөт.

АКШнын соңку үлгүдөгү F-22 Raptor истребители Түштүк Кореянын Гвангу аскерий базасында.
АКШнын соңку үлгүдөгү F-22 Raptor истребители Түштүк Кореянын Гвангу аскерий базасында.

​АКШ армиясынын билдиргенине караганда, биргелешкен машыгуу Корей жарым аралында тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылыш үчүн эки тараптын даярдыгын жана күжүрмөн дараметин чыңдайт.

Машыгуулар Түндүк Корея соңку континент аралык ракетасын учургандан бир аптадан кийин башталды. 28-ноябрда Пхеньян өзү "эң кубаттуу" деп атаган баллистикалык ракетасын сынап, ракета оор дүрмөт алып жүрө алаарын жана АКШнын материктик бөлүгүнө жете алаарын билдирген.

29-ноябрда сыналган "Хвансонг-15" континенттер аралык баллистикалык ракетасы.
29-ноябрда сыналган "Хвансонг-15" континенттер аралык баллистикалык ракетасы.

Ал эми коңшулаш Түштүк Кореяда башталган машыгууну Пхеньян “чагым” деп атап, ал “кандай болбосун” өзөктүк куралга байланышкан чатакка жол бериши мүмкүн экенин белгиледи. Бул тууралуу мамлекеттик агенттиктер жазып, КRT телеканалынын алып баруучусу түз ободо билдирди:

- Эгер Корей жарым аралы жана дүйнө АКШнын өзөктүк согушту каалап жатканынан улам ушундай согушка аралашса, бул үчүн Вашингтон толук жоопкерчиликти өз мойнуна алышы зарыл.

Өлкөнү тынчтык жолу менен бириктирүү боюнча Түндүк Кореянын комитети Трампты "акылсыз" деп атап, машыгуулар ансыз да чыңалып турган Корей жарым аралындагы кырдаалды өзөктүк согушка жакындатып жатканын билдирген.

Түндүк Корея Улуттар Уюмунун резолюцияларына карабастан, быйыл эле жыйырмадан ашык ракетасын, анын ичинде континент аралык баллистикалык ракетасын эки жолу сынап, алтынчы ирет өзөктүк жардыруу да өткөргөн. Пхеньяндын соңку сыноосунан кийин АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Вашингтон Түндүк Корея менен согушту каалабай турганын, бирок Пхеньян "улантып жаткан агрессия актылары" согушка алып келсе, "режим толук жок кылынарын" эскерткен.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер Ким Чен Ынга басым жасай бериш керек экенин жекшембидеги билдирүүсүндө айтты:

- Түндүк Кореянын режими жана өзүнүн өзөктүк куралын андан ары өнүктүрүү боюнча анын тынымсыз аракеттери Кошмо Штаттарга жана дүйнөгө эң чоң коркунуч жаратууда. Ошондон улам биз эл аралык деңгээлде бардык өнөктөштөрүбүз менен чогуу иш алып барышыбыз маанилүү. Биз Ким Чен Ынды ынандырып, бул аракеттердин уланышы режимди жана Түндүк Кореянын бийлигин туюкка кептей турганын жеткиришибиз керек.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастер.

​Орусия АКШ менен Түштүк Кореяны бул аскердик машыгуулардан баш тартууга чакырган.

Түштүк Кореяда Түндүк Кореянын агрессиясына жол бербеш үчүн АКШнын 28 миңдей аскери жайгашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG